УЧАК, ЯХТА, СУПЕРКАР... ЛИОНЕЛЬ МЕССИДЕ ДАГЫ ЭМНЕ БАР?

Лионель Месси аргентиналык футболчу, Испаниянын “Барселона” футбол клубунун жана Аргентинанын курама командасынын чабуулчусу, капитаны. Эң мыкты бомбардир. Бардык мезгилдин эң мыкты футболчусу. “Алтын топтун” жана “Алтын бутсанын” 6 жолку ээси. Forbes журналынын версиясы боюнча, Месси эң көп акы төлөнүүчү футболчу катары 2020-жылы 126 миллион доллар киреше тапкан. Мунун 92 миңи каталондук клубдан алган айлыгы. Месси кирешени жарнамалардан да табат. Байлыгы болжол менен 200 миллион евродон ашык.

6 МИЛЛИОН ЕВРОЛУК ОСОБНЯК

Өзгөчө курулган бул үй Испаниянын Барселона провинциясындагы Кастельдефельсе шаарында жайгашкан. Балеар деңизинин жээгине жакын. Особняк “Барселона” футбол клубунун “Камп Ноу” стадионунан 19 чакырым алыстыкта турат. Маалыматтарга караганда, Месси коңшуларынын үйү ызы-чуулуу боло бергенден тынч жашоо үчүн алардын да үйүн сатып алган.

Негизинен үйдүн полдору саргыч боз, эмеректер күрөң, дивандар күңүрт боз жана күңүрт күрөң түстө.

Особняк бактар менен курчалган. Үйдүн аймагында футбол талаасы, бассейн, үстү жабык машыгуучу зал, балдары Тьяго, Матео жана Чиро ойной турган оюн аянтчасы бар. Кээде Месси үйүнүн айланасында ити Халк менен сейилдеп убакыт өткөрөт.

77 НОМЕРЛҮҮ 4 ЖЫЛДЫЗДУУ ОТЕЛЬ

Барселона – туристтер эң көп барган шаар. Андыктан бир нече жыл мурун Месси Ситжес муниципалитетинен 4 жылдыздуу отелди 30 миллион еврого сатып алган. Конок үй деңизден 100 метр алыстыкта салынган. Анда 77 номер бар, бир сутка үчүн түнөө акысы 250-300 евро.

16 ЖАНА 14 ОРУНДУУ 2 УЧАК

2018-жылдын аягында Месси 13 миллион еврого 16 орундуу Gulfstream V ( 2004-жылкы модель) учагын сатып алган. Анда убакытты каалагандай өткөрүүгө толук шарттар бар. 16 ыңгайлуу орундукту 8 керебетке айлантууга болот. Учактын куйругунда 10 саны жазылган. Ал сан футболчунун командада ойногон номери. Ал эми учактын трабында балдарынын, аялынын, өзүнүн аты жазылган. Ичинде 2 ванна бөлмөсү, 2 ашкана бар.

Embraer Legacy 650 учагы 14 орундуу. Баасы 28,3 миллион евро. Башкы артыкчылыгы – 1135 килограммдык жүктү батыра алгандыгы.

127 МИҢ ЕВРОЛУК ЯХТА

Maiora Seven C яхтасы Месси үчүн 127 миң еврого турган. Яхта саатына 40 чакырым жүрө алат. Месси Ибица аралына футболчу достору, үй-бүлөсү менен барып эс алууну жактырат жана ал жакка барууга яхтасын колдонот.

УКМУШТУУ АВТОПАРК

Кирешеси көп Месси өзүнө жаккан унааларды топтогон. Алардын эң баалуусу – 1957-жылы чыккан Ferrari 335 S Spider Scaglietti. Бул дүйнөдөгү эң кымбат спорткарлардын бири. Аны 32 миллион еврого сатып алган. Мындай машинадан болгону төртөө чыгарылган. Ferrari F 430 Spider машинасы ээсине 280 миң еврого турган. Audi R8 V10 болсо 220 миң еврону чапчыган.

Maserati GranTurismo 210 миң евро, Audi Q7 90 миң евро, Lexus LX 570 унаасы 66 миң евро, Dodge Charger SRT8 28 миң еврого, Range Rover Vogue 150 миң долларга, Pagani Zonda Roadster 2 миллион долларга алынган. Булардан тышкары Cadillac Escalade, Mercedes SLS, Toyota Prius (электрокар, муну "Тойота" компаниясы белек кылган), Chrysler жана башка унаалары бар. Жалпысынан унааларынын саны 20дай.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Sancho-
2021-05-17 12:35:20
Криштиану Роналдуну да чыгарсанар.
+1
Tyty1990
2021-05-17 13:34:51
Еврейлерди тымызын акчадан колдоп турган Месси болот
+1
Bak.taalai
2021-05-19 22:36:13
Эх ушунча дунуйом болсо жеткидей колдонмокмун. Ашыкча ысырап кылбай калганын ооруп козу жалдырап акча таппай аткандарга берип суйундуруп ошо суйунучту коруп ырахат алып жашаар элем...аттин
+3
Bak.taalai
2021-05-19 22:38:12
Bak.taalai,озгочо кичинекей ооруп жаткан наристенин баарына акча бермекмин
+2
Asmat84
2021-05-23 08:11:52
Ити менен түшкөн сүрөтү кантет
+1
№ 962, 13-19-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан