БИР КЕЗДЕГИ ПОПУЛЯРДУУ ЫРЧЫЛАР КАЙДА?

Шоу-бизнес жаш ырчылар менен толукталып жатат. Ал эми чыгармачылыктан алыстап, ырлары жаңырбай, сахнадан көрүнбөй кеткен ырчылар азыр кайда, эмне менен алек? Чыгармачылыктан алыстоого эмне себеп болду? Убагында популярдуу болгон айрым ырчыларга суроо салдык.

Ирлан Таалайбеков:

“9 ЖЫЛДАН БЕРИ ТАМАДА БОЛУП ИШТЕЙМ”

Ирлан Таалайбеков кезинде “Гүл бакча”, “Өмүр чиркин”, “Отуздан ашып баратам” деген уккулуктуу ырлары менен эл оозуна алынган. Соңку жылдары сахнадан алыстап кеткен ырчы учурда тамадалык менен алек экенин айтат.

– Арыбаңыздар! Учурда өлкөбүздө үй-бүлөм менен жашап жатам. Үч баланын атасы болдум. Бишкекте 8-9 жылдан бери тамада болуп иштеп жүрөм. Там салып, тапканымды үй-бүлөмө жумшап, керегиме жаратып жатам. Ал эми чыгармачылыктан эмнеге алыстап кеткенимди өзүм деле билбейм. Бирок ырларым бар. Аларга клип тартуу пландарым да бар. Сөздүн ачыгын айтканда, чыгармачылыкка кайрадан киришүүгө жалкоолугум себеп болуп жатат. Баягыдай жылдыз болоюн деген максатым деле жок. Бир аз элге көрүнүп койсок болду, ошол эле жетишет. Ырчылыкка эми кесибим эмес, хоббим катары карайм.

Сауле:

“ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА МУРУНКУДАЙ КААЛООМ ЖОК”

6 жашында сахнага “Сауле, Сауле” деп рэп айтып чыккан кичинекей кыз эсиңиздеби? Азыр ал бой жетип, студент болду.
Сауле чыгармачылыктан алыстап, өзү сүйгөн кесиби боюнча билим алып жатат.

– Мен Казакстандын Алматы менеджмент университетине (AlmaU) окууга өтүп, менеджмент кесиби боюнча билим алып жатам. Учурда 2-курста окуйм. Пандемияга байланыштуу Бишкекте онлайн окуп жатам. Дем алыш күндөрү шаардагы ресторандардын биринде администратор болуп иштейм. Негизги жумушум жарнамалык компания менен иштешүү. Андан тышкары өзүм үчүн ырдайм, бийлейм. Бул хоббим. Чыгармачылыкка мурункудай илхом, кызыгуум да жок. Мурда сахнада ырдап, бийлегенге кызыкчумун. Жан дүйнөм менен берилип даярданчумун. Азыр багытымды өзгөрттүм. Себеби башка кесипти тандадым. Мени көбүрөөк бизнес жааты кызыктырат. Алдыда чоң пландарым бар. Жеке ишкерлигим менен бир нече долбоорлорду ишке ашырсам дейм. Убагы келип үй-бүлө куруп калсам, ар дайым жаш эне бойдон жүргүм келет. Бирок азырынча турмушка чыгууга шашпайм. Мен үчүн азыр татыктуу билим алуу жана өз кесибимдин ээси болуу негизги максатым.

Дархан Эшеналиев:

“БИР АЛЬБОМ БОЛО ТУРГАН ЫРЛАРЫМ БАР”

Кыргыз шоу-бизнесинде орус жана кыргыз тилинде ырдап таанылган, “Как выйти замуж за Гу Чжун Пё” тасмасындагы узун бойлуу, келишимдүү жигит баарыбыздын эсибизде болсо керек. Ырчы, актёр Дархан мырза учурда үй-бүлөсү менен Түштүк Кореяда жашап жатканын билдирди.

– Саламатсыздарбы, “Супер-Инфонун” окурмандары? Үй-бүлөм менен Кореяда жашап жатканыма 4 жыл болду. Учурда Инчон шаарындабыз. Жакында эле кыздуу болдук. Биринчи жолу ата статусуна ээ болдум. Кыргызстанга барып-келип жүргөнбүз, COVID-19 пандемиясына байланыштуу эч жакка чыга элекпиз. Кызыбыз жаңы эле төрөлгөндүгүнө байланыштуу азырынча Кыргызстанга бара албайбыз. Буюрса, келерки жылы жазында, кызыбыз 1 жашка чыгып калганда биротоло өз өлкөбүзгө кетүүнү пландап жатабыз. Кыргызстанды аябай сагындык. Башка мекендештер кантип жашап кетишет, билбейм. Бирок мен такыр көнө албай койдум. Бөтөн жер канчалык жакшы болсо да баары бир өз өлкөң жогору турат экен. Азыркыга чейин бул жактын тамак-ашына көнө элекмин. Бирок үйдөн келинчегим өзүбүздүн улуттук тамак-ашыбызды жасап берет. Бизге беш бармактан өтөрү жок.

Азыр Кореядан чыккан товарларды чет өлкөлөргө экспорттоп иштейм. Андан тышкары чыгармачылыкты дагы чогуу алып кеткенге аракет кылам. Бул жакта орус тилдүү жашоочулар көп. Алар чакан майрамдык иш-чараларды өткөрүп турушат. Ошол жакка музыкант, тамадалар менен барып ырдайбыз. Чыгармачылыгым токтой элек, эч качан токтотпойм. Ырлар жазылып жатат, буюрса, бир альбом болчу жаңы ырларым бар. Кыргызстанга барганда чыгармачылыкка кайрадан активдүү киришем.

Бураш:

“Убактымды балам менен өткөрүп жатам”

“Мысли о тебе”, “Зависима” аттуу ырлары менен таанылган ырчы Бураш соңку жылдары чыгармачылыктан алыстап кетти. Учурда ал эне бактысына ээ болуп, чүрпөсүн тарбиялоо менен алпурушуп жатканын билдирди.

– Үй-бүлө кургандан бери чыгармачылык менен убактылуу алектенбей калдым. Эне болуп, балам менен алекмин. Уулубуз Эльмарга 6 ай болду. Эне болуу абдан сонун экен. Сезимдеримди сөз менен жеткире албайм. Азыр убактымдын көбүн балам менен өткөрүп жатам. Чыгармачылыкты биротоло таштаган жокмун. Буюрса, жаңы чыгармалар менен сахнага чыгуу пландарым бар. Бирок жакынкы убактарда деп айта албайм.


Гүлдана Мамадали кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Asmat84
2021-04-26 20:13:28
Убагында 1ыры менен ырдап чыккан ырчыларды эстей бербей убагында кыргыз эстрадасына опол тоодой салым кошкон кыргыз эстрадасынын алгачкы ырчылары Жаш кыял тобу, Ашим Ахмедов, Кыргызстан+,Айшабубу Мамбетова деген агай эжелерибиз бар эле ошолорду бир эстеп, ошолордон маек алгылачы сураныч
+10
Mister-XXX
2021-04-27 00:58:02
Буларды тааныбайт экемин.Доорон Нуриев деген ырчы бар эле.Ынак Осмоналиев деген ырчы бар эле.Ш.Аскарова эжебиз чыкпай калды.Ушул ырчылардан маек алгылачы.
Айрыкча,Доорон Нуриев такыр эле жок болуп кетти.
+4
Nursul
2021-04-27 12:35:25
Мындай 1 2 ыр ырдап жоголуп кеткен ырчыларды чыгара берсеңер бир жылдан кийин гезит бетине мындай ырчылар толуп кетет азыр 1 ыр ырдап жоголуп кеткен ырчылар көпко.
+4
munduz2016
2021-04-28 06:47:06
Бирин да тааныбайт экенмин.Кудайберген Кутуев жөнүндө маалымат берсенер.
+4
№ 959, 22-28-апрель, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан