Өлкө 11 жылдык парламенттик башкаруудан соң кайра президенттик башкаруу системине бет алды. Бишкек, Ош шаарлары баштаган жергиликтүү кеңештерге жаңы депутаттар шайланды. 11-апрелде өткөн жергиликтүү баскычтагы шайлоолор жана Конституцияны өзгөртүү боюнча өткөн референдум тууралуу сөз кылабыз.
ЭКС-МЭРЛЕРДИН ПАРТИЯЛАРЫ ЖЕҢДИ
Кызыгуу жараткан Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо 6 партия озуп чыкты. БШК тараткан алдын ала маалыматка таянсак, алар: “Эмгек” (13,96 пайыз), “Ак бата” (12,22 пайыз), КЭДП (10,62 пайыз), “Ата Журт Кыргызстан” (9,52 пайыз), “Ынтымак” (8,3 пайыз) жана “Биздин эл” (7,75 пайыз) партиялары. Башкаруучу коалиция “Эмгек” жана “Ак батанын” ортосунда түзүлүп, мэрлик кызматка Нариман Түлеевдин талапкерлиги көрсөтүлөт деген маалымат тарады. Мындай сунуш түшкөнүн Түлеев тастыктады.
– Коалициялык көпчүлүктү түзүү, мэрлик кызматка менин талапкерлигимди колдоо боюнча партия жетекчилеринен сунуштар түштү,- деди Түлеев. “Эмгектин” лидери Аскар Салымбеков жана КЭДПнын лидери Азиз Суракматов менен жолугуп сүйлөшкөнүн да ырастап: “Бирок муну сүйлөшүү деп айтпайт элем. Мен таза жана акыйкат шайлоо өткөрүүнү сунуштадым”,- дейт “Ак батанын” лидери. Айта кетсек, Нариман Түлеев Бишкекти 2008-2010-жылдары жетектеп турган, анын тушунда Бишкекте сезилерлик өзгөрүүлөр жасалганы эл оозунда айтылып келет. Аскар Салымбеков да, Азиз Суракматов да борбор шаардын мурдагы мэрлери.
Ош шаардык кеңешине 4 партия өттү: “Ата Журт Кыргызстан” (48,8 пайыз), “Улуттар биримдиги” (18,0 пайыз), “Ыйман нуру” (8,1 пайыз), “Ынтымак” (7,5 пайыз). Буга чейин Ош шаардык кеңешине шайлоолордо такай 1-орунду алып жүргөн экс-мэр Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” бул ирет экинчи орунду алды. Ал эми республика боюнча 146 партия 7 пайыздык босоголук чектен ашып өтүп жеңишке жеткени айтылды. Расмий жыйынтык 2 апта ичинде добуштарды кол менен саноо аяктагандан кийин жарыяланат.
РЕФЕРЕНДУМ: ДОБУШ БЕРГЕНДЕРДИН 79 ПАЙЫЗЫ КОЛДОДУ
Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга 1 миллион 336 миң 743 шайлоочу добуш берди деп жарыяланды. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, бул жалпы шайлоочулардын 37,08 пайызын түзөт. Добуш берүүгө катышкандардын 79,24 пайызы же 1 миллион 59 миң 476 шайлоочу “макул” деп берген. Ал эми “каршы” добуш бергендердин саны 13,66 пайыз деп маалымдалды. 2010-жылы парламенттик башкаруу формасын тандаган Кыргыз өлкөсү 11 жылдан кийин кайрадан президенттик башкарууга багыт алды.
ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУК ЭМНЕ ДЕЙТ?
11-апрелде өткөн шайлоого жана референдумга 200дөй эл аралык байкоочу көз салды. Алар шайлоону “демократиялык негизде эл аралык стандарттарга ылайык өттү” деп сыпатташты. ШКУнун атынан байкоочу Чжан Хайчжоу “шайлоонун легитимдүүлүгүнө эч кандай күмөн жок. Байкоочулар референдумду эркин, акыйкат жана демократиялуу деп тааныды” дейт.
УТУЛГАН ТАРАП НААРАЗЫ
Шайлоодо утулган партиялар “шайлоо таза өткөн жок” деп Бишкек жана Ош шаарларында митинг уюштурушту. “Бүтүн Кыргызстан”, “Республика”, “Бир бол”, “Социал-демократтар”, “Кыргызстан коммунисттери” жана башка партиялар “шайлоодо административдик ресурс колдонулду, таза жарыш болгон жок” деп жатышат. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу, кайрадан шайлоо өткөрүү талаптары да айтылууда.
Жолдубек Качкынбаев