ТАЖИКСТАН БАТКЕНГЕ КУРАЛДУУ КОЛ САЛДЫ. 36 АДАМ КАЗА ТААП, 200ДӨЙ КИШИ ЖАРАДАР

28-апрелде эгемендүү Кыргыз өлкөсүнүн аймагына куралдуу кол салуу болду. Тажикстандык аскерлер Баткенде тынч жаткан элди атып, үйлөрдү өрттөп, сүрдүрүп, ички каттамдын жолдорун бууп – аймак кымгуут түштү. Кагылышууда 36 мекендешибиз каза таап, 190дою жаракат алды. Кыргыз эли Тажик бийлигин бул баскынчылыгы үчүн эл аралык сотто жазага тарттырып, материалдык жана моралдык чыгым төлөтүүнү талап кылууда. Дүйнө элинин көңүлүн бурган апааттын урунттуу, суроо жараткан учурлары макалада.

КАНТИП БАШТАЛДЫ?

28-апрель.

Тажикстан жарандары Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жерге шагыл төгүп, Головной суу бөлүштүрүүчү жайындагы Кыргыз жеринде турган мамыларга уруксатсыз 2 видеокамера орнотуп, ортодо жаңжал чыгат. 29-апрелге караган күнү таңга жуук Көк-Таш айылындагы аскер бөлүгүнө тажик тарап ок атып, 1 тургундун көзүнө ок тийип ооруканага түшөт. Унаалар да аткыланып, үйлөр таш бараңга алына баштаган. Бул – катардагы жаңжал эмес, олуттуу мүнөздөгү чабуул экендигинин сигналы болчу. Кыргыздын Чек ара кызматы “Тажик жарандары чагымчылдык кылууда” деп чукул билдирүү жасап, жаңжал тутанган Көк-Таштын тургундары шашылыш Баткен шаарына көчүрүлө баштады.

29-апрель.

Тажик тараптан тынымсыз ок атылып жатты. Түшкө маал Чек ара кызматы “Тажикстан аскерлери миномёт, пулемёт жана автоматтар менен массалык аткылоого өттү” деп билдирүү жасады. Чек ара бекеттери аткыланып, “Достук” заставасы өрттөлдү. Каза болгон алгачкы мекендешибиз тууралуу маалымат чыкты.

30-апрель.

Күн ичинде Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери, эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары, Кыргыз-Тажик президенттери сүйлөшүп “ок атышууну токтотуу макулдашылды” деген билдирүүлөр жарыяланды. Бирок убадалар аткарылган жок. Жергиликтүү тургундар “Тажик тарап аткылоону улантууда” деп чыркырап жатышты.

1-май.

Куралдуу кол салуу ушул күнү токтоду. Чек ара тилкесиндеги бейтарап аймакта Кыргыз-Тажик чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссиясынын жыйыны өттү. Жыйынга Кыргыз тараптан аталган комиссия төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Атайын протоколго кол коюлуп, абал тынчып, аскерлер мурда ээлеген позицияларына кайта башташты.

ЖОГОТУУЛАР

Кол салуу учурунда Баткендин айылдарынан 60 миңдей адам эвакуацияланды. Тажик тараптын чабуулунан 36 мекендешибиз каза тапса, 190го жакыны жаракат алды. Каза болгондордун 25и миномёттун огунан мерт кеткен. Арасында 12 жашар кыз, 5 жашар бала бар. Тажик тарап абадан да сокку урган, апааттан кийин жарылбай калган авиациялык ракеталар табылды. Каза болгондордун үчөө аскер кызматкерлери: Эсентур Кубанычбеков, Бекзат Юлдашев жана Нурсултан Манасбек уулу. Алдын ала маалыматтарга таянсак, куралчан чабуулда Баткенде 104 үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара тозоту, унаага май куюучу 10 жай, 8 дүкөн өрттөлгөн.

Садыр Жапаров:

“КАНДУУ СОГУШТУ ТОКТОТУП КАЛДЫК”

2-майда президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады. Кыргыз өлкөсү чагымчылдыкка алдырбай, элди мындан да оор жоготуулардан сактап калды дейт президент.

– Өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч келип, тынч жаткан элдин бейпилдиги бузулду... Өзүбүздүн куралдуу күчтөрдү чектеш мамлекеттин айылдарын басып алып, тынч элге кол салып, үйлөрүн талкалоого эч качан жол бербейбиз. Кыргыз өлкөсүнүн чегинен чыкпоого, биринчи болуп ок атпоого катуу көрсөтмө бердим. Чатак ырбаса, эки тарап тең мындан чоң жоготууларга учурамак. Кудай жалгап кандуу согушту токтоттук.

Садыр Жапаров өз кайрылуусунда Тажикстандын атын атап, анын бийлигин айыптаган бир да сөз айткан жок. Бул жагдай коомчулуктун сынына кабылса, “дипломатиялык эрежеге ылайык туура кадам” деп колдогондор да бар.

Камчыбек Ташиев:

“АБАЛ КУРЧУП БАРАТКАНЫН БИЛГЕНБИЗ”

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арада абал курчуп баратканын Кыргыз өлкөсү алдын ала билген деди. Тажик тараптын куралдуу кол салууга алдын ала даярданганынан кабар берип, чек арага жакын жерге жаңжалга чейин эле окопторду казып, кум салынган мүшөктөрдөн тосмо даярдашканын ырастаган сүрөт, тасмалар интернет желесине тарады. Ушул жагдай УКМКга карата сынды күчөттү. “Алдын ала чара көрүп, элди коопсуз жайга убагында эвакуациялап кетиш керек болчу” деген пикир айтылууда. Жоопсуз суроолор көп. Бул арада Тажикстан бийлиги Кыргыз өлкөсүн куралдуу агрессияга айыптап, Кыргыз жоокерлерине “киши өлтүрүү” сыяктуу оор беренелер менен кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратура:

ТАЖИКСТАН ЖҮЗҮ КАРАЛЫК МЕНЕН ӨЛКӨ АЙМАГЫНА БАСТЫРЫП КИРДИ

Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанды куралдуу кол салууга кескин айыптаган орган – Башкы прокуратура болду.

– Тажикстандын аскерлери Кыргыз Республикасынын аймагын басып алуу максатында Кыргыз өлкөсүнүн суверендүүлүгү менен бүтүндүгүнө кол салып, жүзү каралык менен биздин өлкөнүн аймагына кирип, чек араны өз алдынча бузуп, тынч жашаган жарандарды, чек арачыларды, милиция кызматкерлерин себепсиз массалык түрдө өлтүрүп, автомат, миномёт, бронетехникалардан, аскердик тик учактардан ок чыгарышкан. Чек ара тозотторуна, Баткен, Лейлек райондорунун айылдарына кол салышып, Кыргыз өлкөсүнүн аймактарын басып алышкан. Алардын аракетинде пландаштыруу, агрессивдүү түрдөгү куралданууга даярдык, аны таңуулоо, эл аралык келишимдерди бузуу менен агрессиялык согушту жүргүзүү байкалат,- деп билдирди Башкы прокуратура.

Бул факт Кыргыз өлкөсүнүн Кылмыш-жаза кодексинин “Тынчтыкка каршы кылмыштар” беренеси менен катталып, тергөө башталганы айтылат маалыматта. Тергөөнү УКМК, ИИМдин жана Аскер прокуратурасынын ортосунда түзүлгөн атайын тергөө тобу жүргүзөт.

ЭМНЕ КҮТҮЛҮҮДӨ?

