МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗ 5 МИЛЛИАРД ДОЛЛАРГА ЧУКУЛДАДЫ

Кыргыз өлкөсүнүн карызы 2021-жылдын февраль айына карата 4 миллиард 948 миллион 570 миң долларды түздү. Каржы министрлигинин маалыматына таянсак, мунун 4 миллиард 212 миллион доллары тышкы карыз, 736 миллион доллары ички карыз болуп саналат. Жалпы карыз улуттук валютада – 419 миллиард 391 миллион сомдон ашык. Мамлекеттик карызды өлкөнүн ар бир жаранына бөлгөндө, учурда 1 адамга 745 доллардан тиет. Карыздын көбү Кытайдын Экспорт-импорттук банкына тийиштүү.

Карызды төлөөнүн эң оор учурлары жакындап келүүдө. Расмий маалыматка таянсак, 2021-жылы карызды төлөөгө бюджеттен 34 миллиард сом каралды. Мунун 20 миллиард сому тышкы карызды жабууга жумшалат.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз тарап карызды төлөө боюнча Кытай өлкөсүнөн жеңилдик сураган.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 960, 29-апрель-5-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан