КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Силер эч жакка чыкпагыла! Азыр эле автобуска Сабинанын сүрөтүн чаптап кетишти. Кимдир бирөөдө маалымат бар окшойт,- Бекжан үнү калтырап чалып жатты.

– Ким чаптады? Сен каякта элең?

– Стоянкада. Бир мент келген. Ошол чаптады...

– Сенин автобусуңа элеби же баарына чапташтыбы?

– Баарына эле окшойт.

– Анда паникага алдырба. Болгону бизди катуурак издеп башташты. Бизди сен алып кете турганыңды азырынча эч ким биле элек.

– Билип калышкан болсочу?

– Билип калышкан болсо акча албай каласың... Сотто мени булар коркутушту деп арыз жазып кутулуп кетпей жаның жокпу?!

– Тилек, деги мага канча бергени жатасыңар?

– Аскар канча берем деди эле?

– 50 миң.

– Демек, мен 70 берем.

– Акчанын жарымы жасалма экенин билем. Мага ошол жагынан карматам деп ойлобо.

– Ультрафиолет ала кел. Ар бирин текшерип алсаң болот.

– Тилек, мени антип келекелебе! Мага акча эмнеге керек экенин билесиңби?

– Кызык эмес. Баарына акча керек.

– Менин улуу кызым оорукчан. Сага эмне менен ооруйт экени кызыксыз экенин билем. Бирок мен бардыгын кызым үчүн жасап жатканымды билип кой. Эгер мени алдачу болсоңор...

– Сени эч ким алдабайт, коркпо!

ххх

– Ким?- Сабина эч ким колдонбой калган эски үй телефонду ачуусу менен коё калган Тилектен кызыга сурады.

– Бекжан... Сенин сүрөтүңдү бүгүн автобуска илип кетишиптир. Билип калышкан окшойт деп дүрбөлөңгө түшүп алыптыр.

– Чындап эле билип калышкан жокпу?

– Жок. Бул милициянын кылып жүргөн эле иши. Өлкөдөн чыгып кетчү жолдорду бөгөгөнгө аракет кылып жатышат. Мени түйшөлткөн башка нерсе... Сашанын өлүгү кайда? Акча тууралуу Саша башкаларга айткан беле?

– Мен билбейм.

– Эгер башкалар да билишсе, менттерден биринчи бизди ошолор таап келишет. Алар менттерге окшоп церемония кылып отурушпайт дагы. Мууздап туруп эле, акчаны алып кетишет.

– Биз ага чейин өлкөдөн качып чыгып кетебиз...

– Чыгып кете алабызбы? Дагы жашырган сырларың жокпу, сулуу?

– Тилек...

– Дагы бир күтүүсүз сюрприз жасап жибересиңби дейм да. Сенден баарын күтсө болот турбайбы!

– Билесиңби, эгер сенде мага карата эч бир сезим калбаса өлкөдөн жалгыз эле чыгып кет. Мен чет жерде сенсиз жүрө албайм. Мен сен бар үчүн гана башка кылмышка барып, жашоомду жаңы барактан баштайм деп жүрөм.

– Оо... Эмне кылайын? Кол чабайынбы?

– Жок, мен чындап айтып жатам. Экөөбүздүн ортобузда мурункудай сезимдер кайрадан пайда болобу деп үмүттөнүп жүрөм. Эгер сен “жок, баары бүттү, өлкөдөн чыккандан кийин жолдорубуз бөлөк” десең, мен сени качырып жиберем да, бул жакта калам.

– Эмнеге бул жакта?

– Айттым го, тышка чыксам сени менен жаңы жашоо башташ үчүн чыгам. Андай болбойт десең, көл жээгинде эле өлгөнүм жакшы.

– Сенде керек болсо кантип өлүү тууралуу да сценарий барбы, ээ? Айтып берчи?

– Эгер билсең, ар бир келекелеп айткан сөзүң мени өлүмгө жакындатып баратат. Ооба, менин көл жээгинде өлүү тууралуу кыялым бар. Анын эмнеси бар экен?! Көлдүн жээгинде толкундун добушун угуп жатып өлсөм дейм.

– Кыял? Кайсы жинди өлүм жөнүндө кыялданат?

– Демек, сенде мага болгон сезим жок экен да, туурабы?- Сабина ыйлап жибербеш үчүн эрдин бекем тиштеп туруп калды.

– Туура. Сага деген сезим жок менде. Бирок өлкөдөн чыгып кетүүгө жардам берем десең кантип каршы болоюн?!

Кыз үндөбөй туруп калды. Тилек анын көздөрүнөн, жүрүм-турумунан бир нерсе байкагысы келди. Бирок кыз мелтирейт.

– Жардам бересиңби?

– Ооба, эмне кылуу керек?

– Мен өлкөдөн кетер күнү биз Чоң-Арыкка катып койгон баягы Ороздун жол тандабасын айдап, Көлдү көздөй жөнө. Бардыгы сенин артыңдан сая түшүшөт. Милициясы дагы, беркилери дагы... Колдон келишинче кечирээк кармалганга аракет кыл. Баары сага алаксып жатканда мен шашпай чыгып кетейин.

– Макулмун...

– Кааласаң көлдүн жээгине деле айдасаң болот. Балким, кыялың орундалат. Көл жээкте өлгүм келет деп жатпайсыңбы!

– Мага кетер күнүңдү гана айтып кой. Мен макулмун. Баарын алаксытып берем.

ххх

– Мирбек! Мирбек дейм,- Марс жанындагы керебетте жаткан Мирбекти ойгото албай убара.

– Оу,- деди бир кезде Мирбек чочуп.

– Мирбек, сага ким чалып жатат?

– Түшүнбөдүм?

– Мени алдайм дебе. Мен баарын угуп жаттым. Тилек тууралуу сурагандар кимдер?

– Марс байке, билбейм, чынында.

– Канча беришти сага?

“Тирүү беле? Кайда кетти?” деп сурады. Ушуга эле 500 доллар которушуптур.

– Түшүнүктүү... Мирбек, кийинки жолу чалганда телефонду мага бер, уктуңбу?

– Эми, братан, бул менин шабашкам болчу да...

– Келесоо! Тигил жакта жүз миңдеген доллар жатат. Азыр Тилекти кылмышкерлер да, менттер да издеп жатышат. Өзүбүз ментпиз деп эле менттер тарапта болуп алсак, биздин шеф, жанагы сенин Бакыт байкең бизге сокур тыйын карматпайт. Ошон үчүн жана сага чалып жаткандар менен иш алып барышыбыз керек. Телефонду мага бербесең деле өзүң айт. Бизде маалыматтар болот. Тилекти чогуу табалы, бизге доля чыгарып бергиле де. Сен 50 миң доллар, мен 50 миң доллар алып калсак жаманбы?!

– Крыса болуп калбайбызбы?

– Мен бай крыса болгонго каршы деле эмесмин. Мирбек, сен түшүнсөң ал жерде 700 миң доллар бар. Тилекти сен экөөбүз өзүнчө издейбиз. Эгер биринчи таап алсак акчанын баары биздики... Эгер жанагы сага чалгандар менен кошо тапсак, өлдү дегенде 50дөн алабыз. Же болбосо оозубузду ачып туруп беребиз. Тилекти менттер табат. Башкача айтканда, Бакыт биринчи табат, акчасын алат. Экөөбүзгө могу да жок!- Марс бармагын сөөмөй менен ортондон чыгарып көрсөттү Мирбекке.

– Анан таба алабызбы?

– Табабыз... Жакшы жашагың келеби сенин?

– Ооба.

– Анда табабыз. Же жанагылар табат. Алар тапса да долябыз болот.

– Бакыт таап алсачы?

– Бакытты адаштырыш керек. Аны жанагы сага чалгандар менен жолукканда сүйлөшөбүз. Сага чалса иштешели, жолугалы де!

– Хе, алар менттерге ишенмек беле?

– Ошон үчүн чалса трубканы мага бер. Мен көндүрөм аларды.

ххх

– Тиги кызыл Мерс табылды деп жатышабы?

– Ии...

– Каяктан табылды?

– Бишкектен эле табылды. Бирөө сатып алыптыр.

– Койчу...

– Чын. Сатып алган неме өзүнө каттатып алыптыр керек болсо...

– Омой! Кандайча?

– Нотариус менен эле сатыптыр кыз. Арзан эле берип коюптур. Тиги сатып алган неме Бишкекке келип, өзүнө каттатканда анан билинбедиби?

– Тууй энең! Анан?

– Ошо, шеф азыр сатып алгандарды суракка алып отурат өзү! Повезло, короче, сатып алган кишиге.

– Кайдан повезло? Машинасын алып коёт да.

– Эч кандай алып коё албайт. Баары мыйзамдуу болуп жатпайбы? Алар тиги кыз издөөдө экенин билишкен жок. Документи боюнча машина кызга таандык. Не дей алат?

Эки милиция кызматкеринин алдындагы лагманды шалпылдата ичип, кызуу талкууга кирип кеткенин Айка астыртан байкап, билмексенге сала алар айткан маалыматты блокнотуна тизмектеп жазып жатты. Дубалдын да кулагы болот деп бекер айтылбаган чыгар. Бирок көпчүлүк учурда милиция кызматкерлери дал ушул ашканага келгенде чуулгандуу иштерди талкуулап башташат. Бул ашкананын персоналы эмнени түшүнмөк эле дешеби? Айтор, белгисиз. А Айка үчүн бул ыңгайлуу. Бул маалыматтар ага азыр абдан керек. Муну шашылыш жакында таанышкан орус жигитке айтышы зарыл... Эгер ошол кекеч орус убадалаганы чын болсо, анда Айка жакында бул өлкөдөн чоң акча менен чыгып кетет. Сейшел аралдарына барып өзү үчүн жашап баштайт... Өткөндө Марска кирип телефон таштап чыкканы үчүн эле оңбогондой акча алган. А эгер Тилек алып качып жүргөн акчаны таап алышчу болсо... Оо, анда...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
asdef
2021-05-03 09:23:42
700 мин жарымы фальш,баары эле 50 мин алабыз дейт кимисине жетет озу
0
Afrodita1993
2021-05-03 10:39:58
Баш аламан болуп кетти өтөле
0
Gulina90
2021-05-03 12:25:45
Башым айланып түшүнбөй баратам уже,бутургуло сериалды.
0
Gulina90
2021-05-03 12:26:41
Башаламан болуп түшүнбөй баратам уже,бутургуло сериалды
0
Suuluwka9686
2021-05-04 12:56:22
Чойуп баштадынар
0
gukush_92
2021-05-05 09:35:12
Тилек менен Сабини качырып,бактылуу кылып койсонор болмок. Эми баш аламан болуп баратат...
0
№ 960, 29-апрель-5-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан