Төлөгөн Мамыров, ырчы: “ҮЙҮБҮЗДҮ ӨЗ КОЛУБУЗ МЕНЕН КУРГАНБЫЗ”

Ырчы Төлөгөн Мамыровдун Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылындагы үйүнө конокко бардык. Тоо этегинде жайгашкан 2 кабаттуу, 8 бөлмөлүү үйдү Төлөгөн мырзанын үй-бүлөсү биргеликте курушкан экен.

– Ата-энем чыгармачыл адамдар. Атам Көк-Жар балдар музыкалык мектебинде мугалим. Апам болсо Маданият үйүнүн директору. Мен ырчы, музыкант. Үйдүн кире беришинен эле музыка “даамданып” турсун деп дарбазабызга ноталардын сүрөтүн түшүрүп жасап алганбыз.

– Тааныштырууну экинчи кабаттан баштайын. Анткени ушул кабатка көбүрөөк укугум бар. Ата-энемдин үйүнөн ушул экинчи кабатты “ижарага” алып жашап жатабыз. Батир акысын кызмат кылып төлөйбүз. Акысы аябай кымбат, көп иштейбиз (күлүп).

– Досторум, тааныштарым келгенде ушул бөлмөдө коноктойбуз. Төрдөгү сепке келген төшөктөр, кайненем өз колу менен мага тигип берген (күлүп).

– Бир жылдын ичинде алган сыйлыктарым. Ага чейинкилери Бишкекте.

– Эртеден кечке эшикте талаа жумуштары менен алек болуп, мал-жан карап, кечинде ушул бөлмөдө эс алабыз. Мен жерге жатканды жакшы көрөм, ошондуктан бөлмөбүздө керебет жок.

– Шкафта сахнага кийген кийимдерим бар. Жалкоо кишимин, эч нерсени ойлонбойм. “Токчулуктун белгисимин, билесиздер. Турган турпатыма кандай костюм жарашса, ошондой тигип бергиле” деп тигүүчүлөргө барам. Алар өздөрү билип тигип беришет.

– Гүл адамдын маанайын көтөрөт. Апам гүлдү жакшы көрүп карайт. Келинчегим апамдан үйрөнүп жатат. Мен да гүлдөрдү жакшы көрөм, үйлөнгөнгө чейин апама жардам берип карашчумун.

– “Жубайыма” аттуу чыгарманын обону ушул бөлмөдө жаралган. Ушул бөлмөнүн туш кагаздарын чаптап жатканда дем алайын деп бир аз отурганда эле аккордеонду колго алып, обон жаратып калдым. Атама угузсам “шедевр экен! Буюрса, бул чыгарма сага көп ийгиликтерди алып келет” деди. Чын эле көп ийгилик алып келди. Бул чыгарманын сөзү Тайырбек Эрматовго таандык. Сөзүн окуп, аябай таасирленип, обон жазгым келип жүрүп жаздым.

– Айылда туруп ушинтип балкондон карайбыз. Биз деле “балконскийлербиз” (күлүп).

– 1-кабатты "ижарага" алган эмеспиз. Кожоюндар жашашат. Ошондуктан үстүртөн эле тааныштырайын. Бул веранда. Жайында ушул жакта эс алабыз, чай ичебиз.

– Ата-энем конокторун ушул бөлмөгө тосушат. Фортепианону мен төрөлгөндө “уулубуз музыкант болсун” деп ырымдап алышкан экен. Азыр ошол ниет ишке ашып жаткан учур. Бул кабатта мындан башка ата-энемдин уктоочу бөлмөсү, дагы башка бөлмөлөр бар.

– Фонтан жайында короого көрк берип, эс алдырат, суунун шаркыраганынан мээң сергийт. Чыгармачылыгыма бул фонтандын да салымы бар, эргүү берет.

“ЖАРАТЫЛЫШ ЭРГҮҮ БЕРИП, КӨП ЧЫГАРМА ЖАРАТТЫМ”

– Төлөгөн, үйдү сатып алдыңар беле?

– Жок, фундаментинен чатырына чейин өз колубуз менен 2014-жылы курганбыз. Уста салган жокпуз. Мураталы, Майрамбек аттуу инилерим бар. Алардын устачылык жөндөмү күчтүү. Мен аларга жардам бердим.

– Жакшы. Үйүңүздөр сонун жерде жайгашыптыр...

– Ооба, тоого жакын, суунун башында. Абасы таза жер. Күндүн батканы өзүнчө керемет көрүнүш. Ушундай жаратылышта жашап мен эргүү албай, ким эргүү алат? Айылда жүрүп, чындыгында, бир топ жакшы чыгармаларды жаратып жатам.

– Буга чейин Бишкекте эмгектенип жүргөн экенсиз. Эми бул жакта жашайсызбы?

– Жок. Мен айылга бир жыл мурун бир досумдун үйлөнүү тоюна эле келгем. Анан апам “үйлөнмөйүнчө кетпейсиң. Кетип калсаң апаң жок деп эсепте” деп шарт коюп алып калган. Ошондон бери ушул жакта жүрөм. Үйлөндүм. Иним үйлөнсө биз бөлүнөбүз.

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Төлөгөн Мамыров: "Эки кабаттуу үйдү устасы жок өзүбүз салганбыз"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 958, 15-21-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан