СУЛУУЛАРГА СУКТАНУУГА АКЫҢ БАР!
Кыргызымдын чырайы жарык, келишкен сулуу кыздарына кимдер гана суктанбайт? Кыргыз шоу-бизнесиндеги акылы менен өң-келбети төп келген, таланты ташкындаган сулууларды тизмектеп чыктык. Көпчүлүктүн сугун арттырган бийкечтердин жигиттерге болгон талабы кандай?
“МАНСАБЫ ЭМЕС, МАКСАТЫ МААНИЛҮҮ”
Аты-жөнү – Диана Салиева (Салидинас)
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы – 1998-жыл, 11-октябрь
Бою – 155 сантиметр
Салмагы – 49 килограмм
Билими – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 4-курсунун студенти
Жакшы көргөн гүлү – пион
Учурда – ырчы
"Үйдө улуусу болгондуктан бардык жумуштарды жасоо колумдан келет”,- деген Салидинастын жүрөгүн багындырууну каалаган жигиттер биринчи кезекте ыймандуу болушу шарт. Өзүнөн 5-6 жаш улуу жана кичүү жигиттер менен сүйлөшө албайт. Сүйүктүүсү айттырбай туюп өтө көрөгөч болушун каалайт. Мансабы эмес, жигиттин алдыга койгон максаты маанилүү. Байлыкты өмүрлүк жары менен бирге топтоого даяр. Сүйүктүүсү үчүн айылга барып кайын ата жана кайын энеси менен чогуу жашап, кызмат кылууга даяр. Бирок шаарда өсүп-чоңойгондуктан көнүү бир аз кыйын болот го деп чочулайт. Ырчыга кандай мырзалар жакпайт деген соболубузга
“сөзүнө турбаган, баштаган ишин аягына чыгарбаган, унчукпай жүрө берген жоош жигиттер жакпайт. Эркек киши аялга кол көтөрбөшү керек. Өзүн сөз менен эмес, иш менен көрсөтүшү кажет” деп жооп берди. Баса, Салидинастын болочок жан шериги ага ырчылыкты ташта дей турган болсо, музыканы таштап, журналистика тармагына кете берет. Арген үндүү ырчы кыздын жүрөгүн багындырам деген жигиттин өң-келбети менен акылы дал келиши керек.
“ӨЗҮМ ТЕҢДҮҮ ЖИГИТТЕР МЕНЕН СҮЙЛӨШӨ АЛБАЙМ”
Аты-жөнү – Датка Иминова
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы – 1997-жыл, 26-ноябрь
Бою – 164 сантиметр
Салмагы – 50 килограмм
Кесиби – экономист
Жакшы көргөн таттуусу – Баклава түрк таттуусу
Жакшы көргөн гүлү – пион
Учурда – актриса
Тасмаларга тартылып, клиптердин көркүн ачкан сулуу кызга акылдуу, ыймандуу жана харизмасы бар мырзалар жагат. “Өзүм теңдүү мырзалар менен сүйлөшө албайм. Алар көзүмө наристедей көрүнө берет” деген актрисага 4-5 жаш улуу мырзалар гүл сунса болот. “Чындыкты бетке айтканды жакшы көрөм” деген бийкеч болочок жолдошу бай болушу керектигин ачык айтты. “Алма быш, оозума түш” деген жигиттер ал үчүн эмес. Тамактын түрүн жасап, камыр жууруп оокатка тың келин боло алат. “Ата-энем жок болгондуктан кайын энем менен кайын атамды бапестеп багып алам. Бирок айылдын жашоосу мен үчүн эмес” дейт.
Майдачыл, көп сүйлөгөн жигиттер Датканы айланып өтө берсеңиздер болот. Жигиттердин келбетине маани бербейт, сүйүктүүсүнүн ички дүйнөсү маанилүү. Бул карлыгач менен кол кармашып бактылуу жашагысы келген жигиттер болочок жубайынын чыгармачылыгын колдошу зарыл. Анткени чыгармачылык жашоосунун бир бөлүгү. Санга эмес, сапатка басым жасаган бийкеч 2-3 баланын энеси болуп, татыктуу тарбия берүүнү каалайт.
“ОРТОНЧУ КЕЛИН БОЛГУМ КЕЛЕТ”
Аты-жөнү – Акылай Калбердиева
Туулган жери – Кыргызстан
Туулган жылы – 2002-жыл, 2-январь
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Билими – Бишкектеги Финансы-
экономикалык техникумунун, КУУнун бүтүрүүчүсү
Жакшы көргөн таттуусу – шоколад
Жакшы көргөн гүлү – пион, роза
Учурда – модель, бийчи
Тал чыбыктай ийиле бийлеп, подиумдан көз күйдүрө кериле баскан Акылайга тамашакөй жана чымыр денелүү мырзалар жагат. Бийкечтин жүрөгүнөн түнөк табам деген мырзалардын бай болушу шарт эмес, негизгиси, акылдуу, ыймандуу жана эмгекчил болушу кажет. Акылай айылда жашагысы келбейт. Бирок кайын эне, кайын атасы менен бирге жашоодон качпайт. Анткени ата-энеси менен жашаган жигиттер жоопкерчиликтүү болот деп түшүнөт. Эң негизгиси, шаарда чоңойгон кыз үй жумушунан качпайт. Заман талабына ылайык, үй техникаларын пайдаланып, тың кожойке боло алат. Акылай тамактын түрүн жасайт. Айрыкча лагман менен палоосун апасы тамшанып жейт. Демек, үч кызды татыктуу тарбиялаган апанын табитине ишенсек болот, жигиттер. Атына заты жарашкан бийкеч өзүмчүл, ач көз, сөзүнө турбаган жана адепсиз жигиттерди жактырбайт. Клиптердин көркүн ачкан бийкеч сүйүктүүсү үчүн чыгармачылыктан кече алат. Анткени чыгармачылыктан башка бардык иштер колунан келет. Жигиттин акылына да, өң-келбетине да маани берген сулуу кайын журтка ортончу келин болууну каалайт. Демек, чамдайбыз, жигиттер!
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Датканын куйосу семьясы барго .
Кыскасы пион гүлүн белекке берсең любой кыз сеники экен да)))
Булар эмне магазиндеги товарларбы?? Что за презентация??