Саясатчы Өмүрбек Текебаев мамлекеттик чек араны тактоодо бийлик башында тургандар көсөм, көрөгөч болушу зарыл экенин айтып чыкты. 27-апрелде Текебаев “Ата Мекендин” мүчөлөрү менен жыйын өткөрүп, анда Кыргыздын стратегиялык аймактарын шашылып, билип-билбеген шартта коңшу өлкөлөргө өткөрүп жибербөө керектигин эскертти.
Кемпир-Абад, Орто-Токой суу сактагычтары Кыргыздын стратегиялык аймагы, алар чек араны тактоодо эч качан соодалашуунун предмети болбошу керек деген Текебаев буларды билдирди:
– Бизнесте гана эмес, эл аралык мамилелерде да достук болбойт. Жетекчилери жылмайып сүрөткө түшүп, далыдан таптап койсо эле жибип кетпеш керек. Эч ким бизди сагынып күтүп отурбайт, коңшулар 50, 100 жылдык пландарын түзүп, тузактарын даярдап коюп “кимиси биринчи келип түшөт?” деп күтүп отурушат. Бул аларды душман, жаман дегендик эмес, жашоонун мыйзамы ушундай. Мына, Токмокко жакын жердеги айланма жолдо боордош, тууганбыз деп жүргөн Казакстандын 2 гектардай жери биз жакка кирип кеткен. Эбегейсиз кенен аянты бар туруп Казакстан эмне үчүн ошол кичинекей жерди бизге берип койбойт? Анткени стратегиялык жер, эртең бирдеме болуп кетсе трассаны бууп салабыз деп кармап турушат. Бишкек-Ош жолундагы Бүргөндү тилкесинде Өзбекстандын 4-5 гектар жери үчүн тоону аралап айланма жол менен өтөбүз. Эмне үчүн 8 миң гектарлап жер берип жаткан Өзбекстан ошол жерди алмашууну сунуштабайт? Кемпир-Абад, Орто-Токой суу сактагычтары кол тийгис, чек араны тактоодо сүйлөшүүнүн, сооданын предмети болбойт деген позицияда турушубуз керек. Биз 100-150 жыл кийинкини, чөбүрөлөрүбүздүн жашоосун ойлонууга тийишпиз. Кемпир-Абад боюнча Камчыбек
Ташиев өз жаңылыштыгын моюнга алды, катачылыкты моюнга алуу да эрдик.
Ташиев баарын ачык айткандан улам жагдайды коомчулук билип, кеңешип токтотуп калдык.
Айта кетсек, буга чейин Кемпир-Абаддын аймагынан коңшу өлкөгө жер алмашууга жергиликтүү эл каршы чыгып, Кыргыз бийлиги бул аракеттен кайткан.
Жолдубек Качкынбаев