КЫРГЫЗ МУШКЕРИ АКШда ЧЕМПИОН БОЛДУ

Кыргыз мушкери Зулкарнайн Камчыбеков ММА боюнча америкалык уюмдун чемпиондук курун тагынды. 2-апрелде Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында өткөн CFFC 95 (Cage Fury Fighting Championships) турниринин алкагында Камчыбеков америкалык Жесси Смит менен титулдук беттешке чыкты. Кыргыз мушкери атаандашын экинчи раундда техникалык нокаут менен утуп, чемпиондук курдун ээси болду. Ал эми атаандашы Жесси Смит алгач ирет жеңилүү ызасын тартты. Зулкарнайн профессионалдык карьерасында жалпысынан 8 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишкен.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 957, 8-14-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан