Жыныстык жол аркылуу жугуучу ар кандай оорулардан, бойго бүтүүдөн сактанууда презервативдердин ролу чоң. Ошондуктан, аларды чет өлкөлөрдүн гана эмес, биздин Кыргызстандын жарандары да кеңири колдонушаары белгилүү. Учурда дарыканаларда, базарларда, дүкөндөрдө презервативдердин түрлөрү жайнайт. Ошолордун ичинен "кайсынысынын баасы канча жана кайсынысы колдонууда ишенимдүү?" деген сурообузга жооп алуу максатында борбор шаарыбызды аралап, алтургай "өзгөчө презервативдер сатылса керек" деген ой менен "Елена" секс-шоп" дүкөнүнө да баш бактык. Натыйжада, бул жерде деле башка жердегидей эле презервативдер болуп, өзгөчөлүүсү жок экен.
ПРЕЗЕРВАТИВДИН ТҮРЛӨРҮ
Бишкекте эң көп сатылуучу презервативдин түрлөрү "Innotex", "Maskulan", "Siko", "Durex", мурутчалуу презервативдер анан албетте, кытай презервативдери болуп чыкты.
"Innotex" Франциядан чыгарылат. Табигый латекстен жасалган. Бир кутунун ичинде 3 же12 даана презерватив болот. Бир даанасынын баасы – 20 сом, 3 дааанасынын баасы – 60 сом. Орточо узундугу – 185, туурасы – 56 миллиметр. Бул презерватив тууралуу "көпчүлүк учурда колдонуу мезгилинде "алигиден" шыпырылып түшпөйт жана өтө ыңгайлуу" деп айтышат. «Коктейль», "Инфинити", "Неон", "Филингфри" деген сыяктуу түрлөрү бар. Булардын ичинен "Неонду" кийгенге чейин 30 мүнөт жарыкка коюп койсо, ал караңгыда өзүнөн жарык чыгарат."Инфинитинин" курамында табигый анестетик бар болгондуктан, түгөйлөрдү ашыкча кумарга батырып, жыныстык кошулуунун мөөнөтүн узак кылуу касиетине ээ.
"Филингфри" – чөнтөкчөлүү презерватив. Кумарга батуу мезгилинде ал чөнтөкчө ары-бери кыймылдап, "алигилерге" жумшак массаж жасап, рахатка батырат.
Ал эми "Коктейл" бүлдүркөндүн, банандын, шоколаддын жыты жыттанат. Мындай ароматтуу жыт түгөйлөрдү рахатка батырып, кумарын арттырууга өбөлгө болот.
"Maskulan" Германияда табигый латекстен жасалып, кызгылтым түстө гана болот. Орточо узундугу – 180, туурасы – 52 миллиметр. 3 даанасы 30 сом турат. Ар бири жеке номерге ээ "1-Tender", "2-Dottу", "3-Strong dotty" деген сыяктуу түрлөрү бар.
"Sico" Германиядан жогорку сапаттагы табигый латекстен жасалып чыгарылат. Орточо узундугу – 180, туурасы – 52 миллиметр. 3 даанасынын баасы 100 сом турат. Бул презерватив менен жыныстык кошулуунун мөөнөтүн узарта алат. Бизде "Sico марафон", "Sico фаворит" деген түрлөрү кездешет.
Ал эми латекстен жасалган эң жогорку сапаттагы Англиядан жасалуучу "Durex" презервативинин 12 даанасы салынган кутучасынын баасы – 200 сом. Орточо узундугу – 180, туурасы – 52 миллиметр. Мурутчалуу презервативдердин бир даанасы 10 сом. Мурутчалары жыныс кынынын ичин кытыгылап, абдан рахат берет дешет. Бирок, ошентсе да мындай презервативдин сапаты жакшы эмес. Себеби, угушубузга караганда, анын мурутчалары төшөк кумарына батуу мезгилинде үзүлүп, айымдын "алигисинин" ичинде калып калган учурлар көп кездешет экен.
Булардан тышкары башка өлкөлөрдөн жеке адамдар тарабынан алынып келинип колдонулуп жүргөн "Эрос" (Россия), "Simplex" (Индонезия), "Ванька-встанька" (Россия-Малайзия), "Contex" (Россия-Англия), "Intimity" (Вьетнам), "Rose Tex" (Польша-Корея), "ViSiT" (Германия), "Romantic" (Малайзия) жана башка ушулар сыяктуу ар кандай маркадагы презервативдер да бар.
КЫТАЙ ПРЕЗЕРВАТИВДЕРИ
Майда-барат дүкөндөрдө жана базарлардагы стол үстүндө күнгө сызгырыла какталып сатылып жаткан кытай презервативдеринин баасы 5 сомдун тегерегинде. Мындай арзан презервативдерди албай эле койгонуңуз туура. Анткени, аты эле болбосо, мындайлардын сапаты жок. Аларды чоюп көргөндө ал жасалган латекс материалы торчолорго окшошо түшөт. Мындай торчолордон оору козгогучтар гана эмес, сперматозоиддер да өтүп кетет. А көрөкчө венерикалык ооруларды жуктуруп алуудан жана пландаштырылбаган баланын бойго бүтүп калуусунан сактануу үчүн кымбат баасына карабай сапаттуу презервативдерден алганыңыз оң.
МУЗЫКАЛУУ ПРЕЗЕРВАТИВ
Мындай презервативдер ойлонулуп табылып, чет өлкөлөрдө колдонулганы менен бизге жете элек.
Электромузыкалуу презервативди Украиналык окумуштуу Григорий Чаусовский ойлоп тапкан. Бул презерватив көрүнүшү боюнча кадимки презервативдерден айырмаланбайт. Болгону, ага атайын сенсордуу апликатор туташтырылган. Ал эми бул апликатор өзүнөн музыка чыгаруу жөндөмдүүлүгүнө ээ. Изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, төшөк кумары учурундагы түгөйлөрдүн эмоциялык абалдарына жараша музыка бирде акырын, бирде катуу чыгат. Ошондой эле кумарга батуунун ар кандай ыкмалары колдонулуп, өзгөргөн сайын музыка да башка музыкага алмашып турат. Мындай өзгөчө презерватив бирин-бири сүйгөндөрдүн төшөктөгү жашоосун жеңилдетүүгө жардам берет жана адамдын өмүрүнө эч кандай коркунуч туудурбайт.
ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ
Эгерде сиз өзүңүзгө кайсы өлчөмдөгү презерватив туура келээрин билбесеңиз, анда узундугу 170, туурасы 52 миллиметр болгон стандарттуу өлчөмдөгү презервативди сатып ала берсеңиз болот. Себеби, мындай презерватив бардык эркектерге туура келе берет. А эгерде жаратылыш сизге узундугу 200, туурасы 56 миллиметр болгон "алигини" тартуулаган болсо, анда ХХL, Plus, Extra, Large жана башка ушул сыяктуу чоң өлчөмдү көрсөткөн белгиси бар презервативдерден сатып алыңыз. Анткени, презервативиңиздин өлчөмү "алигиңизге" кичине келип калса, бул анын айрылып кетишинин негизги себептеринин бири боло тургандыгын унутпооңуз кажет. Ал эми тескерисинче, чоң болуп кала турган болсо, анда "алигиңизден" шыпырылып түшүп калышы ажеп эмес. Туура тандалып алынган өлчөмдөгү презерватив гана түгөйлөргө ойдогудай рахат тартуулай алат. Ошондой эле бойго бүтүүдөн жана венерикалык оорулардан сактанууда классикалык түзүлүштөгү презервативди колдонуу баарынан ыңгайлуу.
ПРЕЗЕРВАТИВДИ КОЛДОНУУ БОЮНЧА КЕҢЕШТЕР
Даярдаган Астра Айдарова