БУУ ТАБИЯТТЫ КОРГОО БОЮНЧА КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ КӨТӨРГӨН ДЕМИЛГЕНИ КОЛДОДУ

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Кыргыз мамлекети көтөрүп чыккан демилге – “Табият чек араны билбейт” резолюциясын колдоого алды. Бул тууралуу 20-апрелде Тышкы иштер министрлиги билдирди. Резолюциянын башкы максаты – 2030-жылдын күн тартибин ишке ашыруу жана туруктуу өнүгүү принциптерине негизделген жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча биргелешип иш жүргүзүү. Келечек муунду таза, коопсуз жана туруктуу айлана-чөйрө менен камсыз кылуу үчүн биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо тармагында чек ара кызматташтыгын бекемдөө.

– Бул демилгенин символу – биздин ак илбирс болот. Бул эл аралык чакырыктын негизги жыйынтыгы – абдан орчундуу экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн өлкөбүзгө дүйнөлүк донорлордон ири суммада каржылык, интеллектуалдык жана башка ресурстарды тартуу болуп саналат,- деп билдирди ТИМдин кызматкери Сеит Убукеев.

Кыргыз өлкөсү демилгелеген резолюцияга Орусия, Япония, Кытай, Индия өңдүү 60 өлкө авторлош болгону айтылат. Долбоорго экология жаатындагы абройлуу эл аралык уюмдар оң баасын берип, колдоого алышты.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 959, 22-28-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан