Бишкекте 1 жаран терезенин темир торуна кыпчылып калып, ӨКМ тарабынан куткарылды. Бул тууралуу 27-апрелде аталган министрликтен билдиришти. Окуяны милиция иликтеп, куткарылган адам ажырашып кеткен аялынын батирине жашыруун кирмекчи болгон киши экенин аныктады.
Маалыматка таянсак, Бишкектин тургундарынын бири С.А. 19-мартта милицияга кайрылып, Д.Ч. аттуу жаранга чара көрүп берүүнү суранган. 21-апрелде Д.Ч. Октябрь РИИБи тарабынан кармалып, эч жакка кетпөө тил каты менен коё берилген. Ал жарандын катышуусундагы 2 кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы айтылат.
– Сурак учурунда шектүү жаран аталган батирде мурда расмий түрдө ажырашып кеткен аялы С.А. менен жашагандыгын көрсөткөн. Жакында турак жай боюнча көйгөйлөр жаралгандыгына байланыштуу ал ашкере чараларды көрүп, терезеден кирүүгө аракет кылганын айткан,- деп билдиришти милициядан.
Жолдубек Качкынбаев