Түркия, Кыргыз өлкөсү, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын Улуттук футбол ассоциациялары кызматташуу тууралуу көп тараптуу келишимге кол коюшту. Документке кол коюу аземи онлайн форматта өтүп, иш-чарага Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов катышты.
– Түркия футбол федерациясын тарыхый келишимге кол коюуну уюштургандыгы үчүн баса белгилеп ыраазычылык билдирем. Бул келишимге кол коюу үчүн бир канча айлар, бир катар сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кыргыз футболдук союзу тарабынан меморандумга жазылган шарттар толугу менен аткарылып, өлкөлөр арасында байланышты күчөтүп, кызматташуубузду активдештирет деп ишенем. Аталган меморандум ар бир өлкөнүн футболдук ассоциациялары үчүн футболду өнүктүрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк,- деп белгиледи Канатбек Маматов.
Меморандумдун максаты – аталган өлкөлөрдүн ортосунда футболдук кызматташууну активдештирүү. Футболдук ассоциациялар машыктыруучуларды окутуу, калыстар менен алмашуу жана аларды окутуу, ошондой эле өлкөлөр арасындагы ар кандай курактагы улуттук курама командалар менен жолдоштук беттештерди уюштуруу жана Түрк кеңешинин Кубогун өткөрүү боюнча сүйлөшүштү.
Жолдубек Качкынбаев