УУ КОРГОШУН УУЛАНТАБЫ ЖЕ АЙЫКТЫРАБЫ?

"Коронавирусту уу коргошун менен дарыласа болот, дарылап баштадык". Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин мындай билдирүүсү коомчулукка дүрбөлөң салды. Жарандык коомдун басымдуу бөлүгү "элди ууландырып кырганы жатабы?" деп министрди жемелөөдө. Уу коргошун деген эмне? Ал кандай учурда колдонулат? Ушул жаатта адистердин пикирин сурап, окурманга маалымат берели деп чечтик.

УУ КОРГОШУН ДЕГЕН ЭМНЕ?

Илимий аталышы – жунгар уу коргошуну (аконит, борец, джунгарский аконит). Кыргызстанда – сыя-көк гүлдүүсү өсөт. Июль-августта гүлдөп, боюнун бийиктиги – 70-130 сантиметрге жетет. Бийик тоолордо өсөт. Ысык-Көл, Суусамыр, Алай, Нарын жана башка аймактарда кездешет.

Ысык-Көлдө өскөндөрү “Ысык-Көл тамыры” деп да аталат.

Элдик медицинада дарылыкка көбүнчө тамыры колдонулат. Элдик дарыгерлер 4-6 миллиграмм кайнатмасы же ачытмасы адамды өлүмгө жеткирет деп эскертишет.

“УУ КОРГОШУН СЫНОО КАТАРЫ БЕРИЛИП ЖАТАТ”

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелде Бишкекте маалымат жыйын берип, анда коронавирус менен ооругандарды уу коргошун чөбүнүн кайнатмасы менен дарылап жатышканын айтып чыкты. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында, Улуттук госпиталда жана Токмок ооруканасында уу коргошун жалпысынан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жарыялады. Дары чөп сыноо иретинде берилип жатканын, эгер оң натыйжа берсе, анда аны патенттөө керек экенин айтат министр. Маалымат жыйын учурунда өзү дагы ошол дарыдан ысыттырып ичип, зыяны жок деп ишендирүүгө аракет кылып, бирок “муздак ичсеңер өлөсүңөр” деп эскертти.

Ушул эле күнү Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча 5-протокол бекитилди. Протоколдо уу коргошунду пайдалануу жөнүндө көрсөтмө жок.

Бул жарыядан бир күн мурун, 15-апрелде президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына "дарыгерлер коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма табышты" деп жазып, "Уу коргошун" деген жазуусу бар бөтөлкөлөргө саргыч түстүү суюктук куюлуп жаткан видеону жүктөдү.

Жарандык коомдун активдүү катмары, айрым саясатчылар Бейшеналиевди жогорудагыдай билдирүүсүнөн улам "ишине жоопкерчиликсиз мамиле жасады, Кыргызды дүйнөгө уят кылды, коомчулукту адашууга түрттү" деп сындап жатышат. Ал тургай аны илимий даражасынан ажыратып, ээлеген кызматынан бошотуу талаптары да айтылууда.

“КОММЕНТАРИЙ БЕРЕ АЛБАЙБЫЗ”

20-апрелге карата өлкөдө коронавирус менен ооруган канча адамга уу коргошун дарысы берилгенин, натыйжасы кандай болгонун билүү үчүн Бейшеналиев жетектеген Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышсак “бул маселе боюнча комментарий бере албайбыз” деген жооп узатышты.

“БЕЙТАПТАРГА БЕРИЛГЕН ЖОК”

“Уу коргошун колдонулуп жатат” деп министр айткан Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына байланышсак, мекеменин жетекчиси Гүлжигит Аалиев маалыматты четке какты:

– Биздин ооруканада коронавирус менен ооруп, дарыланып жаткандарга уу коргошун дарысы берилген жок. Башка маалымат бере албайм,- деп билдирди ал. Министр калп айттыбы же чындык жашырылып жатабы?

“ВИРУСТУ ӨЛТҮРҮҮЧҮ КАСИЕТИ ЖОК”

Доктурбек Адамбеков, микробиолог, вирусолог, иммунолог, профессор:

– Уу коргошун – бул уулуу өсүмдүк. Анын вирусту өлтүрүүчү касиети жок. Саламаттыкты сактоо министринин аны колдонобуз деп жатканы туура эмес. Далилдөөчү медицина боюнча дарылар 4 этаптуу сынактан өтүшү керек. 1-этапта чычкан, келемиш, коёндорго, андан кийин адамдарга колдонулуп, сынактан өткөрүлөт. Бардыгында жыйынтык жакшы деп табылса гана ал дарыны сатыкка чыгарууга уруксат берилет. Уу коргошун антип сынактан өткөн жок, анын үстүнө уу.

“УУ КОРГОШУН МЕНЕН ДАРЫЛООГО БОЛБОЙТ”

Аида Зурдинова, Кыргыз-Орус Славян университетинин базистик жана клиникалык фармакология кафедрасынын жетекчиси:

– Уу коргошун – уулуу өсүмдүк, курамында 8ден ашык түрдүү алколоид (уулуу зат) бар. Алколоиддердин бири – аконитин. Жалбырагында жана тамырында оор металл – коргошун бар. Алколоиддерди өзүнө камтыган өсүмдүктөр медицинада колдонууда чектөөлөргө жана тыюу салууларга ээ. Уунун соккусуна нерв, жүрөк-кан тамыр, дем алуу, заара бөлүп чыгаруучу системдердин баары туш болот. Уусу тери аркылуу кирип, бат тарап кетет.

Уу коргошунду ичип уулангандардын денесин ачып текшерип көрүшкөндө кан тамырлар ичкерип, өпкө, жүрөк, боор жана бөйрөктө кан уюп калганы тастыкталган.

Профессор Абдулхай Алдашевдин китебинде “уу коргошунду ысык ичип, жылуу оронуп жатат. Адамда жеңил мас болгон сыяктуу сезим жаралат, алсырайт, тердейт. Бирде ысып, бирде муздашы мүмкүн” делет. Тердөө – бул организмдеги суюктукту жоготуу. Организм кургаганда адам тер менен кошо жүрөккө керектүү затты – калийди жоготот, кандагы канттын өлчөмү кескин көтөрүлүшү мүмкүн, бул кант диабети менен ооругандарга коркунучтуу. Организм кургап кеткенде уюган кандын (тромб) пайда болуу коркунучу чыгат. Эң коркунучтуусу – өпкөнүн кан тамырын уюган кандын бүтөп калышы. Бул турган жерден өлүү. Ал эми коронавирус кан тамырларды жабыркатат, кандын уюшун жаратат. Мындай абалда уу коргошунду ичүү абалды ого бетер оорлотот. Андыктан уу коргошунду колдонууга болбойт!

Учурда уу коргошундун канча дозасын берүүнү аныктай турган илимий маалыматтар жетишсиз.

Аконит же аконитин каражаттары жарым кылымдан ашык мезгилден бери өнүккөн өлкөлөрдө колдонулбайт. Анын микроб, вируска каршы касиети тууралуу илимий маалыматтар жок. Уу коргошун малга, аарыларга да уу болуп эсептелет.

Уу коргошун менен эл массалык түрдө ууланса, республиканын, президенттин эл аралык аброюна зыяны тиет.

“УУ КОРГОШУНДУ КАЙНАТЫП БЕЙТАПТАРГА БЕРҮҮ – КЫЛМЫШ”

Бермет Барыктабасова, далилдөөчү медицина боюнча адис:

– Уу коргошундун таасири анын өтө уулуу болгондугунан улам толук аныкталган эмес. Уу коргошун көптөгөн адамдын өмүрүн алып кеткен. Кыргыздын баары билет ал эмне болгон өсүмдүк экенин. Аталышы эле уу деп айтып жатпайбы! Саламаттыкты сактоо министри уу коргошун менен дарылоонун аягы эмне менен бүтөрүнө башы менен жооп берет.

Коронавирусту уу коргошун менен дарылоо бул дарылоо ыкмаларына туура келбеген, изилденбеген ыкма. Ооруканалардагы бейтаптарга берсе, мүмкүн, алардын арасында ууланууга кабылгандар болуп, бирок аны жашырып жатышабы, ким билет? Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму уу коргошун сымал атайын сыноодон өтпөгөн дарылар менен элди дарылоого тыюу салат.

Уу коргошундун коронавируска тийгизген таасири белгисиз, массалык түрдө дарылоо жүрсө өлүм көп болушу мүмкүн.

Уу коргошунду кайнатып бейтаптарга берүү – бул кылмыш.

“МЕН МИНИСТРДИН ДЕМИЛГЕСИН КОЛДОЙМ”

Шайлообек Үркүнбаев, фармаколог:

– Мен министрдин уу коргошунду сунуштап, сыноодон өткөрүп жатканын колдойм. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму мындай ишке жолтоо болбошу керек. Адатта алар дарыларыбызды сата албай калабыз деп коркушат. Ойлонуп табылган вакциналардын баары сынакта жүрөт. Уу коргошун болсо илгертеден элдик медицинада колдонулуп, сынактан өткөн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту дарылоодо Кыргызстанга 4 протокол сунуштады. Алардын арасында ВИЧти, калтыратманы дарылоочу дарылар бар. Алар кандай жыйынтык берди, көп адам каза болду го? Уу коргошунду уу дешет, бирок ошол эле кезде дарылоодо колдонулуп жаткан дарылардын 90 пайызы синтетика, уу. Муну эмнеге айтып чыгышпайт?

Азыр коронавируска каршы колдонулуп жаткан вакциналар адам ДНКсын кандай өзгөртөрүн азырынча эч ким билбейт.

Бирок уу коргошунду изилдеп, сынактан өткөрүп чыгуу керек.

“ӨЗ АЛДЫНЧА ИЧКЕН АДАМ ӨЛӨТ”

Дүйшөн Чомо уулу, табып:

– Уу коргошун абдан уулуу өсүмдүк. Көп ооруларга дабасы бар. Уулуу болгондуктан тамырын чогултуу кезинде кол кап кийип, бет кап тагынуу керек. Болбосо уусу аба жана тери менен кирип, адам ууланат. Жаныңа сүт ала жүрүп, бат-баттан ичип туруу керек. Мен уу коргошундун спиртке ачытмасын жана кайнатмасын колдоном. Жараларга ийленмеси сырттан коюлат. Ачытма күнүгө 1 тамчыдан көбөйтүлүп берилип, чекке жеткенде кайра бир тамчыдан азайтылып ичилет. Тамырынын буудайдай өлчөмүн жеп алгандар мүрт кетет.

Мен оорулуунун тамырын кармап, оорусун тактап, анан организмдин көтөрүмдүүлүгүнө жараша 3, 5, 7 же 9 күн ичүүнү сунуштайм. Алар менин көзөмөлүмдө болушат. Уу коргошун дарысын ичкенден кийин шамалга урунбай жылуу жатуу зарыл. Дарынын кайнатмасын же ачытмасын эч качан өз алдынча ичпеш керек, өлүп калат.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nursul
2021-04-27 14:23:33
Азыркы кытайдын химикат дарыларын алгыча уу коргошунду колдонгонду туура колдонсок ошол жакшы. Кытайлар ал вакцинаны эмнеден жазап атканын билбейбиз да биз.
0
kkkk3259780
2021-04-29 05:57:35
Аракты да ушунча ызы чуу кылсанар кана..
0
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА