Кызсайкал Кабылова, ырчы: «ЭМИ ТУРМУШКА ЧЫКСАМ ЖОЛДОШУМДУ КОЁ БЕРБЕЙМ»

“Эң биринчи маек бергенимде эле “карьера жасайм, ырчы болом, белгилүү болом” дебестен, көп балалуу эне болом дегем. Азыр деле ошол пикирдемин. Очогумдун куту, мээримдүү жар, көп балалуу эне болууну кыялданган Кызсайкалмын. Жашоомдо көп нерсе өзгөрдү, бирок кыялым өзгөргөн жок”,- дейт ырчы. Акыркы жаңылыктары, жашоосу, ширин кызы, максаттары тууралуу маек курдук.

– Салам! Убактым такыр жок деп калдың, эмне иш менен алек болуп жүрөсүң?

– Саламатсыздарбы? Чыгармачылык жактан изденип, бир учурда эки клип тартып тытынып жүргөн убагым. Дароо 3-4 ыр жаздырып жетишкенге аракет кылып жатам. 3 айдан кийин жеке концертимди берем, ошого карата кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Ата-энем сахна адамдары болгондуктан төрөлгөндөн бери эле сахнада жүргөндөй сезим бар (күлүп). Эсимде, чоң сахнага 6 жашымда куудулдардын концертинде чыккам. Кийин өзүмдү сахнадан оолак кармап, качып жүрчүмүн. Толук берилип, ырдап баштаганыма 2 жылдан ашты. Шоу-бизнес мага чоочун эмес, агаларым, үй-бүлөбүз менен ушул багыттан нан таап жегенге ийне-жибине чейин билем десем болот. Аралашуу оор деле болгон жок, бул нерсе меники деп айта алам.

– Акыркы клибиңе кызыңды тартып жаткан экенсиң. Чыгармачылыкка шыгы барбы?

– Альфия 3 жашка толду. Ушунчалык кылыгы чыгып эзилтип жатат. “Кызыма” деген ырыма клип тартып жатканбыз, айрымдар “балаңды чыгарба, көз тиет” дей беришет го. Мен андай нерсени көңүлүмө албайм, көңүлгө албай койсо эле эч нерсе болбойт. Кызымдын жанында көп болгонго аракет кылам. Бирок көп учурда жумуш менен жүрүп калам. Ал апам менен көп убакыт чогуу болот.

– Кызыма үй алдым деп пост жаздың. Келечегине эрте кам көрүп жатасыңбы же атасына болгон “сенсиз деле оокат кылам” деген аялдык ички чыңалуубу?

– Кыз киши ата-энеси тарабынан корголуш керек деп эсептейм. Анткени жашоодо түрдүү нерсе болуп кетиши мүмкүн. Мен атасына эмнеге эрегишет элем? Таштай турган киши таштап эле басып кетип калат экен. Ага көрүнүштү деле ойлогон эмесмин. Бардык энелердей “кызымдын келечеги кең болсун, кем-карчысы болбосун” деп калат экенсиң. Өзүмдүн апам да мени ойлоп турат.

– Эрке, ошол эле учурда өз турмушуна тың кыз маңдайымда отурат. Сага ата-энең кандай тарбия беришти?

– Тарбиядан да, табияттан да болот экен. Кичинемден эле акча таап, өз арабамды түртүп көндүм. Ата-энем “сен акча тап” дешкен эмес, же буга атайылап тарбиялашкан жок. Болгону “жашооңдо ордуңду тап” дешти. Алар тилегендей болбой калды. Бирок алдыда дагы көп нерсе болушу мүмкүн. 5 эркектен кийин жалгыз кыз болгонум үчүн жакшы эле эркемин, сөз көтөрө албайм, ыйлап калам. Азыр жашоого олуттуу карап калдым.

– Эрте турмушка чыктың, кийин ажыраштың. Ошондон кийин окуйм, чет өлкөгө чыгам деген максаттар болдубу?

– Жок, чет өлкөгө эс алууга да чыга элек экенмин. “Окуйм, кыйратып карьера жасайм” деген максат менде болгон эмес. Сиздердин гезитке берген алгачкы маегимде “көп балалуу болом” деген экенмин. Азыр деле мээримдүү жар, көп балалуу эне болгум келет. “Ийгиликтүү аял болоюн, белгилүү болоюн” деп такыр ойлобоптурмун.

– Жашооңдо бирөө барбы?

– Жок, жолуга элекмин.

– Жолуга турган адамың кандай болушу керек?

– Ушундай болуш керек деп шарт коё албайм. Буюрганы болсун. Мен жакшы көргөн адамымды толугу менен кабыл алам. “Ушул жери жакшы, бул жери жаман, анысын оңдош керек” дебейм. Мени да ошондой толук кабыл алган адам болушу керек. Кечээ эле ушул тууралуу ойлонуп койдум эле. Тандаган адамыңа кантип шарт коё аласың? “Сен романтик бол же акылдуу бол” деп айта албайсың да. Аны өзгөртүү мүмкүн эмес да.

– Сен эле аракет кылып, ал аракет кылбай жүрө берген эркекти деле кабыл аласыңбы?

– Эми Кудай мага ошондой күйөө буюруп койсо кабыл албаганда эмне кылмак элем? Анда өзүм иштегенге туура келет. Отуруп алса “тур, иште” деп айта албайм го. Алдап, түшүндүрүп айтып көрөм, болбосо кабыл алам.

– Муну окуган кыргыз эркектеринин 60 пайызы “мен алам” деп чыгат болуш керек. Эркектер өздөрүн кандай болсо ошондой кабыл алдыра албай убара го?

– Кыздар деле 100 пайыз идеалдуу эмес да. Эркек-аял бирин-бири толугу менен кабыл алса гана жашоо болот.

– Сени улам эле бир жигитти сүйдүрүп, жүрдүрүп салышат эмеспи. Сага катуу тиеби?

– Апама катуу тиет. Атам, агаларым шоу-бизнес кандай экенин эң жакшы билишет. Мен “айта беришет” деп көнүп калдым. Апам ызаланып “андай эмес го, ажырашып кетсең эле ушинтип жаза беришеби?” деп ыйлап калат. Эне экен да. Ажырашуу да тагдыр. Эч кимге сын такпаш керек. Ушунчалык такыба адамдар да кээде турмушу болбой ажырашып кетишет.

Алмаз байке (ред.: Шаадаев) менен дуэт ырдап калдык. Болбосо экөөбүздүн ортобузда мамиле болушу мүмкүн эмес. Ошол эле Сагын же башкасы. Булардын баары кесиптештерим. Эч кандай жеке мамиле жок.

– Жаңы мамилеге даярсыңбы?

– Даярмын. Бирок мен сүйгөн же мени сүйгөн киши жок. Ошентсе да эмнегедир даяр болуп калыптырмын.

– Мурункуларды коё бердиңби?

– Коё бердим, меники эмес адамдарды тез эле коё берем. Бирок эми турмушка чыксам, жолдошумду бекем кармап алып коё бербей жашайм го (күлүп).

– Оор учурдан кантип чыктың? Психологго барып же курстарга жазылып, же башка бир нерсе кылып көрдүңбү?

– Жок, андай нерселер мен үчүн эмес. Өзүмө-өзүм психолог болуп оор абалдан чыгып кеттим. Кыйынчылык келсе, демек, бул тагдыр. Андан күйөсүңбү, бышасыңбы, өтүш керек. Күйүш керек болсо күйүп туруп, кайра жаралыш керек болот.

– Азаматсың, маегиңе рахмат! Бактылуу бол!

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Кызсайкал Кабылова: “Меники эмес адамдарды тез эле коё берем”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nariste...12
2021-05-17 12:49:57
Кызсайкал азаматсың! Ичинде кири жок, жан дүйнөсү таза кыздай көрүнөт. Турмушта өз ордуңду тап, бактылуу бол! Кызыңдын маңдайында аман бол. Атасы жардам берип турса болмок...
+5
Begimkyz
2021-05-17 13:41:24
Эң туура, адам кандай болсо ошондой кабыл алышыбыз керек. Аялдык бакытты таап, эми коё бербе! Кудайым ошону буюрсун!!!
+4
Akujan1408
2021-05-17 14:52:36
Эки дуйно бактылуу бол.
+4
Gulina90
2021-05-21 19:32:08
Коз тийбесин,суйлогон созу орду м-н,теңини таап бактылуу бол
+2
Peri9292
2021-10-17 10:28:36
Адам ар дайым ниет кылып жашаш керек. Аллахым ар дайым ниетке жараша берет. Ошондуктан ар дайым жакшыыы ниет кылыш керек
0
№ 962, 13-19-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан