.
КОЙ (21.03-20.04)
Келечекке таасири тие турган олуттуу чечим кабыл аласыз. Иште бирөөлөрдүн калпыс оюна кошулуп кетпөө керек. Балдарыңыз жана сүйүктүү адамыңыз менен мамилеңизди калыпка келтириңиз. Үй-бүлөлүк бюджет аздан көбөйө баштайт. Карыз сурагандарга жок деңиз, кайтарып берүүлөрү кыйын болот.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жашооңуздагы эң оор учурлар артта калды, алдыга жаңы күч менен кадамдаңыз. Активдүүлүктү жумушка багыттоо керек, ошондо тапканыңыз мол болот. Тил табыша албай келген адамдар менен мамилеңизди оңдой аласыз. Аты жүрөгүңүзгө жакын адам сюрпризи менен кубантат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Чөйрөдө жакшы жактарыңызды көрсөтүп, туура мамиле жасасаңыз ийгиликтер эшиги ачылат. Жыйынтыгы жакшы болсун десеңиз маанилүү иштерди өзүңүз бүтүрүңүз. Кыйынчылыктар болсо жинденбеңиз, келечекке пайдалуу тажрыйбага ээ кылат. Жол жүрүүдө жаракатка учуроо коркунучу бар, этият болуңуз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада жумушта тартип катуулайт. Өзүңүзгө сын көз менен карап, так болуңуз. Жашооңузга жакшы өзгөрүүлөрдүн кире башташы жагымдуу жаңылык болот. Маселелердин бир тобун чечип жеңилдейсиз. Жакын адамыңыздын айткан пайдалуу сунушуна макул болуңуз, натыйжалуу болот.
АРСТАН (23.07-23.08)
Жашоонун тикенектүү жолдору дагы бир ирет эркиңизди сынайт. Ишти толук аткарбасаңыз айлыгыңызды кыскартышат. Сүйүктүүңүз чыр чыгарбашы үчүн кызганычтан алыс болуңуз. Айрымдар жашаган жерин алмаштырышат, же кыймылсыз мүлк сатып алышат. Образды, стилди, чач жасалганы өзгөртүңүз, убагы келди.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Үй-бүлөлүк маселелерди чечүүгө баш-отуңуз менен киришесиз. Сизге маанилүүсү – жакындарыңыздын өздөрүн бактылуу сезиши болмокчу. Көңүлү жакындар конокко чакырышса баш тартпоо кажет. Өнөктөштөргө кысым жасабаңыз, көптү талап кылбаңыз. Киреше кирип, көптөн бери көксөгөн нерселериңизди сатып ала аласыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жакын санаалаштардын кеңеши менен пайдалуу ишти баштайсыз. Чөйрөдө атайын жиниңизге тийгендер чыгат, катуу айтпаңыз. Бирок алар мындай жолго кимдер тукурганы үчүн барып жатышканын анализдеңиз. Коомдук жайда жеке буюмдарды уурулардан сактаңыз. Сапарга чыгууңуз мүмкүн.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Жашооңузда позитив да, негатив да болот. Таанышыңыз кайсы бир иште алдап кетүүгө аракет кылат, сак болуңуз. Үйдөгүлөрдүн жакшы мамилесинен аларды мурдагыдан да барктап каласыз. Курулуш же дыйканчылык иштерин бүтүрүү үчүн каражат издөөңүз мүмкүн. Балдарды эс алдырууга убакыт бөлөсүз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Окуялар динамикалуу өнүгөт, андыктан кырдаалды башкарууга мүмкүн болбойт. Мамлекеттик кызматкерлерде, чыгармачыл адамдарда бир топ жандануу жүрөт. Жаңы маалыматтардын арасында сизге керектүүлөрү чыгат. Үлпөт той өткөрүү, сатуу-сатып алуулар ойдогудай болот.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Ачылыштар аптасы. Досторуңуз, бирге иштешкендериңиз тууралуу жаңы нерселерди угасыз. Чындык ачуу болот дегендей, айрымдары менен мамилени үзөсүз. Коомдук иш-чарага катышууну сунушташса баш тартканыңыз оң, көп убактыңызды алып коёт. Сүйүктүүсүнүн колун сурагандар оң жооп алышат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Айрымдарга мурасты же турак жайды же унааны каттатууну тез арада бүтүрүү зарылдыгы чыгат. Жакын адамыңыз чыгарган чыр узакка созулбашы үчүн анын оюн угууга, бир пикирге келүүгө даяр экениңизди билдириңиз. Иштен сыйлык алууңуз ыктымал. Туугандардын издеген нерсесин табууга көмөктөшөсүз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Жашооңузга өзгөрүү кирип, жаңы максаттарды пландайсыз. Энергия толук болгондуктан шымалана иштейсиз. Жеке жашоого башкаларды аралаштырбаңыз, сөз көбөйөт. Таасирдүү адамдар менен байланыш кайрадан жанданат. Акча тиет, аласа-береселерди такташып, карыздардан кутулуңуз.