“Шаардык келин Шарапат” тасмасын көрбөгөн адам болбосо керек. Анда шаардык келиндин ролун жараткан Алиша Диа деген кызыбыз бар. Алгач ырчы болуп чыгып, кийин актриса катары таанылган айымдын жагымдуу жаңылыктарын чогуу билели.
– Алиша, салам! Көп убакыт Москвада жүрдүң, бул чыгармачылыкка байланыштуубу?
– Саламатсыздарбы? Москвада окуп жүрдүм. Врач косметолог кесибине ээ болуу үчүн окуп жүрөм. Ушу кесибимди башка өлкөдө да улантам деп турам. Бишкек шаарына келгенимдин себеби курбу кызым шаардык кеңештин депутаттыгына аттанып жаткан. Аны колдоо иретинде келгем. Врач косметолог кесибин эмнеге тандап алдым? Кичинемден врач болгум келчү, бирок чыгармачылыкка ооп кеткеним үчүн калып калган. Бирок чыгармачылык арткы планда калбайт. Учурда ырларды жаздырып жатам.
– Европа өлкөлөрүндө көп жүрөсүң. Алардан эмнени үйрөнүшүбүз керек деп ойлойсуң?
– Көп мамлекеттерди кыдырып жатам. Адам канча саякаттаса ошончолук аң сезими өсөт экен. Башка улуттагы элдердин ойлоруна, жашоосуна кызыгам. Европа мамлекеттеринде жүрүп чириген байларды көрдүм, алар ушунчалык жөнөкөй. Бизде бир кафе ачып алып кыйынсынып чоң сүйлөп калабыз. Бир жолу Швейцарияда жүргөндө ресторанга бардык. Ал жерде бир чал араба сүйрөп жүргөн экен. Бизге келип сүйлөшүп калды, бизден кетип дагы бирөөлөр менен сүйлөшүп жүрдү. “Байкуш чал ушул жашында иштебей эле койсо болмок” десем, жанымдагы кыз “ал чал ресторандын кожоюну” деп калды. Көрсө, мен ал шаардагы эң бай адам менен сүйлөшүптүрмүн. Ушунчалык жөнөкөйлүгүнө баа бергем. Ушак менен эч кимдин иши жок. Ким турмушка чыкты, ким менен жүрүп алды, үй-бүлөсүндө эмне болуп жатат эч кимдин башы оорубайт. Ушул жактарын алсак болот деп ойлойм.
– Бизде болсо жигит кызды “мени сүйбөйсүң” деп деле өлтүрүп коюп жатышат ээ?
– Айзада, Бурулайдыкындай тагдырга туш болгон кыздар көп. Бул караңгылык. Кыргыздын эркектери көп учурда аялдар менен эсептешпейт. Аялдардын пикирин четке кагып жатып, өздөрүн да бир аял төрөгөнүн эстен чыгарып коюшат. Экинчи да жагы бар, кыздар азыр өтө эле “доступная” болуп калышты. Эркектерде аялдын жүрөгүнө ээлик кылуу үчүн бир нерселерди кылыш керек, аркасынан чуркаш керек деген ой жок. Мындай ойлорду кыздар жаратып жатабыз. Кыздар өзүн жеңил ой көрсөтпөшү керек. Баасын түшүрбөшү үчүн башынан кызды өзүнө ишендирип тарбиялаш керек. Европада аял иштеп, үйдөгү жумуштарды жасап, балдарды да тарбиялап жатса супер аял деп эсептешет. Ал бизде кадимки эле көрүнүш.Аялдар бардык жумушту кылышса деле “рахмат” деген сөз угушпайт.
– “Турмушка чык, жашың өтүп баратат” деп да кыздарды кыйнап баштайбыз...
– Антпеш керек, өзүнүн адамын тапканда гана турмушка чыкканы туура. Жаш кезде чыгып алып ажырашып кеткендер көп. 30 жашка чыгып турмушка чыксаң такыр ажырашпайсың деген да кепилдик жок. Бирок аял 30 жаштан кийин ой токтотуп калат экен. Өтө шашпаш керек, жашыңды өткөрүп да жибербеш керек.
– Өзүңдү эркинмин деп эсептейсиңби?
– Өтө эркинмин деп эсептей албайм, бардык кыргыз кыздарындай эле менде өтө чоң жоопкерчилик бар. Бирок көпчүлүгүнө караганда эркинмин деп айтсам туура болот.
– Жүрөгүңдүн ээси барбы?
– Бар, көптөн бери сүйлөшүп жүрөбүз. Чогуу пландарды коюп жатабыз. Учурда чет мамлекетте жашайт, кадимки эле кыргыздын жигити (күлүп).
– Жашоодо эмнеден коркосуң?
– Психологдор мендейлерди интроверт деп коюшат. Бардык адамдарды жашоомо, жан дүйнөмө киргизе бербейм. Бирок кирип алган адамга өтө байланып алам. Курбум болобу, бир тууганым болобу, ата-энем болобу, же жигитим болобу, жакын адамдарыма катуу байланам. Андыктан жакындарымды жоготкондон корком, жалгыз калып каламбы деп корком. Өзгөчө ата-энеме катуу байланган кызмын. Балким, үй-бүлө куруп, балалуу болгондо бул байланыш бир аз алсызданар.
– Канча тил билесиң?
– Англис, орус, италян тилдеринде оюмду жакшы түшүндүрө алам. Чет жакта жүргөн үчүн бир аз кыргыз тилинде эркин сүйлөй албай жатам. Бирок кыргыз тилинде да жакшы сүйлөгөнгө аракет кылуудамын. Азыр француз жана кытай тилин үйрөнсөм деп турам.
– Ата-энең тууралуу айтып берсең?
– Ата-энем Москвада ГИТИСте окушкан, экөө тең чыгармачыл инсандар. Алар 1-курс болгондо кадимки Алла Пугачёва ошол окуу жайда 3-курста окучу экен. Европада иштеп жүргөндө Кыргызстандан бир топ гектар жер сатып алгам. Азыр ошол жер тилкесине малина, карагат, түрдүү жемиштерди отургузуп ата-энем болуп чогуу карап жатабыз. Эки бир тууганмын. Мага жакын, эмне десем баарын кылган сонун агам бар. Москвада жашайт.
– Өзүң роль аткарган тасмалар жагабы?
– Адилеттүү адаммын, тартылдым деп эле мактай бербейм. Сөздүн ачыгы, көбү жакпайт, кээ бири жагат. Мурун мен кинолорду тандачу эмесмин, чакырса эле кете берчүмүн. Карьерам жаңы башталып, мени эч ким деле тааныбай жүргөндө роль тандаганды мага ким коюптур? Азыр бир аз тандап калдым. Өзүм тартылган кинолорду бир эле жолу көрсөм керек. Өткөндө бир каналда мен тартылган тасма көрсөтүлүп жатыптыр. Жакпай которуп баштасам башка каналдан да мен катышкан кино чыгып калса болобу (күлүп)? Дагы башкага которсом дагы бир жерде жүрөм. Популярдуу окшойм деп калдым. Мага жакпаса да, элге жагат окшойт (күлүп).
– Азыр сунуштар түшүп жатабы?
– Көп эле, бирок мен окуп жатпаймынбы, убакыт аз болууда. Гонорар 2000-3000 сом төлөшөт. Азыр бир аз олуттуу тасмаларга тартылгым келип калды. Мисалы, тарыхый тасмаларга деп режиссёрлорго “намёк” берип коёюн (күлүп).
– Маегиңе рахмат, ийгилик!
Нуржамал Жийдебаева