Отуз күн орозо кармоо адамдын жан дүйнөсүн тазартып, ден соолукту жакшыртат дешет. Эң алгач орозо кармап баштаганда сизде кандай кызыктуу учурлар болду эле? Орозо экенин унутуп калып суу ичип же тамак жеп алган учурлар көпчүлүктүн башынан өтсө керек. Атактуулар орозо маалында болгон кызыктуу учурларын айтып беришет. Айнура Салахидинова, ырчы: “КУРСАГЫБЫЗ АЧКАНЫНАН КОНФЕТ ЖЕП АЛГАНБЫЗ”
– Биринчи жолу орозону 6-класста кармагам. Апам “балдар үйрөнгүчө орозону башында, ортосунда аягында 3 күндөн кармаса болот” деп айтканынан кармап баштагам. Мектеп учурунда сабактан чыгып комуз ийримине катышчумун. Асел аттуу кошуна кыз экөөбүз орозо кармачубуз. Бир жолу телевидениеге тартуу иштерине чогуу барганда курсагыбыз ачканынан чыдабай кетип конфет жеп алганбыз. Эч кимге көрүнбөй ары барып конфет жеп, кайра келип элге “биз орозобуз” деп коюп жүргөнүм эсимде. Эс тартып 8-класс болуп калганда орозону бузбай кармап баштагам. Кудайга шүгүр, орозону жыл сайын сүйүнүп күтүп, калтырбай кармап келем. Залина Касымова, кыл кыякчы: “БАШЫМ АЙЛАНЫП БАШТАГАНДА ООЗУМДУ АЧКАМ”
– Биринчи жолу 7-классымда орозо кармагам. Өзүм кичинекей, арык кыз болчумун. Мектепте окуп жүргөн кезде түштөн кийин музыкалык мектепке да барчумун. Эртеден кечке окууда болуп курсагым ачып калчу. Ата-энем “өзүң арык кыз болсоң, орозо кармайм деп бир күнү жыгылып калба” деп күлүп калышчу. Бир күнү башым айланып, алым куруй түшкөндө “кой, азырынча кармабай турайын” деп оозумду ачкам. Чоңоюп калганда орозо кармаганды уланттым. Унутуп калып ооз ачып алган кездерим да болду. Кийинчерээк чыдап, көнүп калдым. Гүлжайна Атаканова, куудул: “БАЙКАТПАЙ САРЫ МАЙ МЕНЕН НАН ЖЕП АЛЧУМУН”
– Орозону 20 жылдан бери кармап келем. Байкабай да, атайын да ооз ачып орозомду бузуп алган учурларым болгон. Эң алгач 8-классымда орозо кармап баштаганым эсимде. Ошол кезде айылда атам орозо кармачу. Анда орозого да кызыгуум жок эле. “Эртең менен, кечинде жакшы тамак жейт экен” деген түшүнүк менен атама кошулуп ооз бекитчүмүн. Күндүз курсагым ачканда эч кимге байкатпай аткана жакка барып сары май менен нан жеп, артынан чоң арыкта агып жаткан суудан ичип, оозумду суу менен чайкап алып жүрө берчүмүн. Ал түшкү тамагым болчу (күлүп). Ошентип 1-2 жылга чейин байкатпай жеп жүрдүм. 11-классты бүткөндөн кийин ооз ачуу убактысы болгонго чейин эч нерсе жебеш керек экенин түшүнүп баштагам.Лутфилла Бусурманкул уулу, ырчы: “КЛАССТАШТАРЫМ МЕНЕН КУРУТ ЖЕЧҮБҮЗ”
– 13 жашымдан тартып ата-энем менен чогуу орозо кармап баштагам. Алгачкы жылдары орозомду бузуп алган учурларым болгон. Ошол кезде Эген деген классташымдын дин тууралуу көп маалыматы бар эле. Ал убакта “ысык курут курсакты ток кармайт” деп апам курут даярдап берчү. Курутту сууга салып эзгенден кийин майда күкүмү калчу, аны бизде малташа деп коюшат. Мектепке ошондон салып алып, классташтарым менен жечүбүз. Бир күнү курсагым ачып жеп алсам, Эген классташым “сен орозо эмес белең? Жеп алганың болбойт да” деген. “Орозо экенимди унутуп калыптырмын. Оозум ачылып калдыбы?” десем, “чыныңды айт, чын эле унутуп калдыңбы? Кудай карап турат. Эгер чын эле билбей жеп алсаң эч нерсе болбойт. Орозоңду уланта берсең болот” дегени эсимде калган. Ошондо оозумду чайкап коюп, кайра улантып кармап кеткем.
Гүлдана Мамадали кызы