АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 261 турниринин алкагында кыргыз мушкери Валентина Шевченко бразилиялык Жессика Андрадени техникалык нокаут менен утту. Муну менен ал 5-ирет чемпиондук наамын коргоду. Шевченко беттештин 2-раундунда атаандашын жыгып, эки колун бууп, үстүнө чыгып, дембе-дем соккуларды узатканда калыс беттешти токтотту.
Жеңишинен кийин Валентина Шевченко адатка айланган лезгинкасын бийлеп, Кыргыз өлкөсүнө салам жолдоду. Шевченко бул беттеш үчүн 430 миң доллар алды.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Altyn10076
2021-05-07 00:05:54
Азамат алга дагы ийгиликтерге жетиш
0
Asmat84
2021-05-09 03:22:56
Супер инфо биздин баатыр кызыбыздын ийгиликтерин айтып келе жатып эле канча акча алганын да кыстара кетипсинер аа
0
bulathan
2021-05-10 09:18:19
Asmat84,ал да кызык маалымат го биз учун
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.