Алматы шаарында 13-апрелде күрөш боюнча Азия чемпиондугу башталды. Грек-рим күрөшү боюнча алгачкы күнү килем үстүнө чыккан балбандар Атабек Азизбеков 2-орунду, Мурат Рамонов, Кайрат Түгөлбаев, Нурмухамед Абдуллаев 3-орунду, Урмат Аматов 5-орунду ээледи. Мелдештин экинчи күнү Руслан Царев, Калидин Асыкеев атаандаштарын жеңип финалга чыгышса, Амантур Исмаилов жарым финалда жеңилип калды.
Мелдеш 18-апрелге чейин уланат. Алдыда кыз-келиндер, эркин күрөш балбандары күч сынашат.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.