КОЙ (21.03-20.04)
Оюңуз, көз карашыңыз көпчүлүктүкү менен туура келбесе да айткандан коркпоңуз. Алдын ала сезе билүү касиетиңиздин арты менен айтканыңыздын туура экендиги бат эле аныкталат. Сүйүктүүңүз менен мамилеңиз олку-солку болот. Бири-бириңиздерди күнөөлөгөндүн ордуна ачык сүйлөшүп, чечишүү туура. Колуңузга акча тиет.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Өзүңүздүн кызыкчылыкты жыйыштырып, кыйынчылыкка туш келген таанышыңызга материалдык колдоо көрсөтүңүз. Сизге кымбат адам менен баарлашууда анын айткан сөзү жакпай калса да катуу айтып жүрөгүн оорутпаңыз. Иштеги талап сизди жаңы адамдар менен иштешүүгө аргасыз кылат. Үйдөн сырткары эс алуу планыңыз ишке ашат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада кандай болсо да өз алдынча жасаган аракетиңиз пайда алып келбейт. Пикирлештер менен маалымат алмашыңыз, алардын колдоосуна таяныңыз. Соода менен алектенгендер жаңы өнөктөштөрдү таап, иши алдыга жылат. Башы боштор жалгыздыктан депрессияга түшпөй, элге аралашып, болочок түгөйүн издеши керек.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Пландарыңызды үйдөгүлөр жакшы жакка өзгөртүшөт. Чөйрөдөгүлөрдүн айрымдарын жактырбасаңыз да сыртыңыздан билдирбеңиз, душман арттыруудан пайда таппайсыз. Ортого түшүп бирөөлөрдүн ишин бүтүрүшүп берип, акча тапсаңыз жакшы. Буюмдарыңызды салыштыра бериңиз, алыс жолго чыгып калууңуз ыктымал.
АРСТАН (23.07-23.08)
Тарых, маданият, коомдогу окуяларга кызыгуу өсөт. Социалдык тармактарда пикир калтырууда ойлонуңуз. Ишиңизди жакшы жолго коюп алганыңызга байланыштуу көп киреше таба баштайсыз. Ата-эне, балдарга көңүл буруңуз, бирөө жарымы ооруп калышы мүмкүн. Айрымдарга достору чогуу бизнес кылуу сунуштарын айтып, план түзүшөт.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Чыдамдуулук менен акылгөйлүктү көрсөтсөңүз ызы-чуулуу маселеден айланып өтөсүз. Достордун санын көбөйтпөй, кимдер менен мамилени улантуу, кимдерден кол үзүү керектигин чечиңиз. Кайсы бир ишти бүтүрүү үчүн документтерди топтойсуз. Ойлогон максатты ишке ашырууга убакыт жана акча коротосуз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада тааныштарга абдан керектүү адам болуп чыга келесиз, ошого жараша сый көрөсүз. Таанышыңыз сизге ишенип жашыруун сырын айтып, кеңеш сурайт. Бойдоктор мамиле түзүүгө сунуш алышат. Өзүңүздү ар тараптан өстүрүү үчүн психологияны, чет тилин окуп үйрөнсөңүз жакшы. Алыстагы туугандар жаңылык айтышат.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада эсте калуучу окуя болуп өтөт. Сүйүктүүңүздүн же кесиптешиңиздин сунушунан баш тартпаңыз. Жыйынтыгы жакшы болот. Карыз акча алуу тууралуу ойлонбой, болгон акчаны үнөмдөп жашоону үйрөнүңүз. Досторуңуздун бирине катачылыгын оңдоо боюнча кеп-кеңешиңизди бересиз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жаңы идея менен иштеп көбүрөөк айлык алганга аракет кылыңыз. Убактыңызды үнөмдөсөңүз иштерди убагында бүтүрүп, дем алууга кененирээк убакыт арттырасыз. Бирөөнүн азгырыгына кирип, туура эмес иш жасап жиберүүдөн карманыңыз. Чакырган жерге барбай койгонуңуз оң, баары бир сиз ойлогондой болбойт.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Чыгармачылык жогорулап, ички туюм күчөйт. Достук жана романтикалык мамилелер жаңы тепкичке көтөрүлөт. Иште айрымдардын кыжыр келтирген сөздөрүнө чыдоого туура келет. Остеохондрозго, өнөкөт чарчоого массаж же мануалдык терапия алууну пландаңыз. Чакан белектин же олжонун ээси болуп калууңуз мүмкүн.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Лидерлик сапат ойгонот. Аны иште колдонуңуз, жакынкы күндөрдө жакшы жыйынтыгын көрөсүз. Курста окууну, чет элге кетүүнү пландагандар керектүү адамдар менен акылдашат. Жакшы таанышыңыздын сыртын салып калганын байкайсыз, себебин ачык сурап билиңиз. Аллергияга туш болбоо үчүн тамак-ашты ылгап жеңиз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта кыймылсыз мүлктү каттатууга, башка жакка көчүүгө ыңгайлуу. Бирге иштешкендер менен баарлашуу чыңалууну жаратат. Тааныштар арасында алаксыткандар табылат. Эмоцияга алдырбаңыз. Күтүлбөгөн жаңылыктан улам бир жакка барып келүүңүз ыктымал. Үй, чарба иштери үчүн керектүү шаймандарды сатып аласыз.