HAMMALI & NAVAI ЭМИ ДУЭТ ЭМЕС

2017-2018-жылдарга кайтсак. Бул жылдары орус шоу-бизнесинде рэп жанрында ырдаган жаңы ырчылар чыгып, музыкага жаңы дем берген десек болот. Андай рэперлердин катарында HammAli жана Navai бар. Дуэттин көптөгөн ырларын кыргыз угармандар азыркыга чейин кыңылдап ырдап, жатка билишет. HammAli жана Navai ушул жылдын март айында эми дуэт эмес, жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантарын жарыялашты. Экөөнүн дуэтине көнүп калган угармандар бармак тиштеп өкүнүп, кайра “мейли эми, жалгыз ырдаган ырларын деле угабыз” деп өзүн-өзү сооротуп турган чак.

HAMMALI & NAVAI ДУЭТИ

Түзүлгөн жылы: 2016-жыл

Лейбл: Atlantic Records Russia

Белгилүү ырлары: “Ты моя химия”, “Девочка, танцуй”, “Ноты”, “Пустите меня на танцпол”, “Девочка-война”, “Без тебя я не я”, “Прятки”, “Хочешь, я к тебе приеду?”, “А если это любовь” жана башка

Сыйлыгы: “Мыкты топ” (2020-жыл)

НАВАИ БАКИРОВ

Псевдоними: Navai

Туулган жери: Орусия, Самара шаары

Улуту: азербайжан

Туулган жылы: 1993-жыл, 2-апрель

Бою: 175 сантиметр

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок

Жеке аткаруусундагы ырлары: “Эгоист”, “Зачем ты врёшь?”, “Милая моя” жана башка

БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫК

“Балалыгыма көз чаптырып, бактылуу учурларымды көп эстейм. Туугандардын үйүнө көп барчумун, алар биздикине келип, айтор, көп кишинин арасында чоңойдум”,- дейт Наваи. Бактылуу балалыкка бөлөнгөн Наваи Волга дарыясынын жээгинде жайгашкан Самара шаарында жарык дүйнөгө келген. Мектепте да үлгүлүү окуучу болду. Мугалимдер “ырдайсың” дегенде башка балдар уялып баш чайкаса, Наваи кыздарга кошулуп хорго тизилип калчу. 10 жашка чыкканда үй-бүлөсү Москва шаарына көчүүнү чечип, мектепти Орусиянын борбор калаасынан бүттү. Кийин Эмгек жана социалдык мамилелер академиясына тапшырган.

Баласын толук камсыз кылууга үй-бүлөнүн каражаты жетишсиз эле. Андыктан Наваи университеттен сырткары пиццерияда иштеп, андан чыккандан кийин таксист болуп акча тапчу. Канчалык убактысы тартыш болуп, кыйынчылыктарга туш болбосун ал музыканы таштаган жок. Эргүү келген убакта күн-түн дебей чыгарган обонун жаздырып, ага ылайыктуу сөз жазып турду.

HAMMALI & NAVAI ДУЭТИНИН ЖАРАЛУУСУ

Navai псевдонимин алууну чечкен жигит 2011-жылы алгачкы “Не врал” аттуу ырын ВКонтакте түйүнүнө жүктөгөн. Дал ушул ыр рэпердин чыгармачылыгындагы “визиттик картасы” болуп калды. Ыр көпчүлүккө тарагандан кийин түнкү клубдарда ырчы, рэпер катары чыга баштаган. Бирок ал элестеткен шоу-бизнестин эшигин ача албай көп убара тартты. Ырларды жазганы менен, кеңири тарабай койду. 2016-жыл. Өзүнө эле окшош тар чөйрөдө белгилүү рэпер Александр Алиев менен таанышып, экөө HammAli & Navai дуэтин түзүүнү чечишкен.

ДУЭТТИН ИЙГИЛИГИ ЖАНА ТАРАШЫ...

2017-жылы дуэттин “Моя химия” ырынын жаралышы менен рэперлер популярдуу болуп ойгонушту. Биринин артынан бири жаралган ырлар заматта хитке айланып, дуэттин популярдуулугу ондогон өлкөнү багындыра алды. Алар КМШ өлкөлөрүн эле эмес, Германия, Англиянын шаарларын кыдырып концерттик турга чыкканга жетишти.

Биз чогуу эмнени максат кылсак, анын баары ишке ашты. Мындан ары чыгармачылыгыбызды өз-өзүнчө уланталы деп чечтик. Эч кандай уруш-талаш жок, достук мамилебизди уланта беребиз”,- дейт Navai. Буга чейин эле экөө тең жеке аткаруусундагы бир нече ырларды чыгарышкан. Көпчүлүк топтор тарагандан кийин “өчүп” калганын көрүп жүрөбүз. Андыктан келечекте HammAli да, Navai да "өчүп" калбай, жеке ырчы катары мыкты чыгармаларды жарата берет деген ишеним күч.

АЛЕКСАНДР АЛИЕВ

Псевдоними: HammAli

Туулган жери: Азербайжан, Баку шаары

Улуту: азербайжан

Туулган жылы: 1992-жыл, 18-июль

Бою: 189 сантиметр

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок

Белгилүү ырлары: “Медляк”, “Любимая песня”, “На что мы тратим жизнь?” жана башка

ЮРИСТ АЛЕКСАНДР АЛИЕВ

Рэп-дуэттин экинчи мүчөсү, миңдеген кыздардын жүрөк оорусуна айланган мырзанын аты-жөнү – Александр Алиев же болбосо HammAli. Азербайжандын Баку шаарында төрөлүп-өскөн Александр юридикалык жааттагы эки дипломдун ээси. Адистиги боюнча бир нече ай иштеп көрдү, бирок жумушу моралдык да, материалдык жактан да канааттандыра алган эмес. Ошондо баш-оту менен музыкага киришип, 2009-жылы интернетке “Для неё” аттуу алгачкы ырын чыгарган.

Романтикалык сезимдер, сүйүү-күйүү тууралуу ырдаган рэпер Navai’ге чейин бир нече аткаруучулар менен ырдап көрдү. Бирок чыныгы ийгилик Navai менен келди.

КАНДАЙ КЫЗДАР ЖАГАТ?

2016-жылы экөө алгачкы ирет таанышып, сүйлөшүп отурганда HammAli даяр ырдын сөзүн Navai’ге көрсөтөт. Бир түн ичинде обон жазылып, эртең менен “День в календаре” ыры даяр болгон. Бул дуэттин дебюттук чыгармасы. “Башында ырларыбызды интернетке чыгарсакпы же жөн эле койсокпу деп ойлончубуз. Анткени профессионалдуу студияга барып сапаттуу ыр жаздырганга мүмкүнчүлүгүбүз жок эле. Машинада Москваны аралап жүрүп ырдачубуз. Бири-бирибизге көнгүчө бир жылдай убакыт өтүп кетти. Кийин угарманга жага турган ырларды жараттык”,- дейт HammAli.

Ызы-чуудан качып, жалгыздыкта ойлонгонду жактырган мырза азырынча үй-бүлө кура элек. “Кыздар интернетке оозун чормойтуп, ачык-чачык кийинген сүрөттөрүн жүктөгүчө, ата-энеси, бир туугандары менен түшкөн сүрөттөрүн жүктөшсө...”- деген HammAli’нин табитиндеги кыз – жөнөкөй, ыймандуу, боорукер, үй-бүлөнү баарынан жогору койгон адам болушу керек.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 959, 22-28-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан