Психологиялык жактан алып караганда, менин күчтүү жагым - дайыма мыкты болууга умтулуу. Мүмкүн, дал ушундан улам көп жылдардан бери жогорку деңгээлимди сактап келе жатам.
Өзүңүздүн эрежеңизди түзүңүз, максаттарды коюңуз жана ага умтулуңуз. Буларды сиз үчүн эч ким жасап бербейт. Мен да өз эрежелеримди түзгөм.
Кимдир бирөөлөргө мен кандай болсом ошондой жагышым же жакпашым мүмкүн. Жакпай калдым деп уктабай калбайм.
Адамдарга сен канчалык жардам берсең, Кудай сага андан көп берет. Мен чындап муктаж болгондорго керегимди тийгизсем тынч уктайм.
Сени көрө албагандардан кандайдыр бир пайданы көрө билишиң керек. Менин бутум топко тийгенде көрө албастар ышкырып, кыйкырып баштайт. Бул мага маселе эмес, мотивация.
Мен дайыма окуп-үйрөнүү, кемчиликсиз болууга умтулуу, өсүүгө болгон талапты туям. Булар мага машыктыруучуларымды, фанаттарымды кубантуу үчүн эмес, өзүмө өзүм канааттануу үчүн керек.
Мен күтүүсүз кырдаалдарга көнгөм. Анткени бул жашоонун бир бөлүгү.
Жашоо табышмак сымал. Күн сайын жаңы баш катырма чыгат, аны чечип, ордуна коём.
Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.