Жакут Сыдыков, куудул: “ПАНДЕМИЯДА МЕН ДЕЛЕ АЧКА КАЛГАМ”

Өзүнүн сөзү менен айтканда, апасынын бир "штук" уулу, колунда бир "штук" розасы бар куудул Жакут Сыдыков төкмөлүк өнөргө аттанайын деп жаткан учуру. “Мурун жамактатып төгүп жүрчүмүн, канымда бар, кадимки Тоголок Молдонун чөбүрөсүмүн” дейт ал. Куудул жашоосундагы жаңылыктары, чыгармачылыктагы ийгиликтери, жан дүйнөсүнүн сырлары менен бөлүштү.

– Саламатсызбы, Жакут мырза? Концерттерден акындардай эле төгүп жатканыңызды көрдүм, бул өнөрүңүз мурун бар беле?

– Саламатчылык! Ачыла элек бир топ талантым да, сырларым да бар, сиздерге бүгүн ачылайын (күлүп). Төкмөлүккө башынан эле кызыкчумун. Бирок тартынчаак болгонум үчүн, төкмөлүктү өнөрдүн төрөсү деп билгеним үчүн даабай жүргөм. Жакында Тоголок Молдо атабыздын 160 жылдыгына карата өткөн айтыштын тандоо туруна катыштым. Тилекке каршы, өтпөй калдым. Эл аты-жөнүм айтылганда сахнага Тайсон чыгып жаткандай эле сүрөп, кыйкырып колдошту эле. Сүрдөп кеттимби, иши кылып жакшы айтыша албай калдым. Негизгиси, кадам жасап алдым, мындан ары алып кетем деп турам. Азыр той алып барсам деле, концерттерге катышсам деле жамактатып төгүп алып барганга, тамашалаганга аракет кылып жатам. Эл күлдүрөт деп күтүп жатса, мен жамактатып баштасам таң калып жатышат. Эл эмес, өзүм деле таң калып жүрөм (күлүп). Кадимки Тоголок Молдонун чөбүрөсү болом. Буга чейин айтчу эмесмин, эми айтайын деп чечтим. Куудул катары таанылдым, ырдап калам, манас да айтчу элем, кийин айтпай калдым. Жакут Сыдыков айтпаса да, Дөөлөт Сыдыков айтып турсун деп жол бошотуп турам (күлүп).

Негизи кыргыздын баары эки сөздүн башын кошуп жамактатып сүйлөгөн калкпыз. Мисалы, колумда чоңойгон Нурмат Садыровдун да жамактатып төгүп койчу жайы бар. Мирлан Баековдун чымындары бар. Сыймык Бейшекеев чоң төкмө акын, бирок элдин алдына чыкпайт.

– Сөзүңүздүн арасында “артист десе эле бай деп ойлойсуңар” деп калдыңыз. Жашоо тиричилик кантип жатат?

– Шүгүр, атым жасалып калган экен. Эл 5 баламды, 1 аялымды кошуп багып жатат. 20 жылдан бери сахнада жүрөм. Башка ырчыларга окшоп бизнес да кыла койгон жокмун. Жакут Жакут болгону семичке сатып көргөн жок. Гастролго көп чыктым, мен барбаган район же айыл жок болуш керек. Бир ай жүрсөм, 10-15 миң сом таап келем. Үй куруп же эл катары машине мингенге акча арткан жок. Карапайым эле жашап келем. Пандемияда жеке баракчага көп адам жазып менден жардам сурашты. Эрнест Бөрүбаев жардам берип жүрсө, бул дагы жардам берет деп ойлоштубу же жүзүм жардам бере калчудай көрүнөбү билбейм (күлүп).

Мага ыңгайсыз болду, пандемияда мен деле ачка калгам. Сыймык Бейшекеев баштаган чыгармачылыкта жүргөн инсандар эл катары мага да азык-түлүк таратышкан. Алдым, абалым ошондой болчу.

Быйыл үй салайын деп чапкылап жүрөм. Анткени карасам кечээ эле чыккан 10-15 жаш кичүү инилерим эбак наамдарды алышыптыр. Мен Кыргыз Республикасынын тамак сиңирген артисти боюнча эле калыптырмын. Мамлекет баалабаганы менен, эл баалап, жол чыракта турганда таанып, күлүп салам берип өтүшөт. Ким билет, мага күлүп жатышабы, же эски машинеме күлүп жатышабы (күлүп). Ошентсе да мага жагымдуу. Балдарым чоңоюп калды. Улуусу 11-класска келди, эртең эле үйлөндүрүш керек болот (күлүп). Быйыл сөзсүз үй салам деп жатам. Времянкам бар, короомду тосуп койгом, “зыңк” дарбазам бар. Аны да шайлоодо иштеп кымбат салдырып коюптурмун, ошого шүгүр (күлүп). Өмүрүмдө чоң акча кармабаган жаным ат көрбөгөн минип өлтүрөт болдум окшойт. 12 миң доллар алгам, бирок кармалып калганы ошол дарбаза эле болду. Келинчегим экөөбүз жарнамадан эмне чыкса ошону алып келип жеп, укмуш болгонбуз (күлүп). Ошентип да жашап көрөйүн дедим. Жашадым. Негизгиси, мен байлыкты бактылуулук деп эсептебеген адам экенмин. Баса, чоң жаңылыгымды унутуп кетип жаткан турбаймынбы, "Артист" деген комедиялык тасма тартканы жатам. Сценарийи жазылып, тартуу иштерин баштайлы деп турабыз. Мен сыяктуу кедей артисттин жашоосун тартканы жатам. Анын элден уялганы, жан дүйнөсү, чыгармачылыгы тууралуу тасма. Баштан өткөн окуялар да камтылат.

– Кандай күйөөсүз деп сурагым келди...

– Үй-бүлөмдү жакшы көрөм. Келинчегимди барктап, баалап турам. Анын кадырын кийин билип калдым. Мурун жөн эле жакшы көрчү экенмин, эми баалайм. Үйлөнүү үлпөт тоюбуз болгон эмес, азыр көңүлү болсо өткөрүп бергим келет. Биздин таанышканыбыз да кызык. Мен батирге чыгып, ошол үйдүн кызын көрүп жактырып калгам. Келинчегим батирде жашагандарга “короону кезектешип шыпыргыла” деп кыйын болуп калчу да. Ошондо ичимден “өмүр бою сен менин үйүмдү шыпырып каласың го” деп койдум эле. Ошондой болду, жүрөт үйдө шыпыргысын көтөрүп (күлүп). 5 баланын ата-энеси болуп, бактылуу жашап келе жатабыз.

– Бакма бала болгонуңузду көп айтып келесиз. Бала кездеги ошол өксүк толот бекен?

– Тескерисинче, өксүк азыр бар. Багып алган апам каза болуп калды. Ал мени эч нерседен кем кылбай чоңойткон экен. Эрке баласы элем, апам барда дүйнө тегиз эле. Мен аябай оорулуу бала болуп төрөлүптүрмүн, “мал болбойт” дешиптир. Баккан апам шорпого киринтип, эмдеп-домдоп жүрүп адам кылып алыптыр. Кийин өзүмдүн ата-энем, бир туугандарым бар экенин билгем. Төрөгөн апам менен катышам, ал Ысык-Көлдө турат. “22 жыл эмнеге мени издеген жок?” деп ойлонуп калам. Бирок ошол замат “балким, күйөөсүн сыйлагандыр, кайын эжесине берип коюп, талашып жүрөмбү деп ойлогондур” деп өзүмдү жооткотом. Апамдын айтканынын баарын эле кылганга аракет кылам, бирок ортобузда бир дубал турат. Мээримдүү эмесмин го апама, же тилин таба албаймынбы?.. Айтор, эне-бала катары чоң иштерди кеңешип турам. Үч апам бар, баккан апам, төрөгөн апам, анан атамдын экинчи жубайы. Үчөө тең жүрөгүмдө.

– Алдыда кандай пландарыңыз бар?

– Чыгармачылыкка көп мээнет кылдым деп ойлойм, бирок ооматым келе элек. Бирөөгө тез, бирөөгө кеч берет экен. Бир күнү менин башыма да чыгармачылык оомат келет. Буга 100 пайыз ишенем. Быйыл эл тынч болуп турса, жеке концертимди берсем деп жатам. Эл тынч болсунчу, калганынын баары болот!

– Маегиңизге рахмат!

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
“Жубайым бул маекти көрүп, үйгө барганда мени урушушу мумкүн” дейт Жакут Сыдыков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Noon
2021-04-20 00:03:46
Аллахым ооматынызды берсин!
+2
amirrus
2021-04-20 06:20:25
Ушу наалыганын наалыган экен да Жакут, мээнет кылсан созсуз ыраатын коросун,алты санын аман наалыба элдин баарында эле койгой бар сендей эле
-5
№ 958, 15-21-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан