ЕВРОПА СУПЕР ЛИГАСЫ ТОКТОТУЛДУ

19-апрелде футбол дүйнөсүн дүрбөлөңгө салган маалымат тарады. Анда Европанын эң алдыңкы 12 футболдук клубу, анын ичинде Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чыккан үч команда Чемпиондор Лигасынын ордуна Европа Супер Лигасынын түзүлгөнүн жарыялашты. УЕФА менен ФИФА бул демилгеге караманча каршы экенин билдиришти. Көп узабай командалар жаңы түзүлгөн лигадан жапырт баш тарта башташты. 21-апрель күнү Европадагы ири клубдардын башын бириктирүүнү каалаган Супер Лига расмий түрдө токтотулганы маалым болду.

Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 959, 22-28-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан