Бул ырчы мындан 4 жыл мурун Ошто МАИ кызматкеринин кашын жара тээп, чуу жараткан. Ошол окуя тууралуу, деги эле Алтынай бийкечке тийишкен суроолорубузду бердик. Ырчы ошого жараша жооп узатты.
– Салам! Алтынай деген ким?
– Кыргыздын эң жөнөкөй, боорукер, ак көңүл кызымын.
– 11-классты бүткөнүңө канча болду?
– Жашымды сурагыңыз келип жатат, ээ? Кө-өп жыл болду.
– Өз жашыңдан улуу көрүнөм деп ойлойсуңбу?
– Жок. Башка себептерим бар.
– Элге хайптын артынан таанылдың да?
– Ооба.
– Таанылуунун жеңил жолу ошол да азыр.
– Албетте, кыйналбай эле “дүң” деп атыңды чыгарып аласың. Бирок, моюнга алыш керек, негативди көтөрүү оор.
– Мыйзамды көп бузасыңбы?
– Жок. Бир бузганым көп болуп эсептелбесе керек (күлүп).
– Чын эле чоң кызматта иштеген тааныштарың барбы?
– Ооба, бар.
– Ким же кимдер?
– Кыйын адамдар көп да, тааныштарымдын арасында андайлар көп.
– Баягы чуулуу видеодо “УВДнын жетекчисинин үйүндө жашайм” деген элең...
– Мен аларды чаап салайын десем күчүм жетпейт болчу. Анан ачуум менен көп сөз айткам. Күчүмдү сөздөн чыгаргам. Ал байкеден дагы бир жолу кечирим сурайм.
– Ал окуяны азыр да оор кабыл алат экенсиң. Жүрөккө жакын кабыл албай өткөрүп коё албайсыңбы?
– Күчтүү болгонум үчүн азыр минтип эл арасында жүрөм. Ал видео бир түндө 6 миллион жолу көрүлүп, мени Оштогу орустар да таанып калышкан. Негативди көтөрө албай, өмүрүмө кол салууну ойлонгон учур болду. Бирок ата-энемди ойлодум. Туура эмес нерсе кылганым үчүн Кудай мени ушундай жазалап койгондур деп кабыл алып, азыр каталарымды кайталабай калдым.
– Май айында концерт коём деп жатасың. Канча ырың бар?
– 20га жакын ырым, 6 клибим бар.
– Канчасы элге алынды?
– Кыйраттым дебейм. Бирок иштеп жатам.
– Күйөөгө тие электе эмнеге “Балам”, “Жубайыма” деп ырдап жатасың?
– “Балам” деген ырды тойго керек болуп калып 4-5 жыл мурун жаздыргам. Бирок былтыр чыкты. “Жубайыма” ырын бир жыл мурун угуп "ооруп" калгам. Ошо, быйыл турмушка чыгат окшойм, ушундай ырларды ырдап калдым го.
– Туугандар “күйөөгө тий” деп тажатыштыбы?
– Ооба, ошон үчүн туугандардыкына көп барбайм.
– Өзүң тийгиң келеби?
– Тийиш керек. Убакыт өтүп баратат. Быйыл, буюрса, тием деп ниет кылып жүрөм. Бирок жигитим жок. Жакшы жигит жөнөтүп койчу деп Кудайдан тилеп жатам.
– Унаа, үй, Айфон менен мактанган жагабы?
– Ал нерселердин бар болгону кантип жаман болсун? Бар болсо мактана беришсин. Мактанган бекер да.
– Сенде мактана турган эмне бар?
– Сулуулугум, фигурам бар. Андыктан кааласам “любой” мырзаны “чаап” алам. Эркектер көп сөз айтышат. Менде сулуулук гана эмес, аларды байлап ала турган дагы бир нерсе бар. Ал эмне экенин билбейм. Балким, энергия.
– Учурда сага “чабылып” жүргөн мырза менен тааныштырчы.
– Бир баланы сырттан жактырып жүрөм. Ага да мен жагам. Ушул сезимдер көпкө созулсун деп ал жигитке аракет кылбай жүрөм. Акыркы 5 жылдан бери олуттуу мамиле боло элек.
– Негизи жашооңдо канча жигитиң болду?
– Бирөө.
– Ушул жериң окшошпой калды. Мейли, бирок кыздарга бирөөнүн көңүл буруусу керек да.
– Өткөндө 1200 сомго 9 даана гүл сатып алдым. Өзүмө өзүм көңүл буруп турам ушинтип.
– Укмуш го. Жигиттерден акыркы жолу кандай белек алдың?
– Өткөндө 101 роза алдым. Кыздар менен туулган күн тосуп кафеде отургам. Жаныбыздагы столдо отурган мырза туулган күнүм экенин билип, 101 роза алып келип берген.
– Үй, унаа алып берем дегендер болгон эмес беле?
– Антип айткандар болсо алдырмакмын, жок. Тамаша, мени байлык азгыра албайт. Алсыздыгым акчада эмес, сүйүүдө.
– Үй-бүлөлүү мырзаны сүйүп калсаңчы?
– Анда сүйүүнү курмандыкка чалам. Өзүм кызганчаакмын. Менин жолдошумду бирөө сүйүп калышын элестете албайм. Анын аялына да мындайды каалабайм. Мен кыргыз айымдарын аябай сыйлайм, тилектештигим күч.
– Кандай мырзаны тандайт элең? Элге таанымал адамдардан мисал кылып айтсаң?
– Нурлан Насиптин ийгиликтери менен Омардын тарбиясын кошуп койсок идеалдуу, мага жаккан мырза чыгат. Бирок чыгармачылык чөйрөдөн болушун каалабайм. Аларга кыздар кандай билдирүүлөрдү жазып, кантип артынан чуркаганын көрүп жүрөм. Кызганычтан кыйналып кетишим мүмкүн.
– Башка тармакта иштегендерге деле кыздар жазат да?
– Ырчыларга жазгандай эмес го.
– Көңүлүңдү калтырган сүйүү болгонбу?
– Жок. Мен чыныгы сүйүүгө кабыла элекмин.
– Сени көрө албагандар барбы?
– Эмнемди экенин билбейм, бирок бар. Же мен кыйратып 4 кабаттуу заңгыраган үйдө жашасамчы, же банкта миллиарддаган акчам болсочу. Кыздардын табиятында көп окшойт көрө албастык.
– Сулууларга жашоо жеңилби?
– Ооба. Анткени жашоо сулуулукту жакшы көрөт. Жаман жолго барганы үчүн жашоосу жеңил болуп кетет дебейм. Балким, өзүн сүйүп, баалаганы үчүн жашоо да ага ошондой жооп кылаттыр. Негизи эле жашоо мага окшогон сулуулардыкы болуп калды.
– Бул кайсы учурда байкалат?
– Күнүмдүк турмушта деле байкалат. Мисалы, дүкөнгө барсаң, “сулуу кыз экенсиз, сизге түшүп берейин” деп турушат. Бир нерсе алам десеңер мени ээрчитип алсаңар.
– Ошентет окшойм. Ырчылык менен элге таанылбай калсаң эмне болот?
– Азыр бир аз болсо да таанылып калбадымбы. Сулууларга жашоо оңой дедим го, баары бир таанылмакмын.
– Кирпиктен башка эмнең жасалган?
– Оозум.
– Өзүңө жагабы?
– Ооба. Баарына жагат. Инстаграмдан деле “ммм” деп суктанышат.
– Жашоодо башкы максатың эмне?
– Ата-энемдин ыраазычылыгын алышым керек. Баягы окуя аларга катуу тийген, таарынтып алгам. Таарынычтарын жазышым керек.
– Сүйлөшпөй калдыңар беле?
– Сүйлөшөбүз, мамилебиз жакшы эле. Бирок алар мага капа. Атам негизи эле бизге катуу сүйлөбөйт. Ошончолук туура эмес иш болуп жатса да урушпай, жанына отургузуп алып 10 мүнөттөй сүйлөдү. Менин көз жашым токтогон жок. “Кызым, мен сага ишенем, сени жакшы көрөм. Сени көп эркелетип коюптурмун” деген (көзүнө жаш алып).
– Андан кийин өзгөрдүңбү?
– Мен негизи ушундай эле жөнөкөй, токтоо кызмын. Жаштык кылыптырмын. Азыр ак менен караны айырмалап калдым.
– Апаң бул окуяны кандай кабыл алган?
– Апам бизге дайыма “жүрөгүмдү оорутпагыла. Силер тууралуу жаман сөздү көтөрө албайм” дейт. Ошондуктан ал видеону көргөн эмес. Апам мени ар тараптан колдоп турат. Азыр да көзөмөлдөп, “китеп окуп жатасыңбы, өзүңдү жакшы алып жүрөсүңбү, узун кийим кийип жүрөсүңбү?” деп күндө чалат. “Сага ишенем, көп ийгиликке жетесиң” дейт. Ушундай жакшы инсандардын кызымын. Туура эмес жагымдан таанылып алганым үчүн эл мени жаман кыз деп кабыл алып калган.
- Апаң эмнеге “узун кийим кий” деп айтат?
– Чоң атам менен чоң энем ажы, чоң атам айылдын молдосу. Үйдө тартип күчтүү. Ырдап чыкканыма деле ата-энем каршы. Бирок жан дүйнөм чыгармачылык деп туруп алды. Эркемин да. Кээде алардын сөзүн укпай коём.
– Жарым жылаңач болуп клипке же тасмага тартылуу сунушу түшсө, ал сага өтө пайдалуу келишим болсо...
– Мага анын эмне кереги бар? Ошто хайп жасабадымбы. Эми Бишкекте дагы бир хайп жасап атымды чыгарып алсам эле жетиштүү (күлүп).
– Сага ийгилик каалайм! Көрүшкөнчө.
Асия Алиева