«Жамгыр» чыгармасын жүрөккө жеткире ырдаган Алтынай Асанбекова аттуу ырчыны билсеңиз керек. Ал гитаранын коштоосундагы жагымдуу ырлары менен кыска убакытта өз күйөрмандарын тапты. Ырчынын чыгармачылыкка кантип аралашып калганы жана максаттары тууралуу жакындан билип алыңыз.
Туулган жылы – 1993-жыл, 20-февраль
Туулган жери – Нарын облусу, Кочкор району, Семиз-Бел айылы
Билими – Кыргыз улуттук консерваториясынын алдындагы 2 жылдык студияны, Кыргыз улуттук агрардык университетинин жерге жайгаштыруу факультетин аяктаган.
Репертуарындагы ырлар – “Жамгыр”, “Бул күз” жана башка
Учурда – Кыргыз мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын кызматкери
Үй-бүлөдө – 4 бир туугандын кичүүсү, бойдок
– Саламатсызбы, Алтынай? Башка кесиптин ээси экенсиз. Ырдап чыгууга эмне түрткү болду?
– Кичинекей кезимден ырчы болууну каалачумун. Кыялымды орундатуу үчүн шаарга келип музыкалык билим алгам. Бирок эки жылдык болсо да музыкалык билимим бар, эми башка кесиптин ээси болоюн деп чечтим. Буга ата-энемдин кеңеши да таасир берди. Анткен менен жан дүйнөм музыкага тартылып туруп алды. Чыгармачылыкка аралашканыма эл да себеп болду. Ырдаганымды уккандар “үнүң жакшы турбайбы, ырдап чыкпайсыңбы. Сенин ордуңда болсом эбак клиптерди тарттырып, ырдап чыкмакмын” дешчү. Сахнага чыкпасам да ырым элге жайыла баштады. Ошондо чыгармачылыкка убакыт бөлө баштадым. Ырчылыкка 26 жашымда аттандым. Бул курак мен үчүн кеч эмес. Жазыла турган жаңы чыгармалар алдыда.
– “Жамгыр” ыры кыска убакытта популярдуу болду. Ырдын тарыхына токтолсок. Сөзү, обону кимге таандык?
– "Жамгыр" мага ийгилик алып келген ыр болду. Бул ырдын сөзү, обону өзүмдүн бир тууган агам Бакыт Илиясовго таандык. Мектепте окуп жүргөн кезде байкем гитара менен ырдап, мага да үйрөтчү. Негизи агам экөөбүз жакынбыз. Биздин музыкага болгон табитибиз окшош. Мен комуз ийримине барчумун. 6-классымда байкем шаардан гитара менен келип калды. Гитара менен ырдап жатканын көрүп кызыгып, үйрөнүп алдым. Комузду таштап, гитарага өтүп кеттим. Бир күнү байкем “жаңы ыр жаздым, угуп көрсөң” деди. Башында анча маани берген эмесмин. Ырды кайра-кайра угуп жатып кулагыма сиңип, жүрөгүмө жакын болуп калганда “ушул ырды ырдайм” дедим. Ал кезде консерваторияда окучумун. 2010-жылы бул ырды курбу кызым менен аткарып, аранжировкасын жасатып, радиолорго бергенбиз. Ал ортодо курбум турмушка чыгып кетти. Ал кезде интернет азыркыдай жайыла элек болчу. Ыр телефондон-телефонго өтүп элге тарап, чакан чөйрөдө угармандарын тапты. Ортодо тыныгуу
болду. Ошол убакта “ырыңды мага сатпайсыңбы?” дегендер болду. Казактар да сурашты. Бирок саткан жокмун, кавер ырдап чыкканга гана уруксат бердим. 2019-жылы кайрадан чыгынып ырга клип тарттырып, ырдап чыктым. Учурда клип Ютуб каналынан 2 миллион жолу көрүлдү. – Байкеңиз ыр жазса, сиздин үнүңүз жакшы экен. Үй-бүлөңүздөрдө таланттуулар көп го?
– Ооба, ата-энем да жакшы ырдашат. Чоң аталарыбыздын бири кыл кыякчы болгон экен. Өзүмдүн чоң атам сөзмөр, жамактап кыйын сүйлөгөн адам болуптур. Апам жактан таякемдин кызы таланттуу комузчу. Атам жактан ырчы Акбар Сүйүнбаев бар. “Аккан арыктан суу агат” дегендей, мен да таланттуулардын катарына кошулуп калдым.
– Бир учурда ырчы да болуп, өз кесибиңиз менен да иштеп жетишесизби?
– Эки жумушта иштеп кыйналган учурлар болот. Көп убактым мамлекеттик жумушта өтөт. Андан кийинки убакытты чыгармачылыкка бөлөм. Жумуштан көп суранбаганга аракет кылам, анткени башчыларыбыз уруксат беришпейт. Ыр жаздырууну, дагы башка жеке иштеримди жумуштан кийин бүтүрөм. Азыр телефон аркылуу көп жумуш бүтүрсө болот. Иштейм, ийгиликке жетем деген адам кыйынчылыктарга чыдап, баарына жетишсе болот.
– Эки чылбыр, бир тизгин колуңузда экен. Дагы башка эмнелер менен алектенесиз?
– Башка өнөрлөрүм деле жок. Үй жумуштарына көп кызыкпайм. Кыздарга тиешелүү жумуштарды жасабайм. Спорт да кызыктырбайт. Ошондуктан “менин ырчылык гана талантым бар” деп калам (күлүп). Бирок чыгармачыл адамдар табиятка жакын болот дешет. Мен дагы жаратылыш коюнунда эс алганды жакшы көрөм. Коомдук иштерге активдүү катышам. Мектептен эле лидерлик сапатым бар болчу. Университетте
дагы иш-чараларга активдүү катышчумун. Азыр жумушта деле ошондоймун. Өзүмө түйшүк артып алып убара боло берем.
– Алтынайдын мүнөзү кандай?
– Көпчүлүк “арманда калгансып кайгылуу ырларды аткарасың. Чоң сүйүүгө кабылдыңбы?” дешет. Ырдаганда гана кайгырып ырдасам керек. Жашоодо кайгымды да, кубанычымды да башкаларга айтпайм. Шайыр, тамашакөймүн. Жылдыз белгим Балык болгондуктан кыялкечмин. Кыялданып жүрүп чыгармачылыкты кеч баштаган окшойм.
– Үй-бүлө куруу планыңызда барбы?
– Албетте, бар. Бирок азырынча шашпай элемин. Убак-сааты келгенде турмуш курам. Чыгармачыл кыздардан жигиттер оолак болушат окшойт. Артымдан сая түшүп ээрчиген деле жигит жок. Инстаграм баракчамды карап “кой, бул үйдө отурбайт, жумуш жасабайт” деп ойлошот го. Менин чыгармачылыгымды түшүнгөн жигитти жолуктурсам сөзсүз турмушка чыгам. Азырынча иштеп, карьерамды түптөп алуу башкы пландарымдын бири. Буюрса, баары өз нугу менен баратат.
– Анда ийгиликтерди каалайлы. Сизден жаңы чыгармаларды күтөбүз.
Гүлдана Мамадали кызы