КОЙ (21.03-20.04)
Болуп жаткан окуяларды сырттан карап, өзүңүзгө туура стратегияны ички туюмга таянып тандап алууңуз кажет. Эски байланыштар жанданат, иште бир топ өзгөрүүлөр болот. Чөйрөдө ашыкча сүйлөйм деп сөздөн чалынып албоо керек. Жакындарыңызга жардам бересиз же алар менен бир жакка барып келесиз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Өжөрлөнүп, беттегениңизди бербей алга жылышыңыз керек. Ошондо тапканыңыз көбөйөт. Пландарыңызды ачыкка чыгарбаңыз, сөздү, бут тосчуларды көбөйтөсүз. Оптимисттик маанайда калуу үчүн асан кайгы, ушакчыларга жолобоңуз. Үйдөгү сынган буюмдардын ордуна жаңысын сатып алуу маселеси чыгат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Максатка жетүүдө эмнелер тоскоол болуп жатканын анализдеп, чечимдерди кабыл алыңыз. Өз кызыкчылыгыңызды коргойм деп элге жаман көрүнүп калбаңыз. Чөйрөдөгүлөр бир топ жаңылык айтып келишет. Сүйүү жаатында куру кыялдарды жыйыштырып, активдүү аракетке өткөнүңүз оң. Үйдү ээн калтырбай уурулардан коргоо керек.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Көп акча табуу үчүн жаңы идеялар менен активдүү иштөөнү улантыңыз. Иште майда сөздөргө маани бербеңиз. Ички комплекстерди жеңип, чечкиндүү чечимдерди кабыл алып, жашооңузду оң жакка өзгөртүүгө аракеттениңиз. Сезимин билдирген адам чыгат. Керектүү нерсени издеп базар кыдырууңуз ыктымал.
АРСТАН (23.07-23.08)
Сиз пландаган нерселердин ишке ашышы же ашпашы бул аптада сизден эмес, кырдаалдан көз каранды болот. Өзүңүздү токтоо кармап, жүргөн жериңизде будуң-чаң чыгарып ийүүдөн абайлаңыз. Күтүүсүз жерден бир иш-чараны уюштуруу тапшырылат же жагымдуу кабар угасыз. Жакындарыңыз материалдык колдоо көрсөтүшөт.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Иштериңиз артка кетип, өзүңүздүн алыңыз жетпей тургандай тоскоолдук чыгат. Керектүү адамдар менен сүйлөшүп, маселелерди чечүүгө киришиңиз. Шектүү сунуштарга макул болбоңуз, өкүнүп каласыз. Маанайыңызды жакшы жаңылык көтөрөт. Акча күтүүсүз жерден керек болуп калышы мүмкүн, ашыкча коротпоңуз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Өз күчүңүзгө ишенип ашыкча милдеттерди моюнга артып алганыңызды сезесиз. Арга жок, баарын аягына чейин бүтүрүү керек. Сүйүктүүңүз менен болгон мамилеге доо кетиргиси келген адам ким экени бир кырдаалдан улам айкындалат. Тааныштар үйүңүзгө баш багат. Бош убакта чуркаңыз, басыңыз ден соолукка кам көрүңүз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Иштин көптүгүнөн өнөкөт чарчоо алсырата баштайт. Бирок эс алуучу убакыт эмес. Андыктан массаж алыңыз, табият коюнунда эс алыңыз. Коомдук жайда бирөөлөр менен чатакташууга жетпеңиз. Балдар бир топ түйшүк тарттырат. Туугандар менен чогулуп, кайсы бир маселе боюнча кеңешүүңүз күтүлүүдө.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Көпчүлүктүн көңүлү сизге бурулушун каалайсыз. Ага өзүмчүлдүк менен жетүүнүн кереги жок. Жетекчилик менен сылык мамиледе болуңуз, урушуп калсаңыз ордуңуздан кол жууп калууңуз мүмкүн. Сүйүктүүңүз өзүнүн оюн, чечимдерин айтат. Мүмкүн, анын айткандары туурадыр, ой сынынан өткөрүп көрүңүз. Белектүү болосуз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта көп мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Орчундуу делген иштерди бүтүрүүгө же жаңы жөндөмдү өздөштүрүүгө ашыгыңыз. Сатуу, сатып алуу ойдогудай жүрөт. Курулуш жааты же үйдүн ички жасалгасы ойлондурат. Аласа-береселерди такташасыз. Апта аягында энергия азаят, алыс жолго чыкпай, оор иштерден оолак болуңуз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Айрымдар иш ордун алмаштырса, кээ бирлер буга чейин аягы туңгуюкка кептелген маселесин чечип, жеңилдейт. Кокустан таанышуу башы боштордун жеке жашоосуна өзгөртүү киргизет. Тааныштар менен чогулуп өткөн күндөрдү эскересиз. Көчөдө, унаада шашкалактабаңыз, акча же документти түшүрүп алуу коркунучу бар.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Жумушта жакшы өздөштүрбөгөн иштерди бүтүрүүдө кыйналасыз. Бирок аны жасасаңыз жетекчилик айлыгыңызды көбөйтөт же кызматтан жогорулатат. Соода менен алектенгендердин тапканы көбөйөт. Сизге кымбат адамдарга көбүрөөк көңүл буруңуз. Дем алышта үйдөгү майда иштерге кармалбай, активдүү эс алууну пландаңыз.