БӨЛМӨ ГҮЛДӨРҮНҮН ТОПУРАГЫНА ЭМНЕЛЕР КЕРЕК?

Үйгө гүл өстүрүүдө алгач эмнеге көңүл буруш керек деп ойлойсуз? Албетте, анын топурагына. Анткени гүл топурактан өсүп чыгып, эң негизги азыктарды топурактан алат эмеспи.

Базардан даяр топурак алып гүл отургузуу – эң оңой жол. Бул чоң шаарларда жашагандар үчүн. Көпчүлүк жерлерде “Грунт универсальный” деген жазуусу бар топурак болушу мүмкүн. Бирок гүлдүн баарына эле бирдей топурак жарабайт. Кайсы бир гүл кычкылыраак топуракты сүйсө, кайсы бири борпоң топуракты сүйөт. Ошондуктан даяр топурактарды дагы гүлдүн түрүнө карап ар кандай компоненттерди кошуп өзүнчө даярдап аласыз. Алардын бир нечесин санап берели:

Чымдуу топурак (дерновая земля) – шалбаа жана мал жайган бийик жайыттардан алынат. Суу жана абаны өткөрүүдө жакшы, курамында гүлгө керектүү азык-заттардын запасы көп.

Жалбырактан топурак (листовая земля) – бул жерге түшүп чириген жалбырактан пайда болгон жеңил, борпоң топурак. Бул топурактын борпоң болуп турушу үчүн кошулат.

Ийне жалбырактан топурак (хвойная земля) – бул ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдөн (карагай) түшкөн жалбырактардын чириндиси. Анын азык-заттары аз, бирок борпоң, кычкыл жана абаны жакшы өткөрөт.

Кара чиринди топурак (перегнойная земля) – бул гүлдөр үчүн азык-заты көбүрөөк каражат. Нейтралдуу же бир аз щелочтуу реакцияга ээ. Курамында өсүмдүк үчүн керектүү микроэлементтердин комплекси болгон азот көп. Бул кык толук чиригенден кийин пайда болгон зат.

Чым көңдүү топурак (торфяная земля) – өтө борпоң, жеңил жана нымды сиңирип алуусу жакшы. Анын кычкылдуулугу жогору. Өзү анчалык азык-затка бай эмес, бирок топурак аралашмаларынын курамында алмаштыргыс каражат.

Жыгач көмүрү (древесный уголь) – топурак аралашмаларынын элементтеринин бири же бөлмө гүлдөрүндө гүл челекте дренаж катары колдонулат.

Ошондой эле вермикулит, керамзит, перлит (топурактагы ак майда нерсе), кум, кыштын күкүмү (кирпичная крошка) жана башка каражаттарды кошсоңуз болот.

Буларды гүлүңүзгө карап ылайыктап кошуп жасайсыз. Ал үчүн ар бир гүлүңүздү изилдеп чыгышыңыз керек.

Эскертүү! Топуракты даярдоодо сөзсүз колго кол кап кийип алыңыз. Антпесе кыкта, топуракта зыяндуу заттар болушу мүмкүн.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 960, 29-апрель-5-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан