Нурмира Асанова, ырчы: “МАКСАТЫМ – ЖЫЛДЫЗ БОЛУУ ЭМЕС”

Интернетте кеңири тарап, көпчүлүк сүйүп уккан “Жаным”, “Аманат” ырларынын аткаруучусу Нурмира Асанова менен таанышып алыңыз.

– Саламатсызбы, Нурмира? Маегибизди сахнага койгон кадамыңыздан баштасак...

– 3-класстан баштап ырдаганым үчүн чыгармачылыкка жакын болуп чоңойдум. Ырчылык хоббим десем болот. Башка ырчылардай атактуулукка кызыкпайм. Элге өзүмдүн стилим менен таанылып келе жатам. Максатым – жылдыз болуу эмес. Болгону мага жаккан ырларды жеткиликтүү ырдоо. Жашоодо негизги масатым – сүйүктүү жар, бактылуу эне болуу.

– Кандай ырлар жагат? Кайсы ырчылардын ырларын көп угасыз?

– Жай, муңдуу ырлар жагат. Ырларымды угуп жүргөн күйөрмандарым кандай ырларга басым жасаганымды байкап жатышса керек.

– Бек Борбиевдин “Жаным” ырын кавер аткардыңыз. Бул ырды казак кызы да ырдап чыкты. Ким мыкты аткарды деп ойлойсуз?

– Ырчылар көп, алардын угармандары да ар башка. Гүлмира аттуу ырчынын “Жаным” ырын казак тилинде ырдап чыкканын баалайм. Абдан жакшы ырдаган. Аны же өзүмдү мыкты ырдадым деп айта албайм. Аны өзүмдүн атаандашым катары көрбөйм. “Жаным” чыгармасын башында өзүм үчүн, элдин жакшылыктарына барганда ырдап жүргөм. Тойдо ырдаганым музыканттар аркылуу элге тарап кеткен. Аны жарым жыл өткөндө билгем. Андан кийин чыгармачылыкка кызыгуу пайда болду.

– Ырчы катары чыгармачылыкта өз ордун табуу үчүн өжөр болуу керек деп ойлойсузбу?

– Жаңы чыгып келе жаткан жаш ырчылардын катарынан өзгөчөлөнүш үчүн өжөрлөнбөйм. Бул мен үчүн биринчи орунда эмес. Башкы максатым – чыгармаларды жакшы аткаруу. Анан кичи пейил, адамгерчиликтүү болуш керек. Азыр шоу чөйрөдө хайп жаратып, пиар жасагандар көбөйүп жатпайбы. Мисалы, максатка жетүү үчүн чачты кырдырып салуу сыяктуу тобокелчиликтерге барууну каалабайм. Ырларым канчалык бийиктикке жетсе мен дагы ошол жерде болом.

– Чыгармачылыкта колдоо көрсөткөндөр барбы? Продюсер менен иштешесизби?

– Продюсерим жок. Бирок менеджер менен иштешем. Чыгармачылыгыма жакындарым колдоо көрсөтүшөт. Жалгыз иштеген оор экен. Ыр жаздырарда каражат жетпей ачка калган учурлар болду. Чыгармачылыкка аралашкандан кийин сыноолор болот тура.

– Ыр жазып, обон чыгара аласызбы?

– Обон чыгарам. Ыр жазганга аракет кылып көрдүм, бирок жеткиликтүү жаза алган жокмун.

– Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?

– Эки жаңы ырга Өзбекстандын Ташкент шаарына барып клип тартууга даярданып жатабыз. Эгер жетишсем күзүндө концерт берем.

Эң негизги планым – үй-бүлө куруу болчу. Эми чыгармачылыкта бир аз иштешим керек. Буюрса, 2 жылдан кийин турмушка чыксам болот. Жүрөгүмдүн ээси бар же жок экенин айта албайм. Өмүрлүк шеригим жөнөкөй, сабырдуу болсо деп тилейм.

– Маегиңизге рахмат. Пландарыңыз ишке ашсын!


Гүлдана Мамадали кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
zhazgul98
2021-04-26 09:20:15
Үнү укмуштай сөз жок. Анан дагы сулуу кыз экен. Ар дайым гүлдөп турган сулуулукту, жашоого болгон өчпөс эрк, укмуштуу идеяларды, чыгармачылыкта жана эмгекте ийгиликтерди жарата бер, көзүңдө бактылуулук, жан дүйнөңдө майрамдар кетпесин.
0
№ 959, 22-28-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан