АХИЛЛЕС БАШТАГАН «ЫНТЫМАКТЫН» ТУЛПАРЛАРЫ
Жогорку Лиганын учурдагы чемпиону, көк бөрүдө фаворит саналган “Ынтымак” командасынын желсе жел жетпеген жез канат тулпарлары тууралуу сөз кылабыз. Аттар менен Талас облусунун Көк бөрү федерациясынын президенти Жылдызбек Музуратбеков тааныштырды.
ДАҢКЫ ДАЛАЙГА КЕТКЕН АХИЛЛЕС
Аты – Ахиллес
Жашы – 16
Ийгиликтери – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2 жолу, Президенттик кубокту 4 жолу, Нооруз турнирин 5 жолу, 9-Май турнирин 2 жолу жеңген. Казакстанда өткөн “ЭКСПО-2017де” 2-орунду алган
Ээси – Мирлан Назарбеков
Оюндагы позициясы – Жекеме-жеке
– Кыргызстанда жекеме-жекеге чыга турган номер биринчи ат – Ахиллес. Аны башта Кара-Балтада бир фермада араба тарттырып аттардын кыгын чыгарууга колдонушчу экен. Ал жактан улак ойноого алыныптыр. “Аккула” ат майданында биринчи жолу ойногондо эле ортого чыгууга шыгы бар экенин көрсөтүп, эл оозуна алынган. Ошол учурда сатып алууга менде да мүмкүнчүлүк болгон. Мага көрсөткөн маалда 200 миң сомдук ат болчу. Ал убакта жаштык кылдыкпы, бул атка көңүл бурган эмесмин. Оюнга чыккан сайын аттын баасы өстү. Ахиллести 2013-жылы Ысык-Көлдүн “Кабылан” командасынан мурун Талас облусунун Көк бөрү федерациясына президент болгон Дамир Койчугулов деген агабыз 10 миң долларга сатып алган. Командага дагы ат алыш керек болуп Ахиллести Мирлан Назарбеков деген байкебизге алган баасында эле саткан. "Ынтымакта" ойноого жарайт делген аттар сыртка сатылбайт, өзүбүздүн ичибиздеги федерацияга тиешелүү адамдарга гана сатылат. Бул команданын күчтүү бойдон сакталып калышына чоң өбөлгө түзгөн эрежелердин бири. Кийин казактар Ахиллести 85 миң долларга чейин сураган деген сөздөрдү уктум. Бүгүнкү күндө бул аттын баасы жок. “Ынтымактын” аты бойдон кала берет.
Өзү чакан болгону менен, ушунчалык өжөр, кыймылдуу, күлүктүгү, чыдамкайлыгы бар. Келбети өзгөчө. Кудай насип кылса, Ахиллес болбоду дегенде дагы жети жыл кызмат кылат.
НУРЖАНДЫН ЖЫЛДЫЗЫН ЖАНДЫРГАН КАРАКУШ
Аты – Каракуш
Жашы – 9
Ийгиликтери – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 1 жолу, Президенттик кубокту 3 жолу, Нооруз турнирин 2 жолу, 9-Май турнирин 2 жолу жеңген
Ээси – Талас Бегалиев
Оюндагы позициясы – Чабуулчу
– Каракуш чабуулчулукту эң мыкты аткарган ат. Муну Таластагы Көк-Кашат деген айылдан Көк бөрү федерациясынын вице президенти Талас Бегалиев алып келген. Башында Каракушту Сейитбек Анарбек уулу чаап жүрдү. 2019-жылы бул атка Нуржан Мелисбек уулу минген. Экөө жакшы оюн көрсөтүп жатат. Негизинен көк бөрүдө Каракуштай тизгинди тартканда тык токтогон аттар оюнчуга аябай артыкчылык берет. Каракушка отурганы Нуржандын жылдызы жанып, 2019-жылы Нооруз турниринде хет-трик жасады, удаасы менен “Мыкты оюнчу” наамын жеңди. Чуркап баратканда тык токтоп буйтап, аттарды алдап өткөнү менен башка аттардан айырмаланат. Өзү анчалык деле чоң эмес, чыдамкай, жакшы чуркайт, тез токтойт, тай казанга жеткенде 90 пайыз токтоп берет. Муну илгери Таластагы жылкы заводго келген, атактуу Пакет деген айгырдын тукумдары дешет.
