КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Бир кызы бар болчу де... Эми айтчы, анын үйү жөн эле өрттөлгөн жок да, туурабы?! Анын касташып жүргөнү бар беле? Же жакын санаалашы бар беле? Элестетсең, Саша досуң өлөт, аз өтпөй үйү өрттөлүп, ал жерде бирөөнүн өрттөлгөн денеси табылып жатат. Жөн жерден эмес да, туурабы?

– Жашоодо ар нерсе болушу мүмкүн да, начальник...

– Сен мага антип анткорлонбо! Сен баарын билесиң... Керек болсо Сашанын сенин үйүңө келип кеткенин көргөндөр бар. “7-8 жылдан бери көрө элекмин” дегениң калп... Айт, эмне кылчу эле Саша?

– Саша капуста өстүрчү, карагат өстүрчү... Мен сага айттым го.

– Айтпасаң сени эмне кыларымды билесиңби?

– Коркутпа! Коркуп бүткөнбүз... Анан алдагындай тон менен сүйлөбөгүн!

– Ээ сен билесиңби менин ким экенимди?!

“Менин ким экенимди билесиңби” дегендердин колунан эч нерсе келбесин билем! Эмне мени түрмө менен коркутайын дейсиңби?! Мен жүргөн лагерлерде сен бир күн чыдабайсың. Көрүп бүткөм лагерлерди. Же эмне өлтүрүп коём дегиң барбы? Антип ойлосоң мээң жок экен... Кана эми айт, кимсиң?!- картаң зек Бакытты тике карап туруп алды. Чынында эле муну эч нерсе кыла албайт. Бир буту көрдө турган зекти эмне деп коркутат? Жашачусун жашап, алчусун алып, жоготчусун жоготуп бүткөн немени эмне деп сүйлөтө алат?

– Итке талатып өлтүрө турган неме турбайсыңбы...

– Хе...- картаң зек шылдың менен күлүп койду.

Бакыт мындан ары отура берүүдөн майнап чыкпасын түшүндү окшойт, ачуусу менен ордунан туруп, катуу басык менен бөлмөдөн чыгып кетти.

– Сашка, чыга бер,- деди каалганын жабылган добушун уккан зек. Аркы бөлмөдөн көк көздүү, чачтары күнгө чагылышчудай сары орус жигит чыга келди.

– Булар сенин артыңдан келишкен жокпу?

– Жо-жок,- жигит кекечтене жооп берди.

– Сабинадан кабар барбы?

– Жо-жок... Ал кайда экени белгисиз.

– Үйдөн табылган өлүк кимдики?

– Же А-аскар... Же Ти-тилек...

– Аскар үйдү өрттөмөк эмес. Ага ашыкча чуунун кереги жок болчу. Үйдү баарына кайыл болгон адам гана өрттөдү... Же Тилек, же Сабина от жакты. Сабина Аскардын жанында от жага алмак эмес. Демек... үйдү Тилек өрттөдү...

– Өлүк Аскардыкыбы ошондо?

– Балким...

– Демек, Сабина менен Тилек чогуу жүрүшөт.

– Балким... Тилек тирүү бекен?

– Тиги мент тирүү болчу деп айтты. Көлгө кеткен дейт.

– Мм... Сашка, эртелешибиз керек. Жакында алар из суутат. Акчанын изин жоготсок...

– Акчадан мурун мен атамдын өчүн алышым керек.

– Кимден? Кимден өч алган турасың, Саша? Сабинаданбы?

– ...

– Ал сенин карындашың... Менимче, анын Сашанын өлүмүнө тиешеси жок.

– Ал шуркуяга ишенип болбойт. Ал адамдарды кандай алдай турганын билесизби? Анын жанында эки саат отурган эркек жинди болуп калат. Акылынан азат. Анан Сабина жезкемпирдей эле аларды башкарып алат... Балакеттин баарын баштаган ошол. Аскарды алдап атамды өлтүрттү. Тилек аман калып качканда, Тилекти таап, ага Аскарды өлтүрттү. Эми Тилекти тынчытса болду. Акча менен каалагандай жашай берет...

– Ачуу менен ыза адамды сокур кылып коёт, Саша... Терең ойлон. Ар бир кадамыңды мени менен кеңешип тур! Уктуңбу?!

– ...

– Уктуңбу дейм?!

– Уктум...

ххх

– Братан? Ауу...- маңдайында Мирбек колдорун жаңсап туруптур. Бул ирет ал Мирбекти үрүл-бүрүл элес катары эмес, дапдаана көрдү.

– О! Ойгончу ошентип.

– Биз кайдабыз?

– Ооруканада... Сага ок тийген да, братан. Буюрса, баары жакшы окшойт, бүгүн өңүң жакшы болуп калыптыр...

– Курсак ачып калыптыр...

– Шеф сен ойгонор менен чал деди эле. Чакырайын, ээ? Тамак ала кел деп айтам да.

– А эмне бизге туугандарыбыз тамак алып келген жокпу?

– Биз алар үчүн командировкада жүрөбүз. Шеф баарын жаап-жашырып жайгаштырып койду.

– Кандайча?

– Эми шефке да, бизге да эч ким билбей калганы жакшы болду окшойт. Тилек сизди атып, таптырбай кетпедиби? Ал үстү жакка билинсе шеф да кызматынан ыргыйт. Ызы-чуу башталат. Териштирмей... А анын бизге эмне кереги бар, туурабы?

– Туура... Чал анда шефке.

ххх

– Кандай, Марс?- Бакыт кирип-кире элек жатып эле учурашты. Жанараак Мирбек анын ойгонгонун сүйүнчүлөп чалгандан бери маанайы көтөрүңкү жүрөт.

– Жакшы, шеф, кандайсыз?

– Жакшы-жакшы... Курсагыңар ачкандыр. Азыр мына бул тамакты иче калгыла. Анан шашпай сүйлөшөбүз. Буюрса, түрүң жакшы. Оңолуп калыпсың. Ойгонбой калабы деп коркуп жаттым эле... Ха-ха... Тамаша.

Мирбек Марска тамак берип баштады. Антпесе Марс өз алдынча иче ала турган эмес. Бакыт ал экөөнү карап алып жини келип чыкты. “Жүдөгөн энеңдурайындар! Супергерой болбой эле, тревога көтөрүшкөндө эмне?! Чогуу барып эбак кармабайт белек?! Кара эми кебетелерин, бири-бирине кашыктап тамак беришип...”- деди ичинен ызырына.

Марс 5-6 ирет шорподон ууртаган соң көңүлү айланып чыкты. Тигил жакта шефинин да жаман көздөрү менен карап турганын көрүп табити тартпай калды.

– Ичип бүттүңбү? Мм... Эми сүйлөшөлү. Сага Тилек тигил жакта жатат деп ким чалды?

– Баягы кыз... Тилек чогуу качкан.

– Ал сенин телефонуңду кайдан билет?

– Билбейм... Белгисиз номурдан чалды. Барып кармап ал деди. Чынында ишенген жокмун. Ошол үчүн сиздерге айтпай өзүм бардым.

– Анан?

– Анан... Ушундай болуп кетти...

– Акчаны укканда эсиңди жоготтуң, ээ? Көзүмө кара! Акчанын кайда экенин айттыбы Тилек? Канча сумма бар деди?

– 700 миң доллар деди. Башка шериктери Тилекти сатып кетишиптир, анын айтымында. Кайда экенин билбейт экен.

– Анан силер жок акчага алдандыңарбы?

– Шеф... Аябай көп сумма. Элестеттиңизби? Мен жүз жыл мент болуп иштесем да айлыгым ага жетпейт.

– Сен көк мээ, сактыгынан эмес, суктугунан өлгөн сагызган турбайсыңбы! Тилекти алып келип берсең, Бишкектен квартира алып берем дебедим беле?!

– ...

– Сен акмак Тилек менен чогуусуң. Мен билип турам. Сен чогуусуң... Башынан бери эле. Сен ага баарын ташып жатасың. Ошол үчүн ал эч кимге таптырбай жүрөт. Анткени баарын алдын ала билет. Бирок акыры сени да сатты. Кана эми эч нерседен жок калдың! Тилегиңди кармайын биринчи. Анан сени менен сүйлөшөм...- Бакыт зиртилдеген бойдон эшикти карс эттире катуу жаап чыгып кетти. Ошол жерде Марстын маңдайында тура берсе өзүн кармай албай каларын түшүндү. Чаап-тээп жибермек. Андан көрө кетип калганы дурус. “Акмак бала, бир нерсени жашырып жатат. Бирок акыры айтат. Айтпай каякка барат?!” Ачуусун күчкө салып басып жатты Бакыт.

ххх

– Салам алейкум...

– Уалейкум салам,- Бекжан учурашкан адамга бурула берип, жүрөгү “шуу” дей түштү. Маңдайында формачан милиция кызматкери турган.

– Та-ак... Байкеси, мына бул фотороботту автобустун ичине илип коё аласызбы?

– А эмне болгон фоторобот?

– Мындай эле... Бир кыздын сүрөтү. Аферист... Өлкөдөн ушундай автобустар менен чыгып кетиши мүмкүн да. Мына, илип коёлу, ээ?- милиция кызматкери жооп күтпөстөн эле автобуска кирип кетти. Артынан кирип келген Бекжан чапталган сүрөттөн Сабинаны тааныды... “Булар билет... Булар билет...” ичинен ушул сөздү бат-баттан кайталап, өзүн коёрго жер таппай калды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
MIRBOLOT
2021-04-26 11:38:28
Чиеленишип эле баратат. Орустар пайда болду. Сабина Сашанын "кызыбы?" Бекжан алып чыгып кете алабы?
+1
№ 959, 22-28-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан