БӨЛМӨ ГҮЛДӨРҮНҮН ХАНЫШАСЫ – БЕГОНИЯ

Бегония – бөлмө гүлдөрүнүн ханышасы деп аталарын билесизби? Анын кайсы бир сорттору такай гүл ачып турса, башка сорттору ассиметриялык жалбырактары менен өзгөчөлөнүп бөлмөгө көрк кошот. Бул гүлдү кантип өстүрүп, кам көрүү тууралуу тажрыйбалуу гүл өстүрүүчү Гүлназ Эрматова кеңеш берди.

Бегониянын миңден ашык түрү бар. Өлкөбүздө жүздөн ашык түрү өстүрүлөт. Самсаалап өсүүчү (ампельный), түбү картошка сымал (клубневый), өзөгүнөн көбөйтүлүүчү, кооз жалбырактуу декоративдик негизги түрлөрү болсо, алар ичинен да бир нече сортторго бөлүнөт. Мекени тропик өлкөлөр болгондуктан 18-20 градустагы жылуулукта жакшы өсөт. Ошентсе да түз тийген күндөн сактап, күн чыгыш же батыш тараптагы, жайкысын түндүк тараптагы терезеге коюлушу керек. Жайкысын далдоо жерге чыгарып койсоңуз күндүн энергиясынан кышкыга кубат алат. Кандай түрү болбосун назик келет жана кам көрүү ыкмалары окшош. Кээ бир сортторунун гүлү роза, пионго окшоп алаканга чейинки чоңдукта ачса, биринин жалбырагы 25-30 сантиметрге чейин болот.

Өстүрүү, көбөйтүү

Гүлдү уругунан, картошкасынан, сабагынан кесип алып өстүрүп, көбөйтсө болот. Топуракты тандагандыктан жер семирткичтер, кара топурак жана бир аз кум кошулган жумшак топуракка отургузуу зарыл. Отургузуучу идиштин алдына дренаж катары пенопласт салуу кажет. Кесип алган калемчеге күнөсканадагыдай шарт керек. Ошондуктан калемчени топуракка отургузгандан кийин контейнерге же түссүз идишке салып, капкагын бир аз коомайлап жаап койсо, жазында 1-2 жумада эле тамыр алат. Анан бир күн бөлмө температурасына көндүрүп, өзүнөн эки эли чоң идишке отургузулат.

Сугаруу

Сууну бир-эки күн мурун алып коюп "жумшарганда" куюу керек. Гүлдүн топурагынын үстүнкү катмары 1-2 эли кургап бартаканда суу куюлат. Сууну челкилдетип куя берсе тамыры чирип баштайт. Анда-санда топурагы кургак болгону тамырынын нымдуулуктан эс алышына, кышкысын муздабашына өбөлгө болот. Ал эми жалбырактары чачылган сууну жактырбайт.

Энелик гүлдү тазалоо

Барпырап гүл ачуучу сортторунун (махровый) гүлдөрү энелик жана аталык болуп бөлүнөт. Аталык гүлдөр кат-кат болуп бажырайып ачылса, энелик бир кат желекче болуп ортосуна урук түйөт. Энелик гүл урук байлоо үчүн азык-заттын көбүн соруп алат. Урук кереги жок болсо аны үзүп туруу керек. Болбосо энелик гүлдөр көп ачылып, бат гүлдөп бүтөт, ошондой эле сортун жоготушу мүмкүн.

Кыркуу

Гүлдү сабагынан узартпай кыркып турса капталдарынан, алдыларынан жалбырактары өсүп, көбөйүп барпырап чыгат. Кыркылган калемчесин отургузуп көбөйтүп алсаңыз болот.


Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 961, 6-12-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан