Эрназар Акматалиев – эркин күрөш боюнча Олимпиада оюндарына алгачкы жолдомону алып кыргыз элин кубандырган балбан. Ал Алматыда өткөн жолдомолук турнирде ири эсепте атаандашына утулуп жатканына карабай аягына чейин кармашып, өзүнүн мыктылыгын көрсөтө алды. Балбан жигит менен спорттогу жолу тууралуу сүйлөштүк.
БАЛБАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы – 1998-жыл, 2-июль
Туулган жери – Нарын облусу, Нарын району, Орто-Нура айылы
Салмагы – 65 килограмм
Бою – 169 сантиметр
Билими – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн
Машыктыруучусу – Рысбек Мамышев, Руслан Мажинов
“СПОРТКО КЕЛИШИМЕ АГАМ ТҮРТКҮ БОЛГОН”
– Мен Нарын районундагы Орто-Нура айылында жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсүмүн. Атам Кубатбек Сыдыкбеков грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу, апам Алтын Мусаева айылда медайым болуп иштейт. 3-классты аяктаганча айылдык мектепте окудум. Спортко 4-классымда келгем. Мени машыгууга атамдын бир тууган иниси Канатбек Сыдыкбеков чакырган. Ал эркин күрөш боюнча спорт чебери. Нарын шаарында ага машыктыруучу болуп иштейт. Ал мендеги шамдагайлыкты, шыкты байкаган окшойт, машыктыруучулардын көз карашы башкача болот эмеспи. Менин да күрөшкө көңүлүм бар болчу. Ошентип 4-класстан тартып Нарын шаарында окуп, машыгып калдым. 7-классты бүткөндө Бишкек шаарындагы спорт мектебине тапшырып, 11-классты ошол жактан бүтүрдүм. Спорт мектебинин алдындагы 3 жылдык курсту бүтүргөм, машыктыруучулук орто билимим бар. Кесибим боюнча юристмин. Юридикалык академияны аяктагам, учурда магистратурада окуп жатам. Спорттук карьерамды жыйынтыктаган соң машыктыруучу болуп иштөө көңүлүмө ылайык келген жок. Карьерам бүткөндө деле спортто жүрө бербей, өзүмдү башка жаатта да сынап көргүм келди. Юридикалык жаат жагып туруп алды.“ФАВОРИТ САНАЛГАН БАЛБАНДЫ УТУУ ОҢОЙ БОЛГОН ЖОК”
– Жарым финалда эң негизги күчтүү атаандаш болгон өзбекстандык балбан менен кез келдим. Ал Орусиядан келген легионер спортчу. Өзбекстанга өткөнүнө бир жылдан өтүп калды. Техникасы күчтүү, дүйнөдө фаворит катары саналган балбандардын бири болчу. Буга чейин Украинада өткөн турнирде 70 килограмм салмак ченинде биринчи орунду алган. Бардык эле күрөш жаатындагы адистер ал баланы фаворит катары санап келишкен. Сырттан карагандардын баары эле менин жеңишимден күмөн санап турушкан. Бирок биз өзүбүзгө ишенип жатканбыз. “Ал балбан мелдешти утурлай көп салмак кубалады. Күрөшө берип убакыт өткөн сайын чарчайт. Ошол учурда чабуулга өт” деп машыктыруучулардын коюп берген тактикасы бар болчу. Техникалык жактан да, физикалык жактан да өтө күчтүү болгондуктан кармаш башталганда мага өтө оор болду. Көп упай алдырып жибердим. Чынында, ал чаалыгып калган учурдан пайдаланып ыкмаларды жасап жеңишке жеттим. Жолдомо утканыма сүйүнүп ал кездеги менде болгон эмоцияларды өзүм деле байкабай калыптырмын.
“ОЛИМПИАДАГА КАТЫШУУ ЧОҢ КЫЯЛЫМ БОЛЧУ”
– “Өзүңө ишенбесең ийгиликке жетүү кыйын” деп агайлар бизге көп айтат. Жолдомо аларыма 100 пайыз ишенгем. Машыктыруучулар да толук түрдө ишенич артып турушкан. Ошол жерде машыктыруучулардын, элимдин үмүтүн актоо үчүн болгон күчүмдү жумшадым. Эс тартып чоң спорттун эмне экенин билгенден бери Олимпиада оюндарына катышуу, ийгилик жаратуу өтө чоң кыялдардын бири болчу. Меники эле эмес, деги эле бардык спортчулардын максаты го дейм.
Олимпиадага жолдомо алдым деп бошоп кеткен жокмун. Себеби агайлар “жолдомо алдым деп бошобо, анткени ирандык да, сен да барасың. Олимпиадада күрөшүп жаткан биринчи айлампам деп элестетип күрөш. Утулбашың керек. Ошондо мындан бир кадам алдыда болосуң” дешти. Бул ирандык каршылашым менен бир жарым жыл мурун кездешип, жеңилип калгам. Мен дагы бир кармаш калды, финалда жакшы иштеп коёюн деп болгон аракетимди жумшадым.
Азыр турнирден кийин калыбыбызга келели деп бир маал машыгуудан өтүп жатабыз. Буюрса, орозо айы бүткөндөн кийин эки маал күчтөп машыгууга өтөбүз. Ысык-Көлгөбү же башка жакка барабызбы, программа боюнча сборлорду өтүп баштайбыз. Жолдомо алгандан кийин алдыда эки эсе кыйын тапшырма турат. Жоопкерчилик мурдагыдан эселеп өстү. Андыктан көп күч жумшашыбыз керек.
“ЭМГЕГИҢДИН АКЫБЕТИ КАЙТКАНДА КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ УНУТАСЫҢ”
– "Спорт – ден соолуктун булагы" деп айтып коюшат. Чын-чынына келгенде чоң спортто ден соолукка зыян келчү учурлар болот. Спорттон алган жаракатымдан улам 2 жолу операция жасаттым. Колум сынды, белимде грыжа пайда болду. Бирок ийгиликке жетип, эмгегиңдин акыбети кайткандагы сезимдер кыйынчылыктын баарын унуттуруп коёт. Жаракат алганда апам “спорт деп жүрүп ден соолугуңа зыяны тийип жатат, таштасаңчы” деп 2 жолу айтты. Ушунча жылдан бери спортто жүрөм, таштап коё албайм да. Бир аз убакыт машыгуусуз калсаң бир нерсе жетишпей тургандай боло берет.
Күрөштө кыйын нерселердин бири – бул салмак кубалоо. Кичирээк салмакта күрөшкөндөр көбүрөөк салмак кууйбуз. Диетага отуруп, салмакты туура кубалоо да өзүнчө профессионалдуулукту талап кылат. Күрөштүн жыйынтыгынын 70 пайызы салмакты кандай кууганыңдан көз каранды. Салмакты өстүрүп жибербегенге аракет кылабыз. Мелдешке аз калганда акыркы килограмм, акыркы граммдардын кетиши кыйын болот.
“КАНЧА АРАКЕТ КЫЛСАМ ДА ИЙГИЛИК ЖАРАТА АЛБАЙ ЖҮРДҮМ”
– Жаштар арасындагы улуттук курама командага 2015-жылы ага машыктыруучу Табалды Сүймөнкул уулу, башкы машыктыруучу Руслан Мажинов тарабынан чакырылгам. Ал деңгээл менен чоңдор арасындагы курамдын айырмасы чоң. Башында тырышып жыйынтык көрсөтүүгө канча аракет кылбайын ийгилик жарата албай жүрдүм. 2017-жылы чоңдор арасында Өлкө чемпиону болуп, Азия чемпиондугуна жолдомо алдым. Ал кезде бул мен үчүн чоң жетишкендик болгон. Андан кийин Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Азия биринчилигинде күмүш медаль алдым. Ал эми 2019-жылы Ирандын Тегеран шаарында өткөн Тахти кубогунда чемпион болдум. Улукбек Жолдошбеков экөөбүз жеңишке жетишкенбиз. Бизге чейин Тахти кубогун Кыргыз өлкөсүнөн бир эле Буриятиядан келген легионер Базар Базаргуруев уткан экен.
Динара Акимова