Алматы шаарында 9-11-апрелде күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чөлкөмүндө Олимпиадага жолдомо берүүчү мелдеш болуп өттү. Ага күрөш боюнча Кыргыз курама командасынан 14 балбан барган. 6 спортчу жолдомо менен кайтып кыргыз элин кубандырды. Турнирде жалпысынан 18 медаль топтому жана 36 жолдомо ойнотулган.
Грек-рим күрөшү боюнча барган 5 балбандын үчөө жолдомо менен кайтты. Финалдык беттеште Жоламан Шаршенбеков кытайлык балбанды, Акжол Махмудов япониялык Шохей Якибуну утуп алтын байгеге ээ болсо, Үзүр Жусупбеков финалда ирандык балбанга жеңилип, күмүш медаль тагынды. Ал эми Роман Ким 6-орунду, Марлен Асыкеев 8-орунду ээледи.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча барган 3 кыздын экөө жолдомо алды. Айпери Медет кызы төрт беттешти удаасы менен жеңип, мөөнөтүнөн мурда жеңүүчү аталып, алтын медаль тагынса, Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык балбандан жеңилип, күмүш байге алды. Ал эми Назира Марсбек кызы 5-орунду камсыздады.
Эркин күрөш боюнча 6 балбан барган. Жалгыз Эрназар Акматалиев алтын медаль тагынып, аны менен бирге жолдомонун ээси болду. Ал эми Бекболот Мырзаназар уулу, Эламан Догдурбек уулу жана Айаал Лазарев 3-орунга, Нуртилек Карыпбаев менен Сымбат Сулайманов 5-орунга татыды.
Турнирдин жыйынтыгында, Кыргыз өлкөсү менен Кытай 6дан, Өзбекстан, Монголия, Иран 5тен, Казакстан 3, Корея, Япония, Индия 2ден жолдомо утту.
Эске салсак, буга чейин балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, суучул Денис Петрашов жана жөө күлүктөр Юлия Андреева, Дарья Маслова, Мария Коробицкая Олимпиадага жолдомо алышкан.Акжол Махмудов: “КУБАНУУГА АЛИ ЭРТЕ. БОЛГОНУ ЖОЛДОМО АЛДЫМ”
Кыргыз куржунун алтын медаль менен толуктап, аны менен бирге Олимпиада оюндарына жолдомо алып келген балбандардын бири Акжол Махмудовду ийгилиги менен куттуктап, кепке тарттык.
– Салам, Акжол, жеңиш, Олимпиадага жолдомо кут болсун! Сезимдер кандай?
– Чоң рахмат. Сезимдер, эмоциялардын баары Алматыда калды. Жеңишти майрамдап сүйүнүүгө эч кандай негиз жок. Кубанууга али эрте. Болгону Олимпиадага жолдомо эле алынды. Олимпиаданын алтын медалын алып келгенден кийин гана эс алып, майрамдаса болот. Алматыдан келгенден кийин кайрадан эле режимге түшүп, толук түрдө машыгууну баштадык.
– Жоопкерчилик дагы да өссө керек?
– Жолдомо алганга чейинби же кийинби, дайыма жоопкерчиликти сезип турам. Чоң жоопкерчилик моюнумда илинип турат. Буга чейин кандай даярданып келсек, эми андан дагы күчөтүүгө аракет кылабыз. Азыраак машыгып калуудан, үзгүлтүккө учуратуудан сактанабыз.
– Жолдомого жеткен соң финалдагы жеңиш канчалык мааниге ээ болду?
– Финалга чыктым, жолдомо алдым деп бошоп калган жокмун. Себеби көптөн бери чет өлкөдөгү эл аралык турнирлерде чемпион боло элек болчумун (ред.: 2019-жылдын башында машыгуу учурунда тизесинен жаракат алып, операция жасаткан. Ошондон улам килемден алыстай түшкөн). Жеңиштин даамын сезейин деп чемпион болууга катуу аракет кылдым. Мен тыныгуу болуп калганда тажрыйбаны бир аз жоготуп алдым. Турнирлерде күрөшүп, утулуп, ошол каталарымдын үстүнөн иштеп жатып, бүгүнкү күндө бир аз болсо да жылыш бар. – Атаандаштарыңды ири эсепте жеңдиң, алардын күрөш ыкмаларын мурун изилдеп алдын ала даярдандыңбы? Кимиси көбүрөөк кыйынчылык жаратты?
– Мага атаандаштарымды мүмкүн болушунча изилдеп карап чыккан жагат. Негизгиси, анын эмне жасаарын билип, ыкмаларына даяр болуп турганга аракет кылам. Бирок атайын тактика деле колдонбойм. Килем үстүнө чыкканда күрөш ар кандай болот. Ойлогондой жүрбөй калса психикалык жактан калыпка түшүү кыйын болуп калат. Индиялык балбан менен өтө абайлап күрөштүм, эң жооптуу кармашуу ошол болду. – Күрөштө бизге килем үстүндөгү эле көрүнүш маалым. Биз көрбөгөн, билбеген жактарын айтып берсең.
– Эл алдындагы 6 мүнөттүк күрөш биздин машыгуубуздун ондон бир пайызы. Кыйналган кыйын учурлар машыгуу процессинде болот. Ошол жактан жаракат алабыз, курсак ачат, баш айланат дегендей. Килем үстүндө күрөшүү бат эле өтүп кетет. Негизинен, чет жакка чыкканда учактын каттамдары туура эмес тандалып же мейманканада 5-6 сааттап бөлмө албай күтүп калышың мүмкүн. Мындай майда маселелер дагы таасир бербей койбойт. Биздин агайлар мунун баарын эске алган. Уюштуруу жаатын жакшы карайт, ойлоно турган маселе жаралбайт.
– Олимпиадага саналуу эле айлар калды, сенин салмак категорияңдагы жолдомо алган балбандар тууралуу кабарың барбы?
– Ооба, негизи 16 катышуучу болот. Он төртү жолдомо алды. 2 жолдомо калды. Буюрса, аларга турнир май айында өтөт. Буга чейин жолдомо алган 14 балбан тең биринен-бири өтүп кыйын. Дүйнөнүн төрт бурчундагы эң мыкты балбандар.
– Спорттон сырткаркы суроо, сага кандай кыздар жагат?
– Ак ниет, өз пикири бар, өз жолу менен жүргөн, көчө чаңытпаган ыймандуу, акылдуу, таза кыздар жагат. Тилекке каршы, андай кыздар азыр аз.
– Убакыт бөлгөнүңө рахмат. Бул жеңишиң Олимпиада оюндарынын алтын медалына жуп болсун! Жаракаттан алыс, ден соолукта бол!
Динара Акимова