КӨК БӨРҮГӨ ЭМГЕГИ СИҢГЕН ГРОЗНЫЙ
Аты – Грозный
Жашы – 11
Ийгиликтери – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2 жолу, Президенттик кубокту 2 жолу, Нооруз турнирин 4 жолу, 9-Май турнирин 2 жолу жеңген
Ээси – Дамир Койчугулов
Оюндагы позициясы – Коргоочу
– "Ынтымак” командасында эң көп оюнга чыккан аттардын бири. 450 миң сомго келген. Бул ат Таластагы Грозный деген айылдан чыккан. Мурунку аты Арматура болчу. Илгери атактуу болгон Вандамм деген айгырдын тукуму дешет. Бул атты Дамир Койчугулов деген агабыз федерацияда вице президент болуп турган учурда алган. Чыккан жерине карап жана коргоочулукту мыкты аткарган айбаттуу ат болсун деп Грозный деп койгон экен. Чынында тай казанды коргоо позициясын мыкты аткарат. Жөөлөп, урган жагынан кыйын. Тай казандын түбүндөгү топтошуп турган додону жарып кирип, салым жарата турган бир топ учурлардан сактаган, салым салууга шарт түзүп берген мыкты аргымак. Мунун да баасы жок.
ЧААЛЫКПАС ЧАГЫЛГАН
Аты – Чагылган
Жашы – 7
Ийгиликтери – Президенттик кубоктун, Нооруз турниринин жеңүүчүсү
Ээси – Жылдызбек Музуратбеков
Оюндагы позициясы – Коргоочу, чабуулчу
– Чагылган “Ынтымакка” 2019-жылы келди. Бул Кара-Буура районунан алынган аргымак. 2018-жылы күзүндө Талас облусунун Көк бөрү федерациясы "Чүй-Талас ынтымагы" деген турнир уюштурганбыз. Ошондо "Кара-Буура" командасынын курамында чуркап көзгө көрүнгөн. Негизинен коргоочу милдетти аткарат. Кээ бир учурда чабуулга өткөн жагы бар. Аябай жеңил жылкы. Чоңдугуна карабай өзүн өтө жеңил алып жүрөт. Бою бийик болгону менен, үстү эңиштүү. Артыкчылыгы – күлүк, оозу жумшак, тизгинди тартканда токтогон элпек ат. Оюн алдында өзүн-өзү суутуп баштайт. Бир-эки жолу минилгенде эле жемин, чөбүн азайтып, өзүн оюнга даярдап баштайт. Мурунку аты Мерсин болчу. Бизге келгенде аттарды кыргызчалоо максатында Чагылган деп коюлган. Анан да аттын денесинде, ак чагылгандай болгон белгиси бар экен.
БАРКТАЛБАЙ, БИРОК БААЛУУ ЧЫККАН ЖЕЛТАМАН
Аты – Желтаман
Жашы – 7
Ийгиликтери – Президенттик кубоктун, Нооруз турниринин жеңүүчүсү
Ээси – Дамирбек Шабыралив
Оюндагы позициясы – Чабуулчу
– Желтаман – 2019-жылы Таласта өткөн Кичи көчмөндөр оюнунда Нарындын “Кыраан” командасында Ураган деген ат менен чыккан. Ошол оюнда команданын капитаны Жолдошбек Орозбаев атка кызыгып калыптыр. Оюнда биздеги Арбат деген кыйын атка тең тайлашкан. Атты көргөнү барсак, аябай арык экен. Албай кеттик. Анан Ноорузга даярдык башталып, ат алыш керек болуп калды. Балдар ошол атты алып бергиле дешти. Биздин федерациянын кеңешчиси Рамис Кудайбергенов 10 миң долларга жакын акчага командага алып берди. Капитан мине турган, таманынан жел учкан мыкты аргымак болуп чыга келди. Чуркаганына карап Желтаман деп ат койгон. Оозу жумшак, тизгинди тартканда дароо токтойт. Атаандаштын көп салымдарынан сактайт. Мүнөзү өтө татаал. Үстүндө отурган киши өзүнө ишене албаса, бул ат оңой эле жыгып кетет.
КЫЯЛЫ ЧОРТ БЕРЕКЕ
Аты – Береке
Жашы – 8
Ийгиликтери – Президенттик кубоктун, Нооруз турниринин жеңүүчүсү
Ээси – Дамирбек Шабыралиев
Оюндагы позициясы – Чабуулчу
– Береке – “Сары-Өзөн Рассветтин” сарайынан чыккан аргымак. Оюндагы негизги позициясы чабуулчу. Мүнөзү өтө курч, тынчы жок, кыялы татаал. Катуу ылдамдыкта баратса да мыкты бурулгандыгы, жакшы буйтай алганы, күлүктүгү менен өзгөчөлөнүп турат. 2018-жылы Ошто өткөн өлкө чемпиондугунда биздин команда менен Чүйдүн командасы беттешкен. Ошондо Береке бизге жагып калып, командага 5500 долларга сатып алганбыз.
ЧАБУУЛ МЕНЕН КОРГООНУН ЧЕБЕРИ САРМАТ
Аты – Сармат
Жашы – 7
Ийгиликтери – Президенттик кубокту 2 жолу, Нооруз турнирин 2 жолу жеңген
Ээси – Ренат Солтонов
Оюндагы позициясы – Чабуулчу, коргоочу
– Сармат белгилүү Кахармандын баласы. Күлүк коргоодо да, чабуулда да мыкты. Жоош, бирок оюн учурунда кыялын көрсөтөт. Аты Сармат деп орустардын ракетасынын атынан коюлган. Баасы 25-30 миң доллар болчу. Ээси Таластан болгондуктан команда үчүн деп 1 миллион сомго берген. Бул ат 2018-жылы "Бакубат Талас" командасынын Президенттик кубокту утуусуна себеп болгон. Кичи Көчмөндөр оюндарында Сарматты Майрамбек Рысбек уулу минип чыккан. Ал улакты алып тай казанга келген Манас Ниязовду койдуруп, улакты жерге түшүргөн. Жерден улакты эңген Дастан Сагынбек уулунун атын жетелеп алдыга чыгарып, аны көздөй келе жаткан атаандаштын атын тосуп, улакты өткөрүп алып тай казанга салган. Бул Сарматтын кызыктуу оюндарынын бири.
КӨК БЕТ АВАТАР
Аты – Аватар
Жашы – 10
Ийгиликтери – Президенттик кубоктун, Нооруз турниринин жеңүүчүсү
Ээси – Дамир Койчугулов
Оюндагы позициясы – Жекеме-жеке
Калыбек Алтыбаев, “Ынтымак” командасынын саяпкери:
– "Ынтымактын” саяпкери болгонума 6 жыл болду. Көк бөрүнүн аттарын таптоо оор. 12 аттын ар биринин өзүнүн тилин табыш керек. Аватарга токтолсом, бул ат Нарындан келген. Бишкекте бир чоң оюнда Нарындын командасы менен “Ынтымак” кез келип, толук түрдө болбосо да Аватар Ахиллеске атаандаштык жараткан. Ошондо мунун баасы көтөрүлүп, командага 16 миң 500 долларга сатылып алынган. Аватардын мүнөзү өтө татаал. Суутуусу оор. Оюн учурунда көк беттиги бар, тайманбайт, оюнчу улакты алмайынча тырышып тура берет. Чапчаң, кыймылы бат. Геркулестин ордун ушул Аватар басты.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Баалары эле асман чапчыйт го
Достуктун же Алатоонун аттарын деле чыгарып койсоңор
Asmat84, достуктуку өткөн сандарда чыккан
ушул аттардын кадыры айрымдардын кадырынан алда кайда бийик турат