БАЛДАРДЫ АЖАЛДАН АРАЧАЛАГАН ХИРУРГ

“Атам аскер кызматкери болгон, эркек бир туугандарым да анын жолун жолдошту. Маркум апам үйдөн кимдин эмнеге шыгы бар экенин баамдаган окшойт, мага “сен военный болбо, алар башкача адамдар болуп калышат. Сен врач бол” деп катуу дайындаган. Ошол керээзди аткарып врач болуп, минтип 43 жылдан бери иштеп докторлукту жактадым, профессор болдум. Бөлүм башчы болдум, анан көп жыл бою оорукананы жетектедим, 3 жылдан бери кафедра башчысымын”,- деген балдар хирургу Талантбек Өмүрбеков кесибинин сырлары менен бөлүштү.

БАЛДАР ХИРУРГУ ДЕГЕН КИМ?

– Хируг дайыма өзүн курмандыкка чалганга даяр турган адам. Ал күнбү, түнбү, бурганакпы, жамгырбы, сыртта революция же жер титирөө болуп жатабы, адамдарга жардам берүүгө шашылат. Адамдын өмүрү ал үчүн дайыма 1-орунда. Хирургдук кесип эрдикти, чоң жоопкерчиликти талап кылат. Сенин адамдын өмүрүн алып калуу үчүн бир гана туура чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүгүң бар. Экинчи мүмкүнчүлүк болбошу мүмкүн.

Кесиптин жаман жактары. Иш оор, түнкү күзөттө туруу керек. 3-6 сааттап тикеңден-тик туруп операция жасап, физикалык жактан чарчайсың. Бош күнүңдү нормалдуу пландаштыра албайсың. Оор абалда келген балага операция жасаган болсоң, анын абалы кайсы убакта начарласа ошол замат барышың керек болот.

Кесиптин жакшы жактары

Хирургга айыктыруу, сактап калуу, үмүттү актоо боюнча чоң укук берилген. Пациенттердин рахматы, ыраазычылыгы чарчаганыңды жазат, демиңе дем кошот.

– Чоң кишилер ооруса ооруган жерин айтып, көрсөтүп бере алышат. Жаш балдарга диагноз коюу кыйын болсо керек?..

– Ооба, жаш балдар ооруган жерин айта алышпайт, өзгөчө 5 жашка чейинкилер. Андыктан балдар диагностикасы татаал. Анын үстүнө бала мурун ооруп, дарыланган болсо ак халатчандарды көргөндө эле ыйлай баштайт. Ал сооронуп уктап калгыча күткөн учурлар болот. Уктаганда текшеребиз. Кээде айрым бир оору түрү менен келген балдарга атайын дарыны берип уктатып, анан текшеребиз. Текшергенде оорунун даражасын аныктай турган атайын ыкмалар бар, ошолор аркылуу катуу же азыраак ооруп жатканын билебиз. Бирок бир жагы – жаш балдарда өнөкөт оорулар жок, операциядан кийин бат сакаят. Улууларда бир жери ооруса өнөкөт оорулары кошо козголуп, айыгышы кыйын.

– Эсте калган операцияңыз кайсы?

– Иштегениме 5 жыл болуп калган. Бөлүм башчы элем. Мурун деструктивдик пневмония деген оору бар болчу, кийин жоголуп кетти. Ал ооруда өпкө бат эле чирип, эзилип, жарылып кетет. Ошол диагноз менен 6 жашар баланы алып келишти. Чириген өпкөнүн улам бир жери жарылып, 3 ирет операция жасадым. Бир топ жакшы болуп калган. Анан бир күнү ошол бала “кан түкүрүп жатам” деди. Дароо профессорлорго барып айтсам, “эртеңден калбай операция жасашың керек” дешти. Түндө күзөттө жүргөм, түнкү саат бирде медайым чуркап келип тигил баланын кан кусуп жатканын айтты. Бала оозун ачса кан 15 сантиметр аралыкка чейин атылып агат. Болгон аракетти кылдык, кан агууну токтото албадык. Каза болуп калды. Стресс болуп, кабинетиме барып эшикти бекиттим да, болушунча ыйладым. “Кетем, операция жасабаган кожвенеролог эле болом” дедим. Бирок улуу агайлар мени тынчтандырып, менин күнөөм жок экенин айтышты. Эртеси ыйлап баланын атасы келди, аны менен барып баланы жерге коюп келдик.

– Тубаса дене кемтиги менен туулган балдарга да операция жасайсыздар. Антип төрөлүп калууга эмнелер себеп болот?

– Тубаса дене кемтиги менен туулгандардын себебин издеп изилдөө иштерин жүргүзгөнбүз. Жыйынтыгында антип төрөлүүнүн 90 пайызынын себепкери аялдын кош бойлуу кезинде жыныстык жактан жугуучу оору менен ооруганы экендиги аныкталган. Мисалы, микоплазма, хламидиоз жана башка. Инфекция энесинен түйүлдүккө өтүп кетет. Калган 10 пайызына экологиянын бузулушу, химияга бышкан жашылча-жемиш, гендин тиешеси бар.

Баланын дене кемтиги менен туулуусунун алдын алса болот. Бойдо болтура электе аял-күйөө бири урологго, бири гинекологго текшерилүүсү керек.

Азыркы жогорку класстын окуучуларынын арасында жыныстык жашоо менен жашап жаткандары бар. Эгер 10-11-класста кыз таза болсо, анда аны балдар карабаган, түрү суук деп эсептеше тургандыгын мен мугалимдерден уктум. Жыныстык жашоо тууралуу мектепте түшүнүк берүү керек. Антпесе араларында төрөп, балдарын таштап кеткендери, бойдон алдыргандары, баласын дене кемтиги менен төрөгөндөр чыгып жатат.

Кээде балдар көтөн чучугу туюк, жүлүнү сыртка чыгып, кызыл өңгөчү жок туулуп калышат. Кызыл өңгөчү жок төрөлгөндөрдү энесине бир ирет да эмиздирбейбиз. Анткени сүт өпкөсүнө кетип, өлүп калат. Төрөлгөндүн эртеси операция жасайбыз. Аларда кызыл өңгөчтүн баш жагы кадимкидей болуп келе жатып эле аягы колкого (трахеяга) жабышып калган болот. Операцияда колкого жабышкан жагын ажыратып, өйдө жагына улайбыз. Жаңы туулган баланын бою 50-55 сантиметр болсо, башы, моюну 15-20 сантиметрди түзсө, буту 15, ичи 15 сантиметрди түзөт. Биз ичине кабыргадан кирип, колкодон ажыратабыз. Жүрөгү, өпкөсүнө залал келтирбей чеберлик менен операция жасоо керек.

– Мигранттардын туугандарына калтырган балдары зомбулукка кабылып түшкөн учурлар болот. Андай окуялар көп болуудабы же азайдыбы?

– Негизи зомбулукка кабылган балдар мурун көп келчү. Кийин азайды. Зээниң кейип ыйлагың келген учурлар болот. Бир кичине кызды апасы жеңесине таштап кеткен экен, ал аны уруп, кирдин суусун ичириптир. Башка ургандан башында кан уюп, 2 жолу операция жасалды. Кийин денесинде көк ала болбогон жери жок бир бала түштү. Катуу соккудан эси ооп 3 сааттай жатып калган. Аны уктап жатат деп коюшкан. Бизге алып келишкенде башы абдан шишип кетиптир. Баштын кабыгын сактоого мүмкүн болбой калды. Операция жасадык, бирок мээсине доо кеткендиктен акыл-эси жакшы болбой калды.

– Учурда эмне оору менен түшкөндөр көп?

– Ата-энесинин шалаакылыгынан марганцовка, уксус, казан тазалоочу “аврораны”, идиш жуучу каражаттарды ичип алган балдар көп түшүүдө. Аталгандарды ичкенде кызыл өңгөч күйөт, ички органдар катуу жабыркайт. Аврораны бир эле ууртам жутканда кызыл өңгөч күйүп, бырышып-тырышып калып, 2-3 ирет операция жасоого туура келет.

Кыймылдап иштөөчү оюнчуктардын батарейкаларын жутуп алып түшкөндөр да көп. Оюнчуктардын сапаты болсо начар. Ичке киргенде батарейка эзилип, жарылат. Химиялык заттан 12 эли ичеги жана ичегилер тешилип кетет. Тешилген жерден ичегидегилер, кан курсак көңдөйүнө куюлат да, ириңдөө башталат. Дароо операция жасалбаса бала көз жумат. Оюнчуктардагы магнитти, оюнчуктун майда бөлүкчөлөрүн жутуп келгендердин да аягы тыйылбайт.

– Хирургдук кесибиңизде эмнелер сизди катуу стресске түшүрөт?

– Наристелердин зордолуп келген учурлары. Алар тирүүлөй тозоктун отуна түшүп кыйналышат. Аларды көрүп, текшерип, операция жасаган бизге алардын кыйналганы толугу менен өтөт. Тим эле жүрөгүң өрттөнөт, дит багып караш кыйын.

Ошондой зөөкүрлөрдү өмүр бою эркинен ажыратуу керек же мыйзамга өлүм жазасын киргизүү кажет.

– Сиздерде балдарды кыска мөөнөткө жаткызуучу бөлүм бар. Ал кайсы максатта ачылган?

– Ата-энелер баласынын ичи же башы ооруйбу, айтор, алар интернеттен окуйт да, дары берип салат. Дары бергенде оору белгилери билинбей калат да, диагноз коюу кыйындайт. Ушундай көрүнүштөр абдан көп. Биз айлабыз кеткенде ошол кыска мөөнөткө жаткызуучу бөлүмдү ачтырганбыз. Диагноз коюуга кыйын болгон балдар ошол жерге жаткырылып, врачтар байкоого алат. Бир суткага чейин текшерип турабыз, анан операция жасала тургандары болсо жасайбыз. Ошентип ата-энелер арасында балдарына өз алдынча диагноз коюп, дары бергендер бар. Ата-энелер, эсиңиздерге келиңиздер, диагнозду врач коёт, дарыны врач берет!

– Иш тажрыйбаңыз 43 жыл экен. Ушул мезгил аралыгында канча операция жасадыңыз?

– Так билбейм, 35 миңдей болот го.

– Канча операция ыкмаларын ойлоп таап, патент алгансыз?

– 30дай патентим бар. Жүлүнү сыртта төрөлгөн, көтөн чучугу туюк жана башка дене кемтиги менен туулгандарды операцияда колдонулуучу ыкмаларды ойлоп тапкам. Кээ бирлерин Орусия, Казакстан, Өзбекстанда колдонуп жүрүшөт. Өтө оор операция боло турган балдарды да аталган өлкөлөрдөн алып келишкен учурлар болот.

– Учурунда бизге келип иште деп чет өлкөдөн чакыруулар болгонбу?

– Болду, бир ирет Америкага барганымда калып иште дешти. Казакстан, Орусиядан көп ирет чакырышты. Мен патриотмун, макул болбодум.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jaskaaa
2021-04-26 13:33:13
ийгилик ишинизге чоон рахмат улуу кесипти тандар жургонунузно
+2
Erlan_95
2021-04-26 15:01:26
Ден-соолугункз бекем болсун))))
+1
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА