Куудул, ырчы, тамада Жеңишбек Айтиев башынан өткөн оор сыноодон кийин быйыл гана өзүнө келип, чыгармачылыкка аралашып баштаганын айтат. Жакында сегизинчи перзенттүү болгон инсан менен балдары, чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.
– Жеңишбек мырза, кандайсыз? Жакында кырк жылкылуу болдуңуз, куттуктайбыз!
– Рахмат. Кызым 2021-жылы 21-мартта төрөлдү. Атын Акжуурат деп койдук. Сегизинчи ирет ата болдум. Билесиздер, бирөөнү ээсине тапшырганбыз. Буюрса, биздин үйдөн бейиште бирөө бар. Мен ушундай ниет кылам, ушундай ой менен өзүмдү алаксытам. Уулум менен тиги жактан жолугушабыз.
– Сабыр кылыңыз. Көп балалуу ата болдуңуз...
– Ооба, Гүлнара Кахарова эже экөөбүз жарышып жатабыз. Биз ашып кеттик, дагы ашабыз. Кыргыз көбөйсүн да. Мен кичинемден эле 10 балалуу болсом дей берчүмүн. Кээде көп балалуу үй-бүлөлөрдүн тоюн алып барып калам. 10 чакты баласы, 70тей небереси турса, чоң ата-чоң эне батасын берип төрдө отурса – бул чоң бакыт.
– Сизге да ушундай бакыт буюрсун. Балдарыңыздын арасынан чыгармачылыкка жакыны барбы?
– Өтүп кеткен балам чыгармачылыкка жакын болчу, мектептеги иш-чараларга активдүү катышчу. Мага иш-чаралардын программасын жаздырып кетчү. Калган балдарым кызыкпайт. Мен 3 күн үйдө болуп, 3 күн сыртта жүрсөм апасы “артист болбой эле койгула” дейт окшойт. Бирок кийин балдарымдын чыгармачылык жөндөмү байкалып, ушул жол менен кетем десе эч каршы болбойм, өз ыктыярына коём.
– Биз сахнада, тойдо күлүп, күлдүрүп гана жүргөн Жеңишбек мырзаны көрөбүз да. Маанайыңыз түшүп, кайгырган учурда эмне кыласыз?
– Адаммын да, таарынам, ыйлайм, жүрөгүм жанчылат. Андайда унаам менен Ак-Бууранын башына чыгып кетем. Же Бишкекке кетип калам. Бир канча күн телефонумду өчүрүп коём. 2-3 күндөн кийин кайра өзүмө келем. Уулумдан айрылганда стресс болдум, жүрөгүм жанчылды, депрессияга түштүм. Андай абалга түшпөйм деп аракет кылсаң да түшөт экенсиң. Эми өзүмө келип, чыгармачылыкка киришип жатам. Былтыр “Жеңиштин жеңиши – сахнага келиши” аталышында концерт бердим.
– Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктарды күтсөк болот?
– Жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатам. Мындан тышкары өзбекстандык куудулдар менен комедия жанрындагы кино тарталы деп сүйлөшүп жатабыз. Демөөрчү табылса эле Өзбекстанга барып тартабыз.
– Куудулсуз, тамадасыз, ырчысыз. Кайсынысынан мыктымын деп ойлойсуз?
– Мен башынан куудулдукту тандагам. Анан концерттерди алып барып жүрдүм. Концерт алып барып калганда ырчылар ооруп же кийинип жетишпей калышчу. Ошондой учурларда концерттик программаны толтуруп ырдап койчумун. Өзүм жакшы ырдай албайм. Күчтүү ырчымын же күчтүү куудулмун деп да айта албайм. Мен алмадан сабак алдым. Алманын бутагы мөмө алган сайын ийилет экен. Өзүмдү эч качан бийик сезбейм. Карапайым болуп жөө жүргөндү, эл менен бирге жөнөкөй болгонду жакшы көрөм. Аракет кылсам да бой көтөрө албай койдум (күлүп).
– Сизге жол көрсөткөн устатыңыз болдубу?
– Ооба, устат атадан улук дешет. “Жети түс” тобунун көркөм жетекчиси Ашим Ахмедов деген кишини устатым деп эсептейм. Кичине кезиңерде анын аткаруусундагы “Ажырадым” деген ырды уксаңар керек. Мени концертинде алпаруучу кылып сахнага алып чыккан ошол киши болгон. Аны ээрчип Кыргызстанды түрө кыдырдым. Көп нерсени үйрөттү, бышырды. Ал кишиге ыраазымын, ден соолук каалайм.
– “Апаң барбы, атаң барбы, айтып койчу “танцага”. Бул саптар элге жакшы тааныш. Сизди ушул ырыңыз атактуу кылды дегенге кошуласызбы?
– Жараткан бирөөгө оомат берерде бир нерсени себеп кылат экен. Кичинемден ырчылыкка, сахнага кызыкчумун. Кесибин сүйүп, баарына чыдап иштеген адам сөзсүз үзүрүн көрөт экен. Менден ушундай чыгарма чыкты. Мен пикетке эмес, “танцага” чакырдым. Телефондон көзүн албаган “акылдуулар” “ушул да ырбы?” деп сындашты. Бирок элге эч нерсе дей албайбыз. Эл эмне десе жарашат. Ошол ыр атактуу кылды дегенге кошулам.
– “Башка өлкөлөрдүн куудулдарынын сатираларын көчүрүшөт” деген да сөздөр бар...
– Башкалар деле бизден алышат. Силер ошону көрбөйсүңөр. Биз деле кээде керектүү жерин алышыбыз мүмкүн.
– Жаңы тамаша айтып бериңизчи...
– Самара Каримованын үй-бүлөсү менен жакшы катташабыз. Асан агайдын (ред.: Самара Каримованын жолдошу) колунда да иштегем. Самара экөөбүз көп тамашалашабыз. Асан ака “тамашалашканыңар жагат, тамашалаша бергиле” деп уруксат берген. Самарага бир тойдон жолугуп калдым. “Самара, эми таарынба, бир нерсе айтам. Асан ака экинчи аял алат экен. Кимди дебейсиңби?” десем, “кимди?” дейт. “Самара Сабированы алат экен. Самараларда оомат барбы, айтор, Асан ака Самараларга жаман ашык экен. “Только” Самара алам деп жатыптыр. Тим эле кой, алса ала берсин. Эки Самара көп төрөйсүңөр да, музыкалык окуу жай салып аласыңар. Анан анын жанына Асан аканын бажырайган эстелигин коюп коёсуңар” десем каткырат (күлүп).
– Маегиңизге рахмат! Жакшы туруңуз.
Перизат Музуратбекова