ЖАҢЫ ТАРИФ СУНУШТАЛДЫ: 700 КИЛОВАТТ ДЕГЕН ЧЕКТӨӨ АЛЫНЫП, СВЕТ 3 ТҮРДҮҮ БААДА САТЫЛАБЫ?

21-апрелде президент Садыр Жапаров энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Анда президент калк үчүн 700 киловатт-саат деген чектөөнү алып салуу маселесин карап чыгууну сунуштады.

Талкуу учурунда Жапаров төлөмдү 74 тыйынга чейин түшүрүү, жакыр үй-бүлөлөр үчүн чектөөнү алып салуу боюнча сунуштар бар экенин билдирди. Алыскы жана бийик тоолуу аймактарда оор шартта жашагандар үчүн чектөөнү алып салып, электр жарыгынын 1 киловатт-саатын 1 сом 4 тыйындан, ал эми жакшы шартта жашаган үй-бүлөлөр үчүн чектөөсүз 1 сом 48 тыйындан сатуу сунуштары бар экенин кошумчалады.

– Бирок суу тартыштыгына байланыштуу колунда бар үй-бүлөлөр кышында электр энергиясын 1000 киловаттан ашык пайдаланса бааны 2 сом 29 тыйын кылуу сунушталууда. Бул – электр энергиясынын өздүк наркы. Суу сактагычты толтуруп алсак, чектөөлөр алынат. Ушундай кылсак гана 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгабыз,- деди президент.

Садыр Жапаров бүгүнкү күнгө карата өлкөдө аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар экенин, бул тизме дагы кеңейиши мүмкүн экенин белгилейт.

Айта кетсек, учурда эл электр жарыгынын 1 киловатт-сааты үчүн 77 тыйындан төлөйт. Бул тариф айына 700 киловатт-саат электр энергиясын пайдалангандар үчүн. Эгер 700 киловаттан ашып кетсе, анда ашыкча колдонулган ар бир киловатт-саат үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 959, 22-28-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан