АЙТМАТОВДУН МУЗАСЫ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Кыргыздын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова 79 жашында коронавирустан көз жумду. Залкар адамдын жан шериги, музасы болуп көп жылдар чогуу жашашкан. Айтматова Мария Урматовна 1942-жылы, 13-июлда Суусамыр өрөөнүндөгү Сегизинчи Март айылында туулган. Атасы Нурмат Шатиев кызыл армиянын аттарын таптачу. Апасы Гүлсүн Бакинова жумгалдык болуштун кызы экен. Мария атасынан эрте ажырап, апасы менен таянеси, таежеси менен чогуу жашаган. Кийин Москва шаарында ВГИКти бүтүп, кесиби боюнча сценарист болгон. Чыңгыз Айтматовго турмушка чыккандан кийин жазуучунун биринчи окурманы, чыгармаларынын редактору болгон. “Кылым карытар бир күн” романын өз колу менен терип чыккан. Артында үч баласы калды. Биринчи никесинен Чолпон аттуу кызы учурда Лондондо жашайт. Ал эми залкар жазуучу экөөнүн ортосундагы Ширин Айтматова жана Элдар Айтматов кыргыз элине белгилүү инсандар.

Аны көргөн-билгендер өтө жөнөкөй жана билимдүү болгонун, өмүрүн залкар жазуучуга арнаганын айтышат.

Эл оозунда жүргөн “Сагынганда бир келерсиң, саргайганда бир келерсиң Ала-Тоону көргөнү” деген саптар Мария Айтматовага арналганы да айтылып жүрөт. “Таң сыры” ырынын тарыхы тууралуу композитор Сардарбек Жумалиев буларды баяндап берген.

«ТАҢ СЫРЫНЫН» ТАРЫХЫ...

– “Таң сырын” элдин көбү ырдап жүрбөйбү. Убагында япон, корейлер да биздин тилде ушул ырды ырдашкан. Ырдын сөзүн жазган Аскар Исаев агам болот. Ал кыргыздан чыккан биринчи архитектор, кадимки Ак үйдүн долбоорун чийген адам.

Мария аттуу кыз менен Аскар байке Москвадагы жогорку окуу жайдан таанышып, жакшы сүйлөшүп жүрүшөт. Бирок кыз япон жигити менен кол кармашып чет өлкөгө кетип калат.

“Кала берем мекенимде сени эстеп,

Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.

Өтүнөрүм, көкүрөгүм элестеп,

Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо...”- деп ырдап жатпайбы. Жанар тоо дегенде Япония деп түшүнөбүз да биз.

“Таңшыгыча табышмактуу таң сыры,

Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.

Табалабайм, кайрылганда айт чынын,

Артык бекен башка жердин көркөмү?

Арбалсаң да бир келерсиң

Ала-Тоону көргөнү,

Сагынганда бир келерсиң,

Саргайганда бир келерсиң

Ала-Тоону көргөнү...”-

деп күйүтүнөн жазып жатпайбы. Кийин ырдын автору кыз мекенине кайтып келгенде ага жолугуп, студент кездеги сүйүүсүн эстеп ага карата сезими менен бул ыр жаралып калган. Чынында, кыргыздын балдар-кыздары чет мамлекетке барышат. Бирок баары бир өзүнүн жери тартып туруп алат. Куса болот, сагыныч күчөйт эмеспи. Дагы бир кызык жери – ошол кыздын Кыргызстанга келе албай жүрүп келгени болуп жатпайбы.

Азыркыдай башка өлкөнүн жарандыгын алып жашоо Совет учурунда өтө кыйын эле, мыйзам деген катуу болчу. Мария Япониядан өз өлкөсүнө кайта албай калып, анан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жардамы менен келген окшойт. Анда Чыңгыз Айтматов кыргыз кинематографиясынын катчысы болчу. Мария анын кол алдында иштеп калат. Кийин экөө баш кошуп, жазуучунун жары болуп калган.

Ырдын сөзүн окуп, Аскар байкеме “ушул ырыңызды бериңиз, мен обон чыгарайын” дедим. Кудай жалгап, ошондо жакшы обон жаралып калган экен, бүгүнкүгө чейин кары-жашына карабай ырдап жүрүшөт.

Муратбек Бегалиев, Кыргыз Эл артисти:

“ӨҢ-КЕЛБЕТИ, АКЫЛЫ АЙКАЛЫШКАН АЯЛЗАТЫ ЭЛЕ”

– Ал кишини өз көзүм менен көрүп, жакшы билген адам катары жалаң жакшы сөздөрдү айта алам. Улуу адамдын жары болуп, ушундай сонун үй-бүлөнү көтөрүп жүрүү ар кимдин колунан келе бербейт. Эженин адамгерчилиги абдан бийик эле. Бир чекилик кылып, туура эмес сөз сүйлөгөнүн байкадыңарбы? Мындай улуу үй-бүлө ар түрдүү сөздөргө аралашып кетет, чалынып калат. Ал эч нерсеге чалынган эмес. Чыңгызды Чыңгыз кылды. Агабыз ага чейин эле укмуш болчу. Бирок талантын токтотуп койбой андан ары көтөрүп, алдыга сүрөгөн эжекебиз болду. Өң-келбети, акылы айкалышкан аялзаты эле. Күүлүү-күчтүү жүргөн экен, пандемия алып кетпедиби. Арты кайырлуу, ыйманы саламат болсун.

Надырбек Алымбеков, Кыргыз Эл артисти:

“ЖЕҢЕБИЗ ЧЫКЕБИЗДИН ЖАРЫ КАТАРЫ ТАРЫХТА КАЛДЫ”

– Бул киши жөнөкөй, эстүү болгону үчүн улуу адамдын аброюна жарака кетирген жок. Мария жеңебиз кыргыз элине гана эмес, дүйнө элине Чыкебиздин жары катары таанылып, тарыхта калды.

Биздикине балдары менен көп келчү. Жакшы сүйлөшүп, үй-бүлөлүк жылуу мамиледе болдук. Чыңгыз агабыз Европадан келгенин укканда биз дагы жетип барчубуз. Колдо барды алып, козубузду союп дегендей. Ушундай жакшы адам менен замандаш болгонума Кудайга ыраазымын. Чыкебиз өзү тиги дүйнөгө кетсе да, балдарына, жубайына жүрөгүнүн жарымын таштап кеткен да. Мына бүгүн жүрөгүнүн жарымын узатып жатабыз.

Кайрат Иманалиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри:

“ЖАЗУУЧУБУЗДУН АКЫЛДАШЫ БОЛДУ”

– Мария Урматовна биринчи кезекте маданияттын өкүлү. Ал Москвадагы Бүткүл союздук кинематография инсти­тутунун сценаристтик бөлүмүндө окуп келип, кыргыз кинематографиясына эмгек кылган. Алгач Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча тартылган “Бото көз булак” көркөм фильминде режиссёрдун ассистенти болуп таанылган. Түркмөнстандын атактуу кинорежиссёру Ходжакули Нарлиев тарткан “Маңкурт” көркөм фильминин сценарийин жазган.

Жазуучубуздун биринчи окурманы, акылдашы болду. Улуу адамдын жанында жүргөндүгүнүн өзү бекер адам эместигинен кабар берет. Мария Урматовнанын жаркын элесин унутпайбыз.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 959, 22-28-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА