Жакында эле "Жер-Үй" алтын кенине каршы “элдик” нааразычылыктын кезектеги толкуну болуп өттү. Эл инвестор менен түзүлгөн келишимде компаниянын жарымы, же болбосо толук бойдон мамлекетке таандык болсун деп өзгөртүүнү сунуштады. Алтын деген биздики да!
Бирок Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жаңы директору Алмамбет Шыкмаматов бул маселеге чекит койду.
“Бизде ишти улантуучулук деген бар, биз цивилдүү мамлекет катары азыр инвесторлорду жөн эле кууп таштай албайбыз. Мындай учурда силер биринчилерден болуп Афганистанга айланып калдык деп айтып чыгасыңар. 10-20 жыл мурда туура мыйзамдарды кабыл алып, туура макулдашууларга кол коюш керек эле, биз ошондо азыркы тарыхый каталарга жол бермек эмеспиз”,- деп билдирди ал.
Шыкмаматов мырза баарын туура айтты. Ар бир инвестор кол коюлуп жаткан учурда мамлекетте иштеп жаткан мыйзамдар жана бийлик органдары менен иш алып барат эмеспи.
Инвесторлор эл кайсы бир учурда бийликке төңкөрүш жасап, мурдагы саясатчыларды легитимсиз катары эсептейт деп күтүп отурбашы керек. Алар мамлекет менен макулдашууга кол коюшкан, бул жерде саясий элитанын өкүлдөрүнүн кандай тиешеси бар? Бүткүл дүйнөдө мыйзам ушундай иштейт.
Шыкмаматов ошондой эле эгер бул макулдашууга бүгүн кол коюлса, ал ага кол коймок эместигин кошумчалады. Ал "мындай долбоорлордо сөзсүз түрдө мамлекеттик үлүш болушу керек" деп билдирди.
Кыргызстандагы инвесторлорго жооптуу мамиленин үлгүсү ушундай болушу керек дегиң келет. Бүтүндөй финансы дүйнөсү көрсүн: биз сөзүбүзгө турабыз! Бирок баары эле бирдей эмес. Эл аралык тоо-кен жаатындагы ири инвесторлор өлкөдөгү ири салык төлөөчү жана өлкөдөгү эң чоң инвестор болгон "Жер-Үй" менен "Кумтөргө" гана карашпайт. Мына ушул жерде бир катар маселелер келип чыгат.
Биринчиден, бүтпөгөн текшерүүлөр. Ондогон түрдүү комиссиялар кенге иштеп баштагандан бери эле келип кетишти. Текшерүүнүн жыйынтыгында бардыгы жаңы талаптарды коюшат.
Тактап айтканда, эл аралык инвесторлорго каратып туруп эле кош стандарттуу мамиле жасалат. Бир келген бийлик мактаса, экинчиси келип тергеп-тескебей туруп эле миллиондорду “карыз” кылат. Өлкөдөгү башка көптөгөн компаниялардай эле кен чыгашалуу болбой, кирешелүү болушу керек.
Чындыгында, инвестор бийликтин геосаясаттагы маанайынан көз каранды боло албайт. Бул аксиома.
Экинчиден, билбей эле пикир айта берүү. "Кумтөр" боюнча кыскача цифралар: кен 1997-жылдын май айында өздөштүрүлө баштаган. 2021-жылы ал жерден 13,2 миллион унция алтын өндүрүлгөн. Компания иштеген учурда Кыргызстандын аймагындагы төлөмдөр 4,48 миллиард доллардан ашкан. Бул Кыргызстандын 2021-жылга карата 2 жылдык бюджети.
Эми "Жер-Үйдү" карап көрөлү. Жыл сайын өлкө бюджети салык жана башка чегерүүлөр түрүндө 4 миллиард сом алат. Талас облусу 300 миллион сомго жакын алышат. Кен иштегенге чейин эле «Альянс Алтын» бюджетке жана бюджеттен тышкары фонддорго бир жарым миллиард сом бөлүп берди.
Ошондо, ушул эки компания биздин экономиканын башкы булагы болуп калат. Саясий аспектилерден улам буларга карата мамиле ар түрдүү. Мисалы, өлкө президенти Садыр Жапаров "Жер-Үй" жөнүндө төмөнкүлөрдү айтты:
"Алтын кен комбинатын ачуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы тыгыз өнөктөштүк, динамикалуу өнүгүп жаткан мамилелер жана Россиянын катышуусундагы ушул инвестициялык долбоор Талас облусунун, ошондой эле жалпы Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошот".
"Жер-Үй" – жөнөкөй эле кен эмес, саясий долбоор болуп калды, ошол эле учурда "Кумтөр" көңүлгө алынбай өзүнчө турат. Бюджетти тейлеп, миңдеген жумуш орундарын түзгөнү менен, эске алынбайт. Саясатчылар бул компанияны эстегенде эле, ар кайсыны күпүлдөп айта бере турган объектке айланды.
Муну менен "Жер-Үйдө" чындыгында канча алтын бар экенин эч ким билбейт. Болжолдуу түрдө – 84 тонна алтын жана 10 тонна күмүш бар. Бирок дагы бир-эки жылдан кийин кымбат баалуу металл кыйла көп экени аныкталып калышы мүмкүн.
Балким, анда алтын "Кумтөрдөгүдөй" эле болушу мүмкүн, бирок Кыргызстанга бул фактыдан өзгөчө деле киреше болбойт, анткени салыктар жана социалдык чегерүүлөр (айтмакчы, алар "Кумтөргө" караганда кыйла төмөн) түрүндө гана түшөт.
Социалдык тармактарда мамлекеттин ушундай ири долбоорлордо үлүшү болушу керек деп талап кылышат. Чынын айтканда, "Кумтөр" менен да ушундай болгон: 2009-жылдан бери биздин өлкө "Кыргызалтын" ААКсы аркылуу канадалык Centerra Gold Inc компаниясынын 77 401 766 акциясына ээлик кылуу менен ири акционери болуп эсептелет. 2021-жылдын март айына карата Кыргызстандагы акциялардын топтому 772 миллион долларга жогорулады. Бул өлкөнүн чет өлкөлүк бирден-бир өтүмдүү активи.
Муну менен Кыргызстандын эли "Кумтөрдүн" гана эмес, Centerra Gold Inc компаниясынын акционери катары да эсептелет, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү бир катар ири кендердин: Британ Колумбиясынын (Канада) "Маунт Миллиган" жана Түркиядагы "Оксют" кендеринде үлүштөш ээси болуп эсептелет.
Чынында, бул биздин компания, эмне үчүн анда биз аны "тепкилей" беребиз? Балким, өзүбүз орноткон эрежелердин туруктуулугун камсыздоо керектир?