ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН ДҮЙШӨНКУЛ ЧОТОНОВ СОТТОН АКТАЛДЫ

Экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотонов 13-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан акталды. Мамлекеттик айыптоочулар Текебаев менен Чотоновдун күнөөлөрү далилденбеди” деп коюлган айыпты колдоодон баш тартып, бул жагдай аларды актаган чечим чыгарууга себеп болду. Өмүрбек Текебаев бул чечимдерди өлкөдөгү жакшы көрүнүш катары баалады.

– Бул чечимди 3 прокурордун гана эмес, жалпы Башкы прокуратуранын позициясы деп билем. Бийлик дегенде мен Садыр Жапаров жөнүндө айткым келет. Садыр Жапаров менен декабрда эл алдында абдан катуу айтышканбыз. Ошондо да ушул иш боюнча бир топ сөздөр айтылып кеткен. Ал бирөөдөн уккан сөздөрүн айткан. Эгерде Садыр Жапаровдун мага карата жаман ою болсо, бүгүн сот башкача чечим чыгармак. Бул Жапаровдун бул ишке аралашпагандыгынын, жеке мамилелерине саясий көз карашынын таасири тийбей тургандыгынын далили деп билем. Анын аралашпагандыгынын өзү чоң саясат, чоң фактор. Мен биздин ишке гана эмес, башка учурларда да президент сот ишине кийлигишпесе, мындай талаш-тартыштардан өйдө турса деп ойлойм,- деди Текебаев.

Өмүрбек Текебаев абакта өткөн 4 жылдык өмүрү үчүн мамлекеттен компенсация талап кылбай турганын айтат:

– Материалдык доонун баары өкмөткө коюлат. Мына, 4 жыл түрмөдө отурдук. Менин эсебим боюнча, 4 миллион сомдой акча болот. Бирок мен андан баш тартам. Өлкөдө финансылык кризис болуп, акча жетпей, пандемия күчөп турганда өкмөттөн компенсация сураганым туура эмес болуп калат.

Саясатчы мындан ары да өлкөнүн саясий турмушуна активдүү аралаша турганын, бийликтин катачылыгы болсо сындап, жакшы иштерин колдой турганын билдирди.

Айта кетсек, Текебаев менен Чотонов коррупцияга айыпталып, 2017-жылы Атамбаевдин бийлиги тушунда ар бири 8 жылга соттолгон. Коомчулукта бул иш саясий буйрук деп сындалып келет. 2019-жылы 21-августта Жогорку Сот өкүмдү жокко чыгарып, кылмыш ишин кайра кароого жөнөткөн. 29-августта саясатчылар үй камагына чыгарылып, 2 жылдан бери райондук сотто соттук процесс болуп жаткан.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 958, 15-21-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан