Толгонай Арзыкеева, ырчы: «БИРИНЧИ СҮЙҮҮМ МЕНИ ЫРЧЫ КАТАРЫ ТААНЫТКАН»
Көпөлөктөй жеңил, кумурскадай эмгекчил бир кыз бар. Ал Толгонай Арзыкеева. Актриса катары таанылып, ырчылык өнөрү менен элге белгилүү болгон бийкеч бул жолу жашоосундагы мырзалар тууралуу баяндайт. Жан дүйнөсүнө сапарга чыктык, бирге болуңуз.
“ЧОҢ АТАМ”
- Чоң атам чыгармачыл адам. Бабам Арзыкенин жалгыз баласы болгон экен. Анын жаш кези кыйла эле оор өтүптүр. Жаштыгында ыр жазчу, азыр ырларын жыйнак кылып чыгаралы деп жатабыз. Чоң атамдын ырларын окугам, сонун жазат. Фотоаппарат менен, калем менен да сүрөт тартат. Азыр жашы 83кө келип калды, бирок башкача, заманбап ойлонот.
Чоң атамдагы чыгармачылыкка кызыгуу мага да өткөн болуш керек. Анткени Таластан 6 жашымда “музыкалык окуу жайында окуйм” деп көк беттенип жатып борборго келип окуп калгам. Мукаш Абдраев атындагы мектепте жатаканада жашачу элем. Үйдү сагынып ыйлаганда атам “ыйласаң айылга кеттик” десе, дароо жашымды сүртүп ыйлабай калар элем. Музыкалык окуу жайды бүткөндөн кийин Улуттук консерваторияга тапшырмакмын. Күтүүсүздөн башка кесипти тандап, бизнес башкаруу бөлүмүнө тапшырып калдым. Кийин чыгармачылыкка жакын деп журналистика бөлүмүнө тапшырдым, азыр окуп жатам.
“АТАМ”
- Атама өтө жакынмын. Таластык эмеспи, эч качан апама жардам берип же үй жумуштарына аралашып көргөн эмес (күлүп). Негизи аялына жардамдашкан жакшы сапат, ошентсе да атам андай кыла албайт. Сырткы жумуштарды, үй-бүлөнү камсыздоо, чоң маселелерди чечүү бүт атамдын моюнунда. Апама жардам бербегени менен “кыздарыма мүнөзү жумшак күйөө жолукса экен” деп тиленет (күлүп). “Силерге жардам бергенден намыстанбаган жигит тапкыла. Күйөөңөр подкаблучник болсо экен” деп сиңдим экөөбүзгө айта берет. Байкасам, биз баары бир атама окшош жигит издейт окшойбуз (күлүп).
Атам ата-энесинин жалгыз баласы. Жалгыз болгону үчүн көзүн карашканбы, же кооптуу деп ойлошконбу, спорт менен машыгуусуна ата-энеси каршы чыгыптыр. Атам жашырынып машыкчу экен. 18 жашында борборго барса “сени менен тең жигиттер азыр чемпион болушту, кеч калдың” дешиптир. Өзү жетпей калган кыялы болгон үчүнбү, атам 3 инимди кичинесинен эркин күрөш менен машыктырды. Кээде уулдары менен өзү кошулуп машыгып калат. Апам кичинесинде ырчы болгусу келчү экен, таята-таенемдер “ырчы болбойсуң” деп каршы чыгып, ырдатпай коюшуптур. Апамдын кыялын мен орундатып, инилерим атамдын кыялын орундатып калышты. Кээде ата-эне жетпеген кыялын балдары аркылуу орундатат тура. Атам башында ырчы болушума каршы болчу, ошентсе да ал менин шыгымды, каалоомду көрчү. Атам менен бардык нерсени ачык сүйлөшө алам. Мага сиңдиме караганда эркиндик көбүрөөк берилген деп ойлойм. Ал кеч калса издеп телефон чала башташат. Мага ишенишеби, кечиксем тынчымды алышпайт. Кээде атам “кызым, эрте келчи” деп суранып калат. Экөөбүз мелдешкенбиз, мен түнкү 12ден кечиксем ага айып пул төлөйм. Ал бардык жигиттеримди билет (күлүп).
“СҮЙҮКТҮҮМ”
- Нурсултан менен 4 жылдан бери таанышпыз. Жигитим менен социалдык тармактан таанышып калганбыз. Учурда АКШда жашайт, окуйт. Алгач тааныш болуп жазышып жүргөндө ал Кыргызстанга келиптир. Мага “жолукпайлыбы?” деп жазса көрбөй калыптырмын. Анан кетип калыптыр. Баракчасынан бул жакта экенин көрүп алып мени менен жолукпай кетип калганына таарынып калгам. Ошондо жолукпай калганбыз, бир жылдан кийин Швейцариядан учуп келген курбумду тосуп алганы аэропортто турсам, Нурсултан чыгып калды. Сүрөттөрүнөн керсейген, боюн көтөргөн жигиттей көрүнчү. Жанына келсем жылдыздуу, өтө жөнөкөй жигит экен. Мамилебиз ошентип башталган. Үч жылдан бери кыз-жигитпиз. Аралыктан кыз-жигит болуу кыйын, мен чыдабайм го деп ойлогом. Бирок билинбей эле 3 жыл өтүп кетиптир. Жашмын да, жигити менен ээрчишип жүргөн курбуларымды көрөм, анда таарыныч пайда болот.
Байкасам, акыркы күндөрү менде бир мүнөз пайда болду, назиктигим жоголуп, баарын өзүм кылам деп калдым. Менин табиятым андай эмес да, алсыз, назик болгум келет. Кээде таарынычтар күчөп, “мамилеге чекит коёлу” деген талаптарым болгон. Бирок ал мени такыр коё бербей койду. Башында АКШга чогуу кетели дегенде көнгөн эмесмин. 6 жашымдан бери ырчы болом деп талантымды таптап жүрсөм, баарын таштап кете албайт элем. Нурсултан жигит катары укмуш болбошу мүмкүн. Бирок маңдайыма жазылып жолдошум болуп калса биз бактылуу болобуз деп ойлойм. 5 маал намаз окуган, убада кылса аткарган, чыныгы мырзалык сапаттары бар. Баарыңарга белгилүү болгондой, ал ырчы Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим эженин иниси. Кээде мен Нурсултандан да эжесин жакшы көрөмбү деп ойлоп кетем. Кээде ал таламымды талашып, инисине бир нерселерди айтып калат (күлүп). Азыр чыдап жатам, ошентсе да жашоодо ар түрдүү нерсе болуп кетиши мүмкүн.
“БИРИНЧИ СҮЙҮҮМ”
- Ар бир эле кыздын алгачкы сүйүүсү болот эмеспи. Аты айтып тургандай, алгачкы сүйүү көп учурда ийгиликтүү болбойт. Ага жолукканда студент болуп, чөйрөм да алмашып жаткан учур эле. Өзүмдү издеп жаткан оор мезгилде жашоомо кирди. Чыгармачылыгыма салымын кошту десем болот. “Үнүң жакшы, ырдап берчи, сен ырчы болушуң керек” дей берчү. Эми сүйүктүүңө башкача илхом менен ырдайсың да. Ага ырдап берген ырларды баракчама жүктөгөндө катталуучуларым көбөйүп, ырчы катары таанылгам. Ал менин жашоомо ушул миссия менен келип, өз миссиясын аткарып чыгып кетти деп ойлойм.
Нуржамал Жийдебаева
Кыстарылган видео
"Жигитиме таарындым, мамилебиздин келечеги андан көз каранды" дейт Толгонай Арзыкеева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
zhazgul98
2021-05-03 10:15:11
Дайыма өсүп өнүгө бер. Омур бою ушундай сулуу, келбетуу, татынакай болуп журо бер. Башкалардын чектелген ой жүгүртүүлөрү сенин жашоонду эч качан чектебесин. Сен жөнүндө терс жакты чагылдырган ойлорго көңүл бөлбө. Сени башкалардан бөлүп турган нерсе бул сенин күчтүү мүнөзүң. Сага башкалардын ою кандай экени маанилүү эмес. Сен жөн гана өз ишиңди мыкты жасай бер. Баардык кыздарга сулуулук каалайм. Сулуу, келбетүү болууга умтулгула.
-6
Supsuluu
2021-05-03 15:18:31
zhazgul98,жана да чачынарды кое бергиле)))
+10
Datka7777
2021-05-09 20:11:45
zhazgul98,21 кылымдын манкурту
0
karabet
2021-05-05 21:02:55
Молодчина Толгоной
Дай вам Бог всего хорошего здоровья и счастья
Спасибо вам за то что вы есть
+1
Dembele84
2021-05-07 10:05:48
Нурматка эле тийсен болмок
+1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.