Кыргыз-Өзбек чек арасын тактоодо Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жер берүүгө жергиликтүү жашоочулар каршы. 19-апрелде Кара-Суу районунда Савай айылынын тургундары менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугуп, алардын пикирин укту. Тургундар “жер алмашсаңар суу сактагычтын жанынан эмес, башка жактан алмашылсын, бул жер биздин коопсуздук үчүн маанилүү” деп талап коюшту.
Камчыбек Ташиев Кемпир-Абаддын тосмосунун бир бурчу Кыргыз жеринде жайгашып калганын, Өзбек тарап суу сактагычтын коопсуздугу үчүн буфердик аймак катары ошол жерди сураганын билдирди.
– Башында алар 100 гектар сурашты, биз баш тарттык. 100 гектар берсек, биздин чек ара застава аларга өтүп кетиши мүмкүн эле. Ошондуктан биз алмашууга 50 гектар сунуштадык. Буфердик зона түзүү үчүн 50 гектар деле жетиштүү, андан ашык 1 гектар да бере албайбыз дедик. Макул, мен Ташкентке кайрадан барам. 50 гектардын ордуна 20 гектарды алмашуу боюнча сүйлөшүп көрөйүн. Аларга плотинанын коопсуздугу үчүн баары бир ушул жер керек. 20 гектардын ордуна Кара-Суу же Өзгөндөн 20 гектар алабыз,- деди УКМК төрагасы.
Ташиев Өзбекстан суу сактагычты курчап тосмо тартпай турганын, бул үчүн мамлекеттер аралык келишим түзүлүп, парламентте ратификациядан өтөрүн белгиледи. Эки өлкө ортосунда талаш жер калтырбай чек араны тактап алуу келечек үчүн маанилүү экенин кошумчалады.
Ал эми жарандык коомдун бир бөлүгү Кемпир-Абаддын тосмосунун аймагын толугу менен Өзбекстанга өткөрүү тарыхый катачылык деп жатат.
Жолдубек Качкынбаев