АЛМА ЖАМБАШТУУЛАР ТӨШӨКТӨ АКЫШТУУБУ?

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, аялда эркектердин көзү биринчи түшө турган дене мүчөлөрүнүн бири – жамбаш. Мына ушул жамбаштын формасынан дагы айымдардын мүнөзүн, сексуалдык табитин билүүгө болот. Анда мырзалар үчүн азыраак “справочник”.

ОҢ, СОЛДОГУ АЙЫРМАЧЫЛЫК
Эки кол, эки көз, эки бут бири-биринен бир аз айырмаланып тургандай эле, байкасаңыз, жамбаштын эки бөлүгү да бирине-бири окшошпойт. Ошого карап да айымыңыздын мүнөзүн, табитин билип алсаңыз болот.
Сол жамбаш – айымыңыздын өткөн жашоосу. Эгерде сол жамбаш оң жамбаштан бир аз кичине болсо, анда ээсинин сексуалдык табити анчалык өнүгө элек. Демек, төшөктө тажрыйбасы аз. А бирок айымдын жашоодогу кыйынчылыктарынын баары артта калган.
Ал эми оң жамбаш айымдын келечектеги сексуалдык табитинен кабар берет. Оң жак бөлүгү чоңураак болсо, өтө сексуалдуу жан. Сизди өмүр бою кызыктырып, рахатка бөлөйт. Бирок айымыңыз менен жашоодогу сынактарды бирге тапшырганга даяр болуңуз.

АЛМА ЖАМБАШ
Алманын формасын эске сала турган жамбаш. Мындай жамбаштын ээлери жашоодо да, төшөктө да башкарууну жакшы көрүшөт. Төшөк оюнунда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, жактырбаган нерсесин бетке айтат. Төшөктө өздөрү гана рахатка батпастан, өнөктөшүн да “бейиштин төрүнө” алып учат. Кокус өнөктөшү сексуалдык жактан канааттандырбаса, күчтүү өнөктөш издөөдөн кайра тартпайт.

АЛМУРУТ ФОРМАСЫ
Бел ичке келип, жамбаш томпоюп кеткен алмуруттун формасындагы жамбашты элестетиңиз. Мындай жамбаштуу айымдар үчүн төшөк рахаты биринчи орунда эмес. Алар карьерасын жогору коюп, жашоонун башка ырахатына көп көңүл бурушпайт. Бирок ыңгайлуу жайда, романтикалык маанайда төшөк кумарына батуудан баш тартышпайт. Мындай айымдар түгөйүнө өтө туруктуу келишет.

ЖАЛПАК ЖАМБАШ
Жамбаш экени билинбеген жалпак жамбаштар да кезигет. Мындай жамбаштуу айымдар төшөктө алсызыраак келип, өнөктөшүнөн көз каранды. Алар төшөк рахатынан мурун жакшы турмушка, көз карандысыздыкка көбүрөөк умтулушат. Төшөктө түрдүү ыкма колдонууну, төшөк оюнунун узак болуусун өлгүдөй жек көрүшөт.

КУУШ ЖАМБАШ
Кууш келген жамбаштын ээси шайыр-шатман келип, жашоо менен күрөшө алат. Төшөктө кумарлуу келет. Аны менен өткөргөн түн майрамга айланып, эркектер анын тузагынан чыга алышпайт. Мындай жамбаштын ээси никеден бактылуу болот.

ЖАМБАШТЫН “ГЕОГРАФИЯСЫ”
Жамбаштагы мең дагы көп нерседен кабар берет. Мисалы, жамбаштын өйдө жагында мең болсо, бул айым – кумарлуу жана чечкиндүү адам. Булардан эрктүү уулдар төрөлөт. Төшөк оюнуна олуттуу мамиле жасайт. Толук бойдон бериле алат жана өнөктөшүнөн да ошону күтөт.
Ал эми жамбаштын “экваторунда” жайгашкан мең болсо, төшөктө майда нерселерге көңүл бурган, өтө тазалыкты сүйгөн айым. Эгерде жыныс кыны менен көтөн чучуктун ортосунда жайгашкан болсо, ал айым күйөөсүнүн төшөктөгү табитин сезип, бактылуу кылат. Алар улгайганга чейин төшөк кумарынан баш тартышпайт.

АТАКТУУЛАРДЫН АТАКТУУ ЖАМБАШТАРЫ

  • Орусиянын атактуу ырчысы Алсунун сол жамбашына татуировка тартылган. Бул япон якудзаларынын жыныс мүчөсүнө гана тартыла турган сүрөтү экенин изилдеп чыгышкан. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул белги байыркы татарлардын жамбашына басылган. Ал татар уруусунун кудуреттүү экенин тастыктаган тамга болгон.
  • Орусия басылмаларынын бири “Shape” бир ай бою жылдыздардын сексуалдуу мүчөлөрүн аныкташкан. Сурамжылоонун негизинде, эң сексуалдуу жамбаш Ани Лоракка тийиштүү деп табылган.
  • Женнифер айымдын
    1 миллион долларга бааланып, элди суктанткан жамбашы эсиңиздедир. АКШда жамбаш булчуңун көнүгүүнүн жардамы менен чоңойто турган атайын курстар ачылган. Ал курстар “Жей Лонун жамбашы“ деп аталат.


Эрожаңылыктар

БЕЙШЕМБИ – СЕКСКЕ ЭҢ ЫҢГАЙЛУУ КҮН
Англиялык окумуштуулар изилдеп көрүшкөн соң кайсы күн секс үчүн эң жакшы күн экендигин айтып чыгышты.
Көрсө, адамдын организминде айрым күндөрү гана секске керектүү гормондор көбүрөөк иштелип чыгат экен. Андай күндөрдүн башында бейшемби турат. Анткени эркектерде тестостерон, ал эми аялдарда эстроген гормону адаттагыдан 5 эсе көп бөлүнүп чыгат. Болгондо да ал гормондордун топтолуу чеги 4-күндүн таңга маалы. Демек, төшөк кумарына батам дегендер бейшембинин таңын күтүшсө болот.

«PLAYBOY» ЖЫЛДЫЗЫ ОЙНОШУН ӨЛТҮРҮП КОЁ ЖАЗДАДЫ
Убагында «Playboy» журналына Виктория Ветри деген ат менен сүрөткө тартылып чыгып жүргөн Анжела Дориан ойношун өлтүрүп салууга аракет кылды. Көкүрөгүнө ок жеген эркек оор абалда ооруканага жеткирилди. Ал эми Анжела камакка алынды. Чатак эмнеден чыккандыгы азырынча белгисиз. Эгер эркек өлүп калса, Анжела өмүр бою түрмөгө камалат.
Кызыгы, Анжела учурда 66 жашта жана 110 килограмм салмакта. Аны 1971-жылы америкалык басылмалар «Голливуддун секс-символу» деп аныктаган.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
konya
2010-11-01 12:58:09
Туура Ани Лорактыкы дагы нечего
0
agwamarin
2010-11-02 05:17:42
алсунун татусунун суроту кимде бар
0
janchar
2010-11-05 14:37:02
ушул жазган нерселерге супер инфо озу ишенип жатабы?
0
Adil706070
2011-08-30 03:43:51
Beiwembi kun Islamda ka4an ele jazylyp kalgan,
-1
Kanymgul
2015-05-25 19:00:14
Бейшемби гуну орус тилинде эмне деп аталат эле..???
0
muhsina
2017-07-12 01:30:49
Kanymgul,четверг
0
kursantvs
2015-05-27 17:29:29
бейшемби тортунчу кун
0
№ 417, 29-октябрь - 4-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан