.
КОЙ (21.03-20.04)
Үйдөгүлөр сиз каалабаган ишти таңуулап аткартууга аракет кылышат. Эмоцияга алдырбай, компромисске келүү керек. Жумушта майда иштер көп чыгат, кадр алмашуулар болот. Өкүнбөө үчүн маселени чечүүдө абдан ойлонуп чечим кабыл алыңыз. Жеке максаттарга жетүү үчүн досторду жардамга чакырыңыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Буга чейин жашооңузда эмнелерди өзгөртүүгө батынбай келсеңиз, эми жашоо өзгөртүүгө аргасыз кылат. Жагымсыз окуяга аралашып калбоо үчүн коомдук жайда ызы-чуулуу топтон айланып өтүңүз. Айрымдар убактысынан эрте эмгек өргүүсүнө чыгууну пландашат. Үйдө кыйкымчылдыктан, сын тагуулардан оолак болуу керек.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада өзүңүздү ишенимдүү сезип, башка жактык адамдар, керектүү адамдар менен алгылыктуу иш алып барасыз. Бирөөлөрдөн сизге тиешелүү купуя сырды угуп, кимдин душман, кимдин калыс экендигин билесиз. Үйдө акча жаатында талаш-тартыш жаралат. Стилди өзгөртүү үчүн салонго баш багыңыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Өтө эле принциптүү болуп, майда нерселер үчүн деле ачууланып, чөйрөдөгүлөрдүн маанайын бузуунун кереги жок. Акча чогултууну билгениңиз менен, баары бир карыздар жүрөгүңүздү өйүйт. Бирок бир жол менен акча таап, көптөн бери көксөп жүргөн нерсеңизди сатып аласыз. Өнөкөт оору козголуп врачка кайрылууңуз мүмкүн.
АРСТАН (23.07-23.08)
Жумуштагы жана жеке иштер боюнча ары-бери жүрүүгө туура келет. Жетекчиликтин сизге болгон мамилеси жакшы жакка өзгөрөт. Өзүн жалгыз сезгендердин жашоосунда кызыктуу адам пайда болот. Жаңы сезимдерге жол берүү керек. Айрымдар балалуу болууну пландашат. Акчаны коротпоңуз, өтө шашылыш иштерге жумшоо керек болот.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Чоң окуянын чордонунда болушуңуз мүмкүн. Нейтралдуу болуу оң. Жумушта сизди бирөөлөр жетекчиликке жаман көрсөтүүгө аракеттенет. Андыктан буга жеткирбей иштерди убагында так бүтүрүү кажет. Каражаттын тартыштыгы бир топ түйшүккө салат. Айрымдар көңүлүнө жаккан адамдан белек алышат.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Эл ичинде айтчу оюңузду иреттеп, туура сүйлөбөсөңүз сынга кабыласыз. Энергияңыздын азайганын сезесиз, витаминдүү тамактаныңыз. Кайсы бир иш үчүн жакын адамдар менен акча чогултасыз. Үйдөгү документтерди, баалуу буюмдарды бекем катыңыз, уурдалуу коркунучу бар.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Бир окуядан улам сиз баалап келген адамга ишенимиңиз кайта түшөт. Оюңузду ачык айтып урушууга жетпеңиз. Иште аргасыз жүгүрүп иштөөгө туура келет. Ата-эне, бир туугандардан кабар аласыз, мүмкүн, керектүүлөрүн алып бересиз. Жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда этият болуңуз, сиз үчүн кооптуу мезгил.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сайт түзүү же компьютер технологиясын өздөштүрүү оңой жүрөт. Андыктан мындай максаты барлар чамдануулары керек. Социалдык тармактарга ой-пикир жазууда абайлаңыз, жооп берип каласыз. Карызы барлар акчанын ээси менен төлөө мөөнөтүн узартууну макулдашышат. Түнү жүрбөңүз, чоочун адамдардан оолак болуңуз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада кадыр-баркыңыз көтөрүлөт. Айрым кесиптештер менен биргеликте пайдалуу жумуштарды бүтүрөсүз. Активдүүлүктү бир аз күчөтсөңүз көбүрөөк акчанын колго тийиши турган иш. Үйүңүзгө конок келет. Андыктан сый көрсөтүүгө акча даярдап коюңуз. Жолго чыгуу маселеси ойлондурушу мүмкүн.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Балдар, эс алуу, чыгармачылык жаатында көп иш жасайсыз. Өз талантыңызды көргөзөсүз, сүйүүдөгү жеке мамиле да четте калбайт. Жумушуңуз жана үй-бүлөлүк турмушуңуз өз нугуна түшөт. Жакын арада күтүлүп жаткан келишимдер боюнча өнөктөштөрдү тандайсыз. Таасирдүү адамдардын агрессиясынан сак болуңуз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Ийгилик, оомат сиз тарапта. Достор, айрым бир мекемелер менен жакшы иш алып барасыз. Киреше алып келүүнүн жолдорун ойлонуңуз. Сүйүктүүңүздүн же балдардын ийгилиги, талантыңыз чыгармачылыкта эргүү алып келет. Жолдо жүрүүдө, телефондо сүйлөшүүдө ачууга алдырбаңыз.