2021-жылдын 21-апрелинде Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков тарабынан демилгеленип, Ысык-Көл облусуна казино ачууга уруксат берчү мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Бир аптадан бери Кыргыз коомчулугу казинолорду кайра ачууга кескин каршылык билдирүүдө. "Казиного чет элдиктер гана киргизилет" деген жооп көпчүлүктү ынандыра албай жатат. Президент Садыр Жапаров башында казинолорду ачуу демилгесин колдоорун билдирип, 27-апрелде президенттик аппарат эгер мыйзам парламенттен өтсө президент кол койбой артка кайтарууга даяр деген маалымат таратты. Тагдыры арсар болуп турган демилгенин Кыргыз мамлекети үчүн кандай оң жана терс жактары бар? Эксперттердин пикирин сурап билдик.
МИТИНГДЕРДИН АЙЫНАН КУМАРКАНАЛАР ЖАБЫЛГАН
Бул маселе көп жылдан бери бийликтин да, элдин да баш оорусу. 2011-жылдын сентябрь айында парламент “Кумаркана жана оюн автоматтарын жабуу тууралуу” мыйзам кабыл алган. Анын натыйжасында Кыргызстанда 2012-жылдын 1-июлунан тарта кумаркана жана оюн автоматтарынын ишине расмий тыюу салынган. Ал эми тотализатор жана букмекерлерге 2015-жылы тыюу салынган. Буга кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразычылыктары, байма-бай өткөрүлгөн митингдер бир себеп болгонсуган. Нааразы тарап парламенттин алдында бир нече жолу митинг уюштуруп, кумарканалардын айынан көчөдө калгандар көбөйгөнүн айтып чыгышкан болчу.
“БЮДЖЕТКЕ ЖЫЛЫНА 600 МИЛЛИОН СОМ ТҮШӨТ”
Казинолорду кайра ачуу боюнча мыйзамды демилгелеген депутаттардын бири Бактыбек Турусбеков журналисттерге берген маектеринде казинолор бюджетти толтурууга өбөлгө болот деп жатат.
– 2012- 2015-жылдары казинолорго жана ушул сыяктуу автоматтык оюн-зоокторду ойноого тыюу салынган. Анткени ошол учурда кумар оюндарынын кесепетинен бир топ үй-бүлөлөр урап, өз жанын кыйгандар болгон. Бүгүнкү күндө экономикабыз оор акыбалда турат. Биз бюджетке кошумча каражат алып келүү максатында туризмдин очогу болгон Ысык-Көл облусуна казино ачууну сунуштап жатабыз. Чет элдик жарандарды визасыз киргизүү сыяктанган жеңилдетилген шарттарды карап жатабыз. Бирок атайын ойнойм деп келген турист Ысык-Көл облусун жана башка жактарды кыдырып кете албай турган шарттар каралат. Көлгө төрт-беш жылдыздуу мейманкана, ресторандар салынат. Административдик комплекс куруп, аэропортту иштетебиз. Баса белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын жарандары казиного кире албайт, тыюу салынат. Мунун төмөнкүчө кепилдиги бар. Мисалы, бир кыргыз жараны сүйлөшүү жолу аркылуу казиного кирип, акчасын уттуруп койсо, анын ата-энеси, аялы келип аны далилдеп берсе, уттурган акчаларды казино мыйзам чегинде кайтарып берет. Бир жолу төлөп берген казино экинчи ирет кыргыз жаранын киргизбейт. Эгерде казино экинчи ирет кармалып калса, анын лицензиясынан ажыратып коюуга болот. Казиного тыюу салынгандан бери бюджетке акча түшпөй калган. 10-11 миң адам ишсиз калган. Эми жылына 600 миллион сом бюджетке түшөт деп болжолдоп жатабыз. Башкы максат – экономиканы жана аймакты көтөрүүгө салым кошуу жана иш орундар менен камсыз кылуу. Бул мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда турат.
“УУРДАЛГАН АКЧАЛАР КАЗИНО АРКЫЛУУ ЛЕГАЛДАШТЫРЫЛАТ”
2012-жылы казинолордун ишин жабуу боюнча мыйзамды демилгелеген автор, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Жетигенов учурда кандай пикирде, угуп көрдүк:
– Мен казинолордун ачылышына каршымын. Анткени казинолорго тыюу салган мыйзам долбоорун алып чыгышыма көптөгөн өмүрлөр кыйылып, үй-бүлөлөрдүн бузулушу себеп болгон. Азыр сунушталып жаткан мыйзам боюнча чет элдик жарандар гана кире алат деп жатышат. Башында Ысык-Көлдө эле ачылат деп жатышкан, 26-апрелде президент бардык облустарда ачса болот деди. Эгер мындай болсо даана ызы-чуу болот. Анткени кыргыз жарандары кирбейт деген кепилдик жок. Жайнаган казинолордун баарына чет элдик жарандар келбейт. Алар көбүнчө туристтик жайларыбыз үчүн келиши мүмкүн, казино үчүн алар укмуштуудай шарттары бар өлкөлөргө барышат. Бизде уурдалган, мыйзамсыз келген акчаларды казино аркылуу легалдаштырат. Эң негизги функциясы ушул. Ал эми экономика дегендери жөн эле шылтоо. Арак менен тамеки деле сатылып жатат, бул аларга караганда адалыраак деп салыштырууга болбойт. Андан көрө өндүрүшкө көңүл буруу зарыл.
“КАЗИНО ЭКОНОМИКАГА ТИРЕК БОЛОТ”
Экономика жана финансы министрлигинин Экономикалык иштеп чыгуу бөлүмүнүн башкы адиси Кубан Айдаралиевге байланышканыбызда, буларды айтты:
– Биринчиден, 2012-жылы мыйзам кабыл алынып жатканда Орусия менен Казакстандын тажрыйбасына таянып, казинолорду түп орду менен жоготуу мүмкүн эмес деген сөздөр болгон. Иш жүзүндө бүгүнкү күнгө чейин айрым казинолор жер которуп жашыруун иштеп жатышат. Экинчиден, 2009-жылы казинодон бюджетке 624 миллион сом, ал эми 2011-жылы 523,5 миллион сом түшкөн. Азыр бул долбоорду сунуштаган депутаттар
600 миллион сомдун тегерегинде акча түшөт деп болжолдоп жатышат. Эгер чындап
600 миллион сомдон түшүп турса, он жылдын ичинде
6 миллиард сом түшмөк. Бул каражатка чоң завод, ири ишкана же башка бир нерсе куруп алат элек. Бул акчалар бюджетке гана түшкөн эсеп, андан сырткары мультификациялык эсеп боюнча бул тармакта иштеп жаткан адамдардын эмгек акысы жана түрдүү кызматтардан түшкөн каражаттар бар.
Үчүнчүдөн, казино ачуу менен экономика гүлдөп кетет деген нерсе жок. Бул болгону экономиканы көтөрүү үчүн жакшы жардам болот. Экономиканы көтөрүү үчүн айыл чарба жана өнөр жай сыяктуу киреше түшчү булактардын баарын колдошубуз керек.
Төртүнчүдөн, казинолорду иштетүү арам деп жатышат. Анткен менен чочконун майын деле керек учурда дары катары колдонууга шарият жол берип жатат. Дүйнөлүк тажрыйбаны карасак, учурда 127 мамлекетте казинолор иштеп жатат. Булардын ичинде Сингапур, Малайзия сыяктуу мусулман өлкөлөрү да бар.
“УКУКТУК ӨЛКӨ БОЛСОК МАКУЛ БОЛМОКМУН”
Жарандык активист Адил Турдукулов казинолорду ачуу, тескерисинче, экономиканы алсыратышы мүмкүн дейт:
– Кумарканалардын эмне себептен жабылганын эл жакшы билет. Эгерде Кыргыз мамлекети укуктук өлкө болсо казинолордун иштешине каршы эмес элем. Бирок бизде бул тармак коррупциялашып, криминалдашып, мыйзамсыз акчаларды жүгүртүүгө булак болуп берет го деген күмөн ойлорум бар. Казинодон түшкөн каражат бюджетке эмес, ошол эле аткаминерлердин сол чөнтөгүнө түшөт. Казиного чет элдик гана жарандар кире алат дегени көз боёмочулук. “Чёрный рынок” тармагынан акча казинолорго кетип, ал жерден легалдаштыруу аракети болгону экономиканы ого бетер алсыратат. Андан сырткары чет элдик инвесторлордун жолун бууйт. Ыймандуумун деген айрым адамдардын казинонун ачылышына кызыкдар болушу алардын ою таза эместигинен кабар берет.
“ЭНЕСИ МЕНЕН БАЛАСЫН САТКАНДАР БОЛГОН”
“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова кумар оюну баңгизаттан да жаман дейт:
– Арам-сарам дебей эле коёюн, энеси менен баласын саткандар да болгондуктан, 2011-жылы казинону жабуу үчүн көп кол топтоп, катуу күч жумшаганбыз. Бирок казинонун атын өзгөртүп эле башка түрлөрү ачыла баштады. Бирин жапсак, экинчи түрү чыгат. Учурда “Ринго трэйд” деп ачып алышты. Бул казинодон жаман нерсе экен. Анткени буга аз акча менен эле бара беришет. Бул өңдүү нерселерди жоготпосо калкка залакасы тийип жатат. Психолог катары айтсам, бул оору наркотиктен да жаман. Таштадым деген адам кайра эле бара берет.
Жолдубек Качкынбаев