"Барселона" футбол клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин кол тамгасы калтырылган бутсасы 143 миң еврого сатылды. Бутсанын аукциондо мындай ири суммада сатылганы дүйнөлүк рекорд жаратты. Буга чейин бир да футболдук бут кийим мындай баада сатылган эмес. Түшкөн каражат Каталониядагы университеттин ооруканасына которулары маалымдалган.
Месси сатылган бутсаны Испания чемпиондугунун 15-турунун алкагында "Вальядолид" клубу менен беттешке кийип чыккан. Аргентиналык спортчу бул оюнда өзүнүн 644-голун киргизип, атактуу Пеленин рекордун жаңылаган.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.