(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)
(Башталышы өткөн сандарыбызда)
Жыныстык катнаш жүрүп жаткан кезде эркек аялды жыргал сезимге батырыш үчүн өзүнүн “алигиси” менен 10 түрдүү ыйкоолорду жасаса болот.
Мисалы, “камандай”, “пилдей”, “букадай”, “чымчыктай”, “короздой” же “селкинчек”, “текедей түйүлүү” деп аталган ыкмалар бар.
Жыныстык байланыш кезде аял эркекти жыргалга батырыш үчүн денесин 15 түрдүү кыймылдата алат. Мисалы, эркектин “алигиси” аялдын жан жерине кирип, кайра артка чыгып баратканда аял жыныс кынынын булчуңдарын жыйрып, “алигини” сыгат. Мына ушул ыкма экөөнө тең жыргал сезимди тартуулайт.
Эми “Шабдалы гүлдөрүнөн” деген сүйүү жөнүндөгү чыгармадан бир мисал келтирели.
Жигит колдору менен кыздын эриндерин ачып туруп тишин өпсө, “гүлдүн желбирегин үзүү” деп аталат. Кыздын эмчегин, үрпүн, колдорун жана сандарын толук өпсө, “өтө берилип өбүү” деп аталат.
Бүткүл денени, айрыкча мойнун, сандарын эриндери менен сыдырып өөп чыкса, бул “назик өбүү” деп аталат.
Жубайлардын жыныстык катнаш убагында ыйкоо кыймылдары күчөп, жыргал сезими чегине жетип баратканда жигит манжалары менен келиндин көтөн-чучугунун тегерегин сыйпалап дүүлүктүрөт. Мына ушунда кээ бир аялдар жаны эргип, жыргалга батышат.
Жубайлар дамамат тажатма жыныстык байланышта боло беришсе, төшөктүн кызыкчылыгы болбой калат. Чоң сүйүүнүн оту өчүп, сезимдери мокогондон мокой берет. Турмуш көңүлсүз болуп, өмүр кыскарат.
Негизинен, 6 түрдүү классикалык ыкма бар: Эркек үстүндө; аял үстүндө, эркек астында ыкмасы; эркек аялдын аркасында; эркек менен аял бир капталда жатып кошулуу ыкмасы; эркек менен аялдын отуруп кошулуусу; эркек менен аялдын тике туруп жыныстык катнашка баруусу.
“ЭРКЕК ҮСТҮНДӨ” ЫКМАСЫ
Бул дүйнөгө белгилүү классикалык ыкма болуп эсептелет. Бизче “кыргызча ыкма” деп аталат. Себеби кээ бир жубайлар мындан башка ыкманы билишпейт же башка ыкмаларды колдонгондон уялышат.
Бул ыкмада аял эки бутун сунуп, чалкасынан жатат. Буттарын эки жакка керип коёт. Эркек аялдын эки бутунун ичине кирип, үстүнө жатып, оордугун салбаш үчүн тизеси менен чыканагына таянат. Аял менен эркек бири-биринин жүзүн көрүшүп, каалаганча өбүшүп, бири-бирин эркелетишет. Бул ыкмада эркектин “алигиси” аялдын жан жерине терең кирет. Эркекке ар кандай кыймылды жасоого ыңгайлуу. Бул ыкма жыныс кынынын оозу чаткаягынын өйдө жагынан же чаткаяктын ортосунан орун алган аялдарга абдан жагат. Себеби эркектин “алигисинин” сүмбөсү аялдын жыныс кынынын тилин (клиторун) да жакшы козгойт. Эгер аял эркектин тез ыйкоосун кааласа, эркек бул ыкмада каалагандай кыймылдай алат.
Ушул ыкманын эле бир түрү: Аял чалкасынан жатат. Буттарын тизесинен бүгүп, тамандарын жерге такайт. Буттарын эки жакка керип коёт. Эркек аялдын үстүнө узунунан жатат. Бул ыкмада бири-биринин ысык денелерин жакшы сезишип, бири-бирин өөп, жыттап, денелерин сыйпалашып, каалаганча эркелетишет. Айрыкча эркек аялдын албырган жүзүн, ийкемдүү кооз кыймылдарын көрүп, эки эсе күчтүү кумарданат.
Ушунун эле бир түрү: Аял чалкасынан жатып, буттарын бири-бирине кысат же учкаштырып алат.
(Уландысы кийинки саныбызда)