Көз карандысыз юристтер Тажикстанды куралдуу агрессияга айыптап, Гаагадагы эл аралык сотко кайрылганы жатышат. Ташиев жакында, 9-майга чейин Кыргыз-Тажик чек арасындагы 112 чакырым тилке такталып бүтүп, андан кийин демаркация иштери башталат деди. “Тажик тараптан зыяндын ордун толтуруп бергиле деп суранбайбыз” деп билдирди УКМК төрагасы. Талкаланган үйлөр күзгө чейин калыбына келтирилмекчи, бул иштерге 700 миллион сом бөлүнгөнү белгилүү болду. Президент Садыр Жапаров май айынын 15инен кийин Дүйшөмбү шаарына Тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууга барарын айтты. Жарандык коомдун өкүлдөрү, саясатчылар президент Жапаров Рахмон менен сүйлөшүү үчүн Тажикстандын борборуна барбашы керек, сүйлөшүү нейтралдуу аймакта жүрүшү керек деп коңгуроо кагып жатышат. Маселе чечүүгө жетишсе, жолугушуунун кайсы жерде өткөнү маанилүү эмес деп пикир айткандар дагы бар.

“УЧУРДА 3 БЕЙТАПТЫН АБАЛЫ ООР”

Чек ара жаңжалында жаракат алган ондогон жарандар учурда Бишкекте дарыланууда. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков буларды айтат:

– 3-майга карата биздин борбордо Баткен окуясынан жаракат алган 36 бейтап дарыланып жатат. Алардын 16сы аскер кызматкери. Үчөөсү реанимацияда жатат, абалы ортодон оор. Экөөнүн курсагына ок тийип, ичегилери катуу жабыркаган. Алгачкы операциялар Баткенде болгон, бирок тигилген жерлери кармабай жаткандыктан кайра операцияга киргизилди. Ок бирөөнүн эки бутун тең талкалап, жанчып салган. Калган 33 бейтап палатага которулду. Денелеринен октор алынды, эми октун чачырандыларын алуу үчүн кайрадан операцияларга даярдык көрүп жатабыз.

“СОГУШ ЧЫГАРЫ БЕЛГИЛҮҮ БОЛЧУ”

Аталган окуяда жаракат алып, учурда Бишкекте дарыланып жаткандардын бири Улукбек Абдиев Тажик тараптын бастырып кирери белгилүү болчу дейт.

– 27-апрелде Тажик тарап “Головной суу алуучу жайын бересиңер же согуш болот” деп ачык эле айтышкан деп жатышат. Анан “Головнойго силердин эмне кылганыңарды текшерип турабыз” деп видеокамера орнотот. Кошунаң сенин корооңо каратып камера орнотуп, баскан-турганыңды текшерип жатканын элестет. Ушуну угуп 28-апрелде күндүзгү саат 10дордо Баткен шаарынан Головнойго бардым. Согушалы деп эмес, сүйлөшүү жүргүзмөкпүз. Биз барган учурда Тажик тарап Көк-Таш айылындагы видеокамераларын аткылап, талкалап бүткөн экен. Головнойдо пикир келишпестик чыгып, эки тарап таш урушуп кеттик. Алар качып кетишкен, кайра аларды Тажикстандын аскерлери алдыга салып келип ок атып башташты. Бизден төрт адамга ок тийди. Алгач Кыргыз аскерлери ок атышкан жок, качан алар токтобой аткылап баштаганда ок чыгарууга мажбур болушту. Кыргыз аскерлери даярдыксыз болсо да жакшы коргонушту. Саат 14:00дө оң бутума ок тийип, тоскоолдуктардан улам ооруканага түнкү саат 2де жеттим. Эртеси учак менен Бишкекке алып келип, бутума операция жасашты.

“БИЗДИ МИНОМЁТ МЕНЕН АТЫШТЫ”

Баткендин Ак-Сай айылындагы ӨКМнын №106 өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Эгемберди Жураев окуя кандай болгонун айтып берди.

– 29-апрелде кырдаалга жараша өздүк курамды топтоп кооптуу айылдардын жашоочуларын маршруттук таксилер менен коопсуз жерге эвакуацияладык. Айрым үй-бүлөлөр жеке унаалары менен чыгып кетип жатышты. Ал күнү саат экиге чейин аялдар менен жаш балдарды коопсуз жайга алып барууга жетиштик. Саат үчтөрдө "Тажик тарап Ак-Сай айылына миномёт орнотуп жатат" деген кабар уктум. "Чек ара заставасы менен Өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнө кол салышы мүмкүн" дешти жергиликтүүлөр. Бизде курал-жарак жок болчу, жетекчилер менен макулдашып техникаларды коопсуз жайга чыгарып жаткан маалда бизди миномёт менен аткылап киришти. Өздүк курамды чыгарып кетүүгө жетиштик.

“ОРУСИЯДА 10 ЖЫЛ ИШТЕП КУРГАН ҮЙҮМ КҮЙҮП КЕТТИ”

Чабуулдун чордонунда калган Арка-2 айылынын тургуну Райхан Сатыбалдиева “маңдай тер менен курган үйүм заматта күлгө айланды” дейт.

– Балдарым Орусияда иштешет, үйдө жолдошум экөөбүз жашачубуз. 29-апрелде үйдө отурсак кошуналар “зарыл болгон буюмуңарды алып, качкыла!” деп кыйкырып калышты. Аңгыча айылдын башынан автоматтын үнү жаңырды. Күйөөм экөөбүз өз унаабызды айдап качып жөнөдүк. 2-май күнү кайтып келсек, 7 бөлмөлүү үйүбүз эч нерсеси калбай күйүп кетиптир. Бул үйдү үч балам менен 10 жыл Орусияда иштеп, маңдай тер менен салган элек. Орусиядан былтыр карантин учурунда келгем. Үйдө эки келинимдин себи баш болгон толтура баалуу буюмдар бар эле. Жолдошум 20 жылдан бери айдоочу болуп иштейт, үйдө калган кичи автобусубуз дагы күйүп кетти. Бул ишке эч кимди күнөөлөгүбүз келбейт, Кудайдан гана жардам сурайбыз.

“КАТУУ КЕЙИГЕНДЕН АПАМДЫН ЖҮРӨГҮ ТОКТОП КАЛДЫ”

Ызы-чууда 48 жаштагы аял жүрөгү кармап каза болду. Маркумдун уулу Шайырбек Баянов “буга чейин апамдын эч жери ооручу эмес” дейт.

– Учурда апам тууралуу “үйүн өрттөп салганын укканда жүрөгү кармап каза болду” деген сөздөр жүрүп жатат. Андай эмес, биздин үйгө тийишпептир. Апам 29-апрелде эл менен чогуу коопсуз жайга көчүрүлгөн. Атам кеткен эмес. Буга чейин апамдын жүрөгү ооручу эмес, жакшы эле жүрчү. Катуу кайгыргандан улам жүрөгү кармап калды окшойт. Бизге абдан оор тийди. Үч бир тууганбыз, бир уул, эки кыз. Жакында эле кичүү карындашымды турмушка узаткан болчубуз. Мен Орусияда болчумун, суук кабарды уккандан кийин келдим.

“ЭСЕНТУР ЭР ЖҮРӨК БОЛЧУ”

Баткенде мекенин, элин коргоп жатып каза тапкан 3 жоокердин бири Эсентур Кубанычбек уулун аталаш агасы Тилекбек Жумакеримов эскерди.

– Эсентур үч бир туугандын ортончусу. Агасы жана карындашы бар. Эсентур бир жашка чыкканда атасы каза болуп калса, эки жашка чыкканда апасы агасы экөөнү чоң энесинин колуна таштап, кызын жетелеп башка турмуш куруп кеткен. Ошондон тарта экөөнү чоң апасы бакты. Апам 2004-жылы каза болгондо эки баланы тең өзүм багып алдым. Менин аялымды өз апасындай көрүшчү. Өзүмдүн беш балам бар, агамдын балдарын алардан кем көрбөй чоңойттум. Эсентур кичинесинен тарта өтө зирек, элпек болуп чоңойду. 8-класска чейин Ак-Муз айылындагы орто мектепте окуп, андан соң Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейди бүтүрүп, андан кийин Орусиядан билимин жогорулатып келген. Анда жоокерге таандык болгон бардык сапаттар бар эле, эр жүрөк болчу.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 961, 6-12-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан