ЫСЫК-КӨЛДӨ КАЗИНО АЧУУГА УРУКСАТ БЕРИЛИШИ МҮМКҮН

Ысык-Көл облусуна казино жайларын ачууга уруксат берилиши мүмкүн. Тийиштүү мыйзам долбоору 21-апрелде Жогорку Кеңеште 1-окууда каралып, колдоо тапты. Демилгеге 68 депутат “макул”, 23 депутат “каршы” деп добуш беришти.

Мыйзам долбоорун экс-спикер Дастан Жумабеков жана Бактыбек Турусбеков демилгелешкен. Алар казинолор өлкө казынасын толтуруу үчүн керек, болгону андай жайлар атайын аймакта гана ачылып, ага чет элдик гана жарандарды киргизүү керек деп жатышат. Жергиликтүү жашоочулар үчүн казинолордун эшиги жабык болору айтылууда.

Эскерте кетсек, өлкөдө казинолордун жана букмекердик кеңселердин ишине 2015-жылы тыюу салынган.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 959, 22-28-